"Пулемёттор жана снайпер мылтыктары". Иранда митингчилерге каршы кандай курал колдонулган?

Сүрөттүн булагы, Mamlekate
- Author, Фарзад Сейфикаран
- Role, BBC News Persian Forensic
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
"Күүгүм кирип калганда башталган ок атышуу түн жарымга чейин токтободу. Бул согуш майданын эске салып, катаал болду. Эртеси таңда сыртка чыкканымда ар жерде, жол четинде, көчөлөрдө, чоң жолдордо жана дубалдарда, кандын издери калган экен. Бардык жер канга боелуп калыптыр".
Ирандын батышындагы Карменшах шаарындагы күбө 8-январда Дара Дериж жергесиндеги окуяларды коопсуздук кызматы күч менен басканын Би-Би-Синин Фарс кызматына сүрөттөп берди.
Өлкө боюнча интернетти өчүргөнгө аз калганда коомдук желеге көптөгөн видеолор чыгып кетти. Видеолордон митингге чыккандар коопсуздук күчтөрүнүн огунан жаракат алып, канга боелуп жатканын көрүүгө болот. Андан кийин эле баары тынчып калды.
Иранда улуттук валюта кунун жоготуп, экономикалык кыйынчылыктардан улам декабрдын аягында башталган нааразылык акцияларынын соңку айлампасы тез эле өкмөткө каршы төңкөрүшкө айланып кетти.
Анын артынан коопсуздук кызматынын күч менен басуудагы зомбулуктун даражасы, айрыкча 8-9-январь күндөрү байкалган окуялар азыркы Ирандын тарыхында биринчи жолу болууда.
Акциялар болуп өткөн 200дөн ашуун шаарларда митингчилердин каза болгону кабарланган. Каза болгондордун так саны белгисиз бойдон. Сүрөттөрдө тартылып калган жогорку деңгээлдеги ырайымсыздык жана оор куралдардын колдонулушу, адам укуктары боюнча уюмдар топтогон күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана баяндамалар, массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтар өлкө боюнча миңдеген адамдар каза болгонун көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, Social media via Reuters
Өкмөт интернет менен байланыш тармактарын өчүргөндөн кийин эки күндүк жымжырт болду. Андан соң дүйнө жүзү өлкө борбору Тегерандагы Кахризак соттук-медициналык борборунун сыртында жерде жаткан кара баштыктагы жүздөгөн сөөктөрдүн видеосу чыгып кеткенин көрүп, айран-таң калып турду.
Баштыктардын көбү ачык болчу. Канжалаган денелер, айрымдары жылаңач, дене мүчөлөрү ажыраган. Айласы кеткен үй-бүлө мүчөлөрү сөөктөрдүн арасынан жакындарын издеп жүргөн жер канга боелуп турган.
"Бул азыркы Ирандын тарыхындагы эң ири массалык кыргын жана дүйнөдөгү эң чоңдорунун бири", – деди BBC News Persian Forensic тобуна Паям Ахаван. Ал иран тектүү канадалык жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда эмгектенген БУУнун мурдагы прокурору.
Иран өкмөтүнүн айтымында, "митингчилер менен террористтер" коопсуздук кызматына жана жарандарга ок чыгарышкан.
Бирок жүздөгөн видеолорду жана фотосүрөттөрдү талдаган BBC News Persian Forensic тобу коопсуздук кызматы кыйратуучу жана жөнөкөй курал-жарактарды колдонгонун аныктап чыкты. Куралдардын арасында төмөнкүлөр болгон:
- пулеметтор
- снайпер мылтыктары
- чабуул мылтыктары
- мылтыктар
- тапанчалар
- бытыра аткан пейнтбол мылтыктары
- жаш агызуучу газ
- канжарлар
- бычактар
- союлдар
- чоң жыгач союлдар
- мээлөөчү жашыл лазерлер (көз оорутуп, бутага алуу максатында)

Сүрөттүн булагы, Vahid Online / Fars News Agency
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тегеран, Исфахан, Язданшахр жана Шахсавар сыяктуу шаарлардан тартылган жана BBC News Persian Forensic тобу ырастаган кадрлардан DShK сыяктуу оор дагы, PK сыяктуу орточо дагы пулеметтор пикап унааларга орнотулганын көрүүгө болот.
Коопсуздук күчтөрү бул куралдарды топтолгон элди көзөмөлдөө жана курчоо үчүн колдонгону кабарланган.
Vahid Online телеграм каналы 8-январь күчү кечинде Тегерандын Садегия аянтында бир кара пикап унаасынын артында пулемет орнотулганы тартылган эки фотосүрөт бөлүштү.
BBC News Persian Forensic тобу бул сүрөттөрдү Ирандын жарым-жартылай расмий Fars маалымат агенттиги чыгарган фотосүрөттөр менен салыштырып көрдү. Анда Имам Али коопсуздук батальонунун парадында көрсөтүлгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык дээрлик ушундай эле кара пикаптарды байкоого болот. Алар ушундай эле куралдар менен жабдылган. Janes коргоо-чалгын компаниясынын курал-жарак тобунун жетекчиси Амаел Котларски сүрөттөрдөгү куралдарды Иранда лицензия менен өндүрүлгөн DShKM үлгүсү экенин аныктады.

Сүрөттүн булагы, Iran International
Ирандын англис тилиндеги Iran International мамлекеттик телеканалы 9-январда Исфахан облусуна караштуу Язданшахр шаарындагы митингдерден чыгарган видеодо митингчилер пулеметтун туруктуу аткылоосунда калганын ачык эле көрүүгө болот. 46-секундада атылган октор байкалат.
Британиядагы классикалык ок атуучу курал-жарактарды талдоо жана оңдоп калыбына келтирүү боюнча адистешкен Thames Valley Guns компаниясынын өкүлү дагы BBC News Persian Forensic тобуна DShK үлгүсүндөгү пулеметтор менен жабдылган унаалар митингдеги видеолордон көрүнгөнүн билдирди.

Сүрөттүн булагы, Mamlekate
Ырасталган бир видеодо кимдир бирөө Калашников АК-47нин эки колдонулган жезин жана 1 колдонула элек жезин көрсөтүп, коопсуздук күчтөрү аларды Тегерандын Бехешт аянтында атканын түшүндүрүп берет.
Thames Valley Guns компаниясы чоң кара снаряд 20 миллиметрлик автоматтык замбиректин ок-дарысы экенин тастыктады. Чекесиндеги кесилген издери анын атылганын билдирет.
"Мындай ок-дарылар имараттарды, унааларды жана бекем түзүмдөрдү, анын ичинде жеңил жабдылган брондолгон транспортторду талкалоо үчүн ылайыкталган", – деп билдирди компаниянын өкүлү.
"Алар жеке курамга каршы колдонуу үчүн жасалган эмес, ошентсе да адамдарга каршы муну колдонуунун кесепети катастрофага жол ачат".
Снайпер мылтыктар

Сүрөттүн булагы, BBC News Persian Forensic тарабынан алынган сүрөт
Күбөлөр BBC News Persian Forensic тобуна айтып беришкендей, снайпер мылтыктар январдагы акцияларда кеңири колдонулган жана бул ырасталган видеолор менен тастыкталып турат.
BBC News Persian Forensic тарабынан ырасталган жана түндүк-чыгыштагы Машхад шаарында 9-январда тартылган бир видеодо мейманкананын чатырында турган эки формачан кишинин турганын көрүүгө болот. Мындай форманы коопсуздук кызматынын бир нече түзүмү, анын ичинде Иран революциясынын сакчылар корпусундагылар кийишет. Алардын биринин жанында Драгунов снайпер мылтыгы дубалга жөлөнүп турат.
Иран мамлекеттик телеканалына курган маегинде криминалистика адиси снайперлер митингчилерди атып өлтүргөнүн ырастаган. 8-январда батыш Курдистан аймагындагы Саккез жергесинен Тегеранга келген Ибрахим Пурахмадиандын үй-бүлөсү BBC News Persian Forensic тобуна билдиргендей, снайпер Ибрахимдин башына аткан. Жанында уулу бар болчу. BBC News Persian Forensic тобу алган Пурахмадиандын фотосүрөттөрү так эле маңдайынын ортосуна атылган бир октун изи болгонун ырастайт.
Thames Valley Guns компаниясынын өкүлү жакшы жайгашкан снайпердин психологиялык таасиринин түшүндүрүп берди: "Даярдыксыз жарандар үчүн таасири ого бетер олуттуу", – деди ал. "Көп адамдар алыстагы, көрүнбөгөн коркунучка кандай реакция кылуу жөнүндө түшүнүгү жок. Натыйжада, коркунуч жаралып, массалык дүрбөлөңгө жол ачылат".
Чабуул мылтыктары

Ирандагы бардык аскердик жана тартип коргоо органдары үчүн Калашников мылтыгы стандарттык курал. BBC News Persian Forensic тобу көптөгөн видеолорду талдап чыкты. Видеолордо полиция менен Ислам революциясынын сакчылар корпусу колдонгон АК-47 Калашниковдор менен Иранда өндүрүлгөн KL варианттарын көрүүгө болот.
Түндүктөгү Амол шаарында 9-январь күнү тартылган бир видеодо коопсуздук кызматкери митингчилерди көздөй Калашниковдон ок чыгарып жатканын көрүүгө болот. Көчөлөрдөн алынган жездердин сүрөттөрүн талдагандан кийин Котларски алар 7,62x39 мм калибрдеги патрон экенин ырастады. Бул Калашников сыяктуу мылтыктар үчүн чыгарылган атайын калибр.
Мылтыктар

Сүрөттүн булагы, Vahid Online
BBC News Persian Forensic тобу мылтыктар кеңири колдонулганын аныктады.
Өлкө батышындагы Лордеганда 1-январда жана Абаданда 7-январда тартылган видеодо полиция кызматкерлери митинг учурунда көчөлөрдө мылтыктарды пайдаланганын көрүүгө болот. Котларски бир нече үлгүсүн, анын ичинде Иранда өндүрүлгөн стандарттык жана кыска стволдуу Махер мылтыгын аныктай алды.

Сүрөттүн булагы, BBC News Persian Forensic тарабынан алынган сүрөт
2022-жылкы "Аял, жашоо, эркиндик" аттуу митингдерди күч менен басуу учурунда дагы көргөнүбүздөй, январда мылтыктардын кеңири колдонулушу көптөгөн митингчилердин өлүмүнө алып келип, жүздөгөн адамдар көздөрүнөн жаракат алышты.
9-10-январда Фараби көз ооруканасына чечекейи жарылып, тез жардамга болжолдуу бир миңдей бейтап кайрылган. Бул туурасында оорукананын башчысы, доктор Гашем Фахари Ирандагы жарым-жартылай расмий студентик маалымат агенттигине билдирген. BBC News Persian Forensic тобу Мешхеддеги каршылык акциясында жаракат алган бир нече кишинин компьютердик-томографиялык сүрөттөрүн жана медициналык карталарын алды. Анда көзгө сайылып калган металл сыныктарды даана эле көрүүгө болот.
Тапанчалар
8-январда Керманшахта тартылган эки видеодо жарандык формадагы коопсуздук кызматкерлери бери эле дегенде тапанчанын эки түрү менен куралданганын көрүүгө болот. Талдоочулар билдиргендей, тапанчалар Beretta 50 же CZ 75 куралдарын эске салат.
Канжарлар

Сүрөттүн булагы, Vahid Online
Көптөгөн митингчилер BBC News Persian Forensic тобуна айтып беришкендей, аларга бычактар жана канжарлар менен кол салышкан. BBC News Persian Forensic тарабынан алынган фотосүрөттөрдө адамдар канжарлардан жана октордон жаракат алганын көрүүгө болот.
Тегеранда тартылган CCTV кадрлары жарандык формадагы коопсуздук кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бир бөлүгүндө баш калкалоого аракеттенген митингчилерге канжарлар менен кол салып жатканын көрсөтөт.
Борбордо 8-январда тартылган дагы бир видеодо жарандык формадагы коопсуздук кызматкери митингдеги аял кишинин башына канжар менен уруп жатканын көрүүгө болот. Аскердик формачан башка коопсуздук кызамткерлерин да көрүүгө болот.
Союлдар
BBC News Persian Forensic тарабынан алынган видеолордон адамдарды союлдар менен сабап жатканын көрүүгө болот. Бери эле дегенде бир митингчи Сагар Сейфоллахи ушинтип сабалып каза болгон.




























