Кеминде кубаттуулугу 100 МВт болгон өлкөдөгү биринчи күн электр станциясы ишке кирди

Күн электр станциясы. Кемин

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн электр станциясы. Кемин

24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы ири күн электр станциясынын расмий ачылыш аземи өттү. Өлкө акыркы жылдары электр энергиясынын тартыштыгынан улам кыйынчылыктарга дуушар болууда. Кыргызстан бир жылда 4 млрд киловатт саат электр энергиясын импорттоого аргасыз.

Кеминдеги күн электр станциясынын ачылыш иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышып, бул окуяны өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай ташталган тарыхый кадам катары мүнөздөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан ушул күнгө чейин электр энергиясын негизинен агын суулардан алып келгенин, эми альтернативдүү булактарга өтүү стратегиялык максат экенин белгиледи.

"Бул саамалык – биз үчүн абдан сонун жаңылык, тарыхый күн. Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз. Жаркырап тийип турган күндүн жарыгы эми электр кубатына айланып, өндүрүш тармагынын жигердүүлүгүн арттырсын", - деди Садыр Жапаров.

"Этернал Энергия" компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион АКШ долларын түзөт. Президенттин айтымында, бул күн электр станциясынан электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет. Бул бүтүндөй бир райондун керектөөсүн жабууга жетери айтылды.

Президент Токтогул ГЭСинин модернизациясы ийгиликтүү өтүп, кубаттуулугу 1440 МВт чейин жогорулаганын, муну менен башкы ГЭСтин өмүрү дагы 50 жылга узартылганын эске салды.

Ошондой эле учурда жеке инвесторлор менен жалпы кубаттуулугу 5 ГВт ашык күн жана шамал станцияларын куруу боюнча 12 инвестициялык келишим түзүлгөнүн билдирди.

Президент Садыр Жапаров. Кемин

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн электр станциясы. Кемин

Кыргызстан акыркы жылдары электр энергиясынын тартыштыгынан улам кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 млрд киловатт сааттан ашат. Ал эми өлкө 14 млрд киловатт саатт гана өндүрөт. Бул - керектөө өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд. киловатт саат көп дегенди билдирет. Ошондуктан өлкө күн электр станцияларын, чакан ГЭСтерди курууну колдоп келе жатат. Атүгүл акыркы жылдары атомдук электр станциясын куруу боюнча да сөздөр бар.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин буга чейин айтканына караганда, Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард куб метрге аз. Максат — 1-апрелге чейин көлөмдү 7 миллиард куб метр деңгээлинде сактап калуу.

Кыргызстанда 1-ноябрдан бери электр кубатына чектөө кирген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Кийин 6-ноябрда энергияны үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да жайылтылган.

Андан соң, 13-ноябрда Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коомдук тамактануу жайлары да кечки саат ондон кийин ишин токтотуп, электр кубатын үнөмдөшү керектигин айткан.

Буга улай жер-жерлерде коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларында рейд жүрүп, Ош шаарында кечки ондон кийин иштеп жаткан кафе-ресторандардын электр энергиясы бир айга өчүрүлгөн.

Бул элдин нааразылыгын жараткан соң президент тынч иштеп жаткан коомдук тамактануу жайларынын ишине тоскоолдук жаратпоону эскерткен.

Электр кубатына киргизилген чектөөнүн фонунда бийлик өлкөдөгү майнинг фермалар да ишин токтотконун жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакында эле УТРКга берген маегинде электр энергиясынын импорту тууралуу айтты:

"Биз Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясын алып жатабыз. Кыштан ийгиликтүү чыгабыз деп ойлойм. Өчүрүүлөр болбойт", — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Күн электр станциясы. Кемин

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн электр станциясы. Кемин