Орусия Киевди ракета жана дрондор менен аткылады. Кош бойлуу аял жабыркады

Киев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киев, 14-ноябрь, 2025-жыл

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко жумага караган түнү Украинанын борборуна жасалган Орусиянын соккусунан кеминде 11 адам жаракат алганын кабарлады.

Кличконун айтымында, жабыркагандардын бешөө ооруканага жеткирилди, алардын бири эркек киши, анын абалы оор. Ооруканага жаткырылгандардын арасында кош бойлуу аял да бар.

Мэр жапырт чабуул маалында Киевде бир катар жылуулук түйүндөрү зыянга учураганын билдирди. Деснян районуна караштуу айрым имараттарда жылуулук берүү токтоп калды.

Reuters агенттиги расмий маалыматтарга шилтеме жасоо менен билдиргендей, орус күчтөрү жумага караган түнү дрондорду жана ракеталарды колдонуп, Киевге жапырт сокку урган. Натыйжада турак үйлөр жабыркап, борбордун бир нече райондорунда жарылуулар жана өрт тутанды.

Ал ортодо Орусиянын Краснодар крайынын Оперативдүү штабы Украина тарап Новороссийск портун бутага алган сокку маалында "жарандык кеме" зыянга учурап, анын экипаж мүчөлөрүнүн үчөө жаракат алганын кабарлады.

"Алар ооруканага жеткирилип, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деп жазды Оперативдүү штаб. Бирок алар кайсы кеме тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Буга чейин Краснодар крайынын бийлиги украин дрондору Новороссийск деңиз портунда жайгашкан "Шесхарис" мунай терминалын зыянга учуратканын маалымдаган.

Жумага караган түнү Оперативдүү штаб мунай базасындагы өрт өчүрүлгөнүн билдирген.

Орусиянын Украинана карата толук масштабдуу агрессиясы 2022-жылдын февраль айында башталган. Ошондон бери согушту сүйлөшүү жолу менен жайгаруу аракетинен майнап чыкпай жатат