Вашингтондо кыйраган учактар: борттогулар тууралуу эмне белгилүү?

Куткаруу иштери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Вашингтондо кыйраган учакта 60 жүргүнчү, төрт экипаж мүчөсү болгон, тик учакта болсо үч аскер кызматкери бар эле. Bombardier CRJ700 учагында муз тебүү боюнча АКШ чемпионатынан кайтып келе жаткан спортчулар жана машыктыруучулар болгон. Дарыяга кулап түшкөн учактардан 30 кишинин сөөгүн алып чыгышты, тирүү калган бир дагы киши табыла элек.

Колумбия округунун өрт кызматынын башчысы Жон Доннеллинин айтымында, куткаруучулар дарыяга кулап түшкөн учактан 27 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Тик учактан бир кишинин сөөгүн табышты.

"Биз азыр сөөктөрдү алып чыгып жатабыз. Бул кырсыктан аман калгандар жок деп ойлойбуз",- деди ал маалымат жыйынында.

NBC News4 телеканалынын Вашингтондогу филиалы буга чейин дарыядан отуздан ашык адамдын сөөгү чыгарылганын кабарлаган. Азырынча аман калган бир дагы киши табыла элек.

Кырсыктан кийин дароо эле сенатор Рожер Маршалл учактагылардын баары болбосо да көбү өлгөн деп билдирген эле.

Суу муздак, айлана караңгы болгон үчүн куткаруу жана издөө иштери татаалдашты. Доннелли билдиргендей, башында 300 куткаруучу кайыкка түшүп алып адамдарды издеп жатты.

"Кырсык болгон жерге баруу абдан кыйын болду, себеби күн суук, шамал катуу, сууда болсо муздун чоң бөлүктөрү бар эле. Бул куткаруучулардын өзү үчүн да кооптуу, иштөө кыйын", - деп түшүндүрдү Жон Доннелли.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында PSA Airlines жүргүнчү учагы конуу үчүн аэропортко жакындап келе жатканда Sikorsky H-60 (Black Hawk) тик учагы менен кагылышканын билдирген.

Bombardier CRJ700 учагы Вичитадан (Канзас штаты) Вашингтонго учуп келе жаткан эле. Кагылышуу Рейган улуттук аэропортунда учуп-конуу тилкесине жакындаганда болгон.

Аталган аэропортто бардык каттамдар токтоду. American Airlines авиакомпаниясы учакта 64 киши, анын алтымышы жүргүнчү жана төртөө экипаж мүчөсү болгонун ырастады. Тик учактын бортунда америкалык үч аскер кызматкери болгонун Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер Reuters агенттигине билдирди.

Пентагон бул тик учакты Виржиния штатындагы Форт-Белвуар базасынан учуп чыкканын билдирди. Аскер кызматкерлеринин айтымында, тик учак машыгуу үчүн учуп жүргөн болчу.

Аэропортко чогулган жүргүнчүлөрдүн жакындары кырсык тууралуу расмий бийликтен эч кандай маалымат албаганын айтып, жаңылыктарды карагандан башка аргабыз жок дешет.

Карта

Учакта кимдер болгон?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кырсыктан улам каза болгондор же жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок, бийлик жүргүнчүлөрдүн аты-жөнүн айта элек .

АКШнын көркөм муз тебүү федерациясы American Airlines 5342 рейсинин бортунда спортчулар менен машыктыруучулар болгонун тастыктады:

"Бул спортчулар, машыктыруучулар жана алардын үй-бүлөлөрү Канзас штатынын Вичита шаарында өткөн АКШнын көркөм муз тебүү боюнча чемпионатына катышып, үйлөрүнө кайтып жатышкан".

20-26-январда Вичита шаарында Prevagen 2025 - АКШнын көркөм муз тебүү боюнча чемпионаты өттү.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги анонимдүү булагына таянып, көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов да учакта болгонун ырастады. Азырынча бул маалымат тастыктала элек. Шишкова менен Наумов 1994-жылы көркөм муз тебүү боюнча жуптар арасында дүйнө чемпиондугун утуп алышкан.

"Тилекке каршы бул кайгылуу маалыматтар тастыкталганын угуп жатабыз. Ал жерде биздин башка мекендештерибиз да бар болчу", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Трамп "коркунучтуу кырсык" тууралуу маалымат алганын айтып, куткаруучуларга "укмуштуудай кызматы" үчүн ыраазычылык билдирди:

"Учак аэропортко өзүнүн жолу менен бара жаткан. Тик учак узак убакыт бою жүргүнчү учакты көздөй учуп жатты. Учакта жарык күйүп турган. Эмне үчүн тик учак өйдө же төмөн кетпеди, эмнеге бурулган жок? Эмне үчүн диспетчердик мунара тик учактын экипажына эмне кылуу керек экенин айткан эмес? Алар эмнеге учак көрүнүп жатабы деп эле сурады? Бул оор жагдай, аны алдын алуу керек болчу".

Жаңы дайындалган коргоо министри Пит Хегсет жана Транспорт министри Шон Даффи дагы кырдаалга көз салып жатканын айтышты.

Тик учактын экипажы жүргүнчү учактын жакын жерде келе жатканын билген, аны башкаруу мунарасы менен Black Hawk ортосундагы радио байланыш көрсөтүп турат, деп жазды Reuters.

Сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Live ATC сайтында жарыяланган сүйлөшүүнүн аудио жаздыруусуна ылайык, диспетчер тик учактын пилотунан American Airlines жүргүнчү учагын көрүп жатасыңбы деп сураган, бирок жооп алган эмес.

"PAT25, сиз CRJди көрүп жатасызбы? PAT25, CRJ артына өтүңүз", - деп диспетчер команда берген. PAT25 - тик учактын белгиси, CRJ - American Airlines 5342 рейсинин белгиси.

Андан көп өтпөй диспетчер учактардын кагышканын билдирген. Жабдык аркылуу аэропорттогу кызматкерлерге билдирүү жиберген.

Вашингтондогу Кеннеди борборуна орнотулган веб-камера Потомактын үстүндөгү жарылууну болжол менен саат 20:47де тартып алган.

2009-жылдын февраль айынан бери АКШда бир дагы жүргүнчү учагы кыйраган эмес, бирок кырсык болуп кете жаздаган учурлар катталган.

1982-жылы Air Florida авиакомпаниясынын учагы Потомак дарыясындагы көпүрөгө кулап, 70 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү каза болгон. Төрт жүргүнчү жана бир экипаж мүчөсү гана аман калган.

American Airlines компаниясынын башкы директору Роберт Айсом кырсык тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Биз транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңештин иликтөөсүндө кызматташып жатабыз жана мүмкүн болгон бардык маалыматты берүүнү улантабыз".

Айсом буга чейин "Биз эмне үчүн аскердик учак жүргүнчү учактын жолуна түшүп калганын билбейбиз" деген эле.

CBS телеканалы кабарлагандай, суучулдар учактын эки кара кутусунун бирин алып чыгышты.