Орусиянын Коргонуу министрлиги түн ичи 85 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын Коргонуу министрлиги өткөн түнү 23.30дан 7.00гө чейин Орусиянын сегиз аймагында украиналык 85 дрон "атып түшүрүлүп, жок кылынганын" билдирди. Расмий маалыматка ылайык, 40 дрон Воронеж облусунун аймагында жок кылынды. Аймактын губернатору Александр Гусев телеграмда дрондордун чабуулунан жоготуулар болбогонун билдирди.
"Региондун түштүк жагында көп кабаттуу үйдүн төрт батиринде айнектер талкаланды, эки гараж, анын ичиндеги машиналары менен талкаланды" - деп жазды гебурнатор. - Коңшу райондо жеке турак жайдын терезелери сынып, чатыры жабыркады".
Орус тарап дагы 20 дрон Нижегородскто атып түшүрүлгөнүн айтты. Буга чейин мындагы мунай иштетүүчү заводдорго чабуул болгону тууралуу маалымат тарап, бирок Орусиянын Коргонуу министрлиги мындай мазмундагы жаңылыктарды четке какты.
Белгород областунда 10 дрон, Курскиде - алты, Липецкте - төрт, Волгоград менен Башкыртстанда экиден, Саратов облусунла бир дрон жок кылынды.
Буга чейин Башкыртстандагы нефтехимиялык заводунда жарылуу орун алып, ага дрондор себепчи болгону тууралуу маалымат тараган. Башкырстандын президенти Радий Хабиров нефтехимиялык заводунда жарылуу дрондордун чабуулунан кийин орун алганын ырастады.
"Коргоо министрлигинин жана заводдун коопсуздук кызматынын күчтөрү ал эки дронду атып түшүрүштү. Алардын урунду калдыктары көмөкчү цех жайгашкан өндүрүш жайына кулап түштү",- деди Хабиров бул тууралуу телеграмда, бирок ал окуя кайсы заводдоторун алганын тактаган жок.
Шаар бийлиги буга чейин Стерлитамакс мунайхимиялык заводундагы жарылуудан суу тазалоочу цех кыйраганын маалымдаган. Бирок ал жаңылыкта украиналык дрондор тууралуу сөз болгон эмес.
"Каза тапкандар жана жарадар алгандар катталган жок, ишкана кадимки тартипте иш алып баруда"- дейт Хабиров. Мэрия болсо жарылуу маалында цехте беш киши болгонун кабарлады.
Стерлитамак - Уфадан кийинки эле Башкортостандагы экинчи ири шаар, ал химиялык өнөр жай жана машина куруу заводдору менен белгилүү.
Росавиация буга чейин Уфа аба майданына учуулар токтотулганын билдирген. Адатта мындай чаралар дрондордун чабуулу маалында киргизилет. Соңку суткада Орусия аймагындагы дагы эки аба майданына: Казаньдагы жана Татарстандагы Нижнекамск аэпортуна учуулар токтотулду. Түнү Волгоград, Тамбов, Пенза, Саратов жана Самарага учууларга чектөөлөр кирген.

Сүрөттүн булагы, РИА Новости
Ал арада украиналаык телеграм-каналдар дрондор Нижний Новгороддогу мунай иштетүүчү заводдору бар Кстово шаарына да чабуул жасалганы тууралуу күбөлөргө шилтеме берип жазып чыгышкан. Бирок жергиликтүү бийлик дрондордун чабуулу тууралуу маалыматты тастыктаган эмес.
Казакстанга чектеш Оренбург облусунда дагы дрондордун чабуулу орун алат деген тобокелчилик жаралды. Бул тууралуу региондун губернатору Евгений Солнцев телеграмда жазып чыкты.
Дүйшөмбүгө караган түнү дагы губернатор ушундай эле мазмунда эскертүү берген.












