"Гарвардга өттүм, бирок "Эл үмүтү" стипендиясына илинбей калдым"
Жылдыз Арыстанбекова Гарвард университети аны Кыргызстандан алгачкы студент катары Education Leadership, Organizations, and Entrepreunership программасына кабыл алганына сүйүнүп жаткан кези.
Бирок ал Кыргызстандагы зирек жаштарды колдоого багытталган өкмөттүк "Эл үмүтү" стипендиясына илинбей калганына бир аз капаланып турат.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Менин Гарварддагы окуума "Эл Үмүтү" стипендиясын беришкен жок...Быйыл "Эл Үмүтүн" дүйнөдөгү мыкты 100 окуу жайга кирбеген кандидаттар да алышкандыгы тууралуу кабарым бар. Азыр окуумду улантуум чоң тобокелчилик алдында турат. Себеби, окуумдун чыгымдарын жаап берет деген терең ишеним менен тапшырган "Эл Үмүтү" стипендиясын мага берүүдөн баш тартышты".
Коомдук сайттарда дүйнөдөгү алдыңкы делген окуу жайга өткөнүнө карабай өкмөттүк бул стипендия тийбей калган жаш кыздын окуясы "Эл үмүтү" канчалык калыс бөлүштүрүлүп жатат өңдүү талкууларга жем ачты.
Ибраим Нуракун уулунун дагы кызы былтыр бул стипендияга тапшырып, утпай калган:
"Биздин дагы тажрыйбабызда бар, кызыбыз АКШдагы юридикалык багыттагы мыкты университетке өтүп кеткен. Бирок ал да "Эл үмүтүн" албай калган. Өтө өкүнүчтүү болуп калат экен. Себеби, ким өттү бизден башка эмне үчүн биздин кызыбыз өтпөй калды деген суроолорго жооп деле болбойт экен. Биз толук ачык маалымат ала алган жокпуз. Булар өттү, алар сенден эмне үчүн татыктуу болду деген түшүндүрмө болушу керек да. Ошондой болгон үчүн бирөөлөргө ушул стипендияга тапшыр деп айткандан да сак болуп калат экенсиң".
"100 пайыз калыс"
Кыргызстанда "Эл үмүтү" эл аралык стипендиялардын жаңы программасы Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы демилгеленген.
Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталат, бирок анын жогорку чеги жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш.
"Үч жылдын ичинде 37 жаш стипендия алды, быйыл дагы 30 бала өтүп атат. Бул жакшы эле жардам. Бирок 100 бала тапшырса анын баары эле өтө албайт да. Бул сынак. Баары калыс өтөт. Стипендияны бөлүштүрүү үчүн коллегиалдык комиссия иш алып барат. Муну бир киши же жалгыз орган министрлик чечип койбойт"- деди Илим министрлигинин өкүлү Айзат Маматкеримова.
Айтымында, талапкерлердин арызы эки комиссиядан өтөт, алгач министрлик деңгээлинде документтер атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп, андан кийин тизме республикалык комиссияга жолдонуп, ал акыркы чечим чыгарат. Ал комиссия курамына парламент жана өкмөт өкүлдөрү кирген, төрагасы - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Сүрөттүн булагы, Official
Атай Султанбаев – "Эл үмүтү" стипендианты катары комиссиялардын калыстыгынан шек санабайт. Учурда ал АКШнын Пенсильвания штатына караштуу университетте "Укук жана мамлекеттик саясат" багытында магистратурада окуйт:
"Сынак жыл сайын өтүп, ар жолу акыйкат эле чечимдер чыгып атат. 100 пайыз калыс деп ишенимдүү жооп бере алам. Мен Таластын Айтматов районунан Бакыян айылынан келип айылдык бала болуп келип эле сынактан өтүп кеткенинин мисалымын".
Айтымында, стипендия алкагында ал бекер эле билим албастан, транспорт жана жашаган жерине кеткен чыгымдарын да жаба алат.
Ошентип, стипендияга жеткендердин кубанычы койнуна батпай, ал эми сынактан жыдып калгандар өз алдынча каражат издеп жатышат.
Ата-энелердин сунушу: "жыйынтыгын эрте жарыялашса"
Ал арада балдары бул стипендияга илинбей калган ата-энелер "Эл үмүтү" туурасында өкмөткө сунуштар келтиргиси келет.
Ибраим Нуракун уулу сынактын жыйынтыгы комиссия эртелей жарыяласа студенттер үчүн кыйла ыңгайлуу болмокпу деген пикирде:
"Себеби мындай кичине билимдүүрөөк балдар алты-жети университетке тапшырып, ошонун кеминде төрт-бешине өтүп койгон болот. Анан күтүшөт жыйынтыкты, чоң үмүт менен. Биздин баштан өткөн да. Күтүүнүн артында виза, жашай турган жер, учакка билет деген убарачылыктары да бар. Зарыктырбай, тээ апрель-майда жарыяланган конкурстун жыйынтыгын июнда эле айтып коюшса, уткандардын тизмесин чыгарып, маселе болмок эмес. Азыр бул Жылдыз деген кыз Гарварддан да жок, башкадан да жок калышы мүмкүн да, ошого жандары ачып жатса керек. Айтып чыкканы эң туура болду".

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда зиректүү жаштардын сырттан билим алуусуна мамлекет эсебинен каржылай көмөк көрсөтүү саамалык эмес. Буга чейин өлкөдө туңгуч президент Аскар Акаев тарабынан негизделген "XXI кылымдын кадрлары" аттуу улуттук программа иштеген. Бирок кезинде ага жалаң бийликте отурган чиновниктердин балдары гана илинет деген пикирлер үстөмдүк кылып, анын калыстыгынан шек саноолор болуп келген.
Акылдуу жаштарды стипендия берип колдоо программалары Борбор Азияда коңшуларда да бар. Казактарда ал "Болашак", ал эми өзбектерде "Эл-юрт умиди" деп аталат. Мында да маал-маалы менен бул стипендияга сынак канчалык акыйкат өтөт суроолор көтөрүлүп турат.
Гарвардка өткөн, бирок "Эл үмүтү" стипендиясына илинбей калган Жылдыз Арыстанбековага колдоо айткан замандаштары ага коомдук сайттар аркылуу элдик эсеп ачууну сунуштап жатат. Бирок аз өзү краудфандингге көп ынабай турат.
Буга чейин дагы бир кыргызстандык Айзада Марат Гарвардга тапшырып, окуусуна кеткен чыгымдары үчүн элден акча чогултканы эсте.








