Аскердик полигондун аймагындагы курорт: Түндүк Корея орусиялык туристтерди тартууга кантип аракет кылууда?

Сүрөттүн булагы, Анастасия Самсонованын жеке архиви, Getty Images
- Author, Ярослава Кирюхина
- Role, Би-Би-Си орус кызматы
Түндүк Корея орусиялыктар үчүн "Вонсан-Кальма" аталышындагы жаңы деңиз курортун ачты. Азырынча ал жерге Орусиядан болгону уюштурулган туристтердин эки тобу жөнөтүлдү. Ансыз курортко барууга мүмкүн эмес. Бирок бул турлар өзгөчө ажиотаж жараткан жок: биринчисинде 15 киши, экинчисинде алдын ала маалымат боюнча 20дай адам барган. Орусия бийлиги курортко түз аба каттамдарын ачуу маселесин көтөрдү, бирок 30 жыл аралыгында биринчи жолу Москвадан Пхеньянга сапар алган жүргүнчү учак жарым-жартылай бош учту.
Би-Би-Си "Вонсан-Кальмага" барып келген туристтер менен маектешти. Алар эл жок жерде эс алып, "күн сайын сызгыч менен түздөлүп турган аппак кумдан" ырахат алганын айтышты.
Туристи дээрлик жок курорт
Быйыл июнь айында Түндүк Корея бийлиги Пхеньяндан эки саат аралыктагы Чыгыш (Жапон) деңизинде жайгашкан жаңы деңиз курортун, "Вонсан-Кальманы" ачты. Анын курулушу 2017-жылы башталган, бирок коронавирус пандемиясы учурунда токтоп калган. 2024-жылы Орусия президенти Владимир Путиндин Түндүк Кореяга болгон сапарынан кийин курорт шашылыш бүткөрүлө баштаган. Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, ал биринчи кезекте орусиялыктар жана түндүк кореялыктардын өздөрүнө багытталган.
Түндүк Кореяда расмий түрдө жайкы эс алуу үчүн үч аймак бар болчу, аларга орусиялык турфирмалар турларды сунуштап келген. Ага өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Орусия менен чек арага жакын жайгашкан Расон атайын зонасы, ошол эле Чыгыш (Жапон) деңизиндеги Маджон аймагы, ошондой эле Сиджунг көлүнүн жээгиндеги пляж кирет. Быйыл жайында деңиз жээгинде эс алуу үчүн турфирмалар негизинен Расон менен "Вонсан-Кальманы" сунуштап жатышат.
2025-жылдын июль айында "Вонсан-Кальмага" алгачкы орусиялык туристтер жөнөтүлдү. Сапарды Түндүк Кореяда иштөөгө аккредитациясы бар Владивостоктогу "Восток-Интур" туроператору уюштурган. Анын өкүлү Би-Би-Сиге тастыктагандай, бул сапарга 15 адам барган. Ал турга катышкан Анастасия Самсонова Би-Би-Сиге билдиргендей, алардын экөө Москвада кармалып калып, топко кийинчерээк кошулган.
"Чынында эле айрым кыйынчылыктар жаралды, орусиялыктар жээктеги туристтик аймакка жете алабы же жокпу, акыркы учурга чейин белгисиз болуп турду. Акыры туроператорлор бардык маселелерди чечип, он чакты адамдан турган топ Кальма жарым аралындагы жаңы мейманканалардын бирине жайгашты", — деп жазган "Коммерсант" гезити.
Басылманын маалыматы боюнча, бул сапар Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түндүк Кореяга болгон визити менен дал келип, анын делегациясы да "Вонсан-Кальмадагы" мейманканалардын биринде калган.
Би-Би-Си байланышкан башка эки туристтик агенттик так сандарды айтышкан жок, бирок бул Түндүк Корея бийлиги менен макулдашылган тур экенин жана баасы да бирдей экенин белгилешти. Анын наркы — 113,5 миң рублди (2025-жылдын 12-августуна карата 1400 доллардын тегерегин) түзгөн. Эки орундуу бөлмөдө жалгыз жашоо үчүн кошумча 35 миң рубль талап кылынган. Туристтер Владивостоктон кетет, ошондуктан чыгымга бул шаарга авиабилет же поезд билети да кошулат. Мисалы, Москвадан Владивостокко сентябрда баруу-келүү билеттери орточо 30 миң рублди түзөт.

Сүрөттүн булагы, Анастасия Самсонованын жеке архиви
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Расмий программа боюнча туристтер курортто төрт күн толук болушу керек эле, бирок "Восток-Интурдун" өкүлүнүн айтымында, түндүк кореялык тарап бул мөөнөттү кыскарткан. Планга ылайык, биринчи күн Пхеньяндагы Триумфалдык арка, Ким Ир Сендин аянты сыяктуу көрө турган жерлерди кыдырууга арналмак, андан кийинки күнү гана курортко жол тартуу каралган. Бирок жыйынтыгында туристтерди Пхеньянда дагы бир күн кармап, курортко аларды учак эмес, поезд менен жеткиришкен.
Анастасия Самсонованын айтымында, туристтер гиддерди ынандырып, Пхеньянда өтүшү керек болгон жекшемби күндү деңизде өткөрүшкөн. Ошентип, алар деңиз жээгинде жалпысынан төрт күн болушкан.
Турагенттик Би-Би-Синин Орус кызматына билдиргендей, бардык туристтер жашына же каалоосуна карабай, программадагы экскурсияларга жана башка иш-чараларга катышууга милдеттүү болгон.
"Пляжды күн сайын таптаза кылып тазалап, сызгыч менен түздөгөндөй тегиздеп турушчу, баары идеалдуу эле. Шезлонгдор жаңы, баары таптаза. Деңизге кирүү абдан ыңгайлуу, чындап эле пляжы абдан жакшы. Башка өлкөлөр менен салыштырганда, бул жерде артыкчылык — туристтердин жоктугу. Мисалы, Тайландга барасың, ал жакта бүт Москва жүрөт. Чынын айтсам, ушул нерсе бул эс алуунун эң сонун жери болду", — деп сүрөттөйт Самсонова.

Сүрөттүн булагы, Анастасия Самсонованын жеке архиви
Айрым орусиялык маалымат каражаттары бул курортту ракеталык полигон көрүнгөн өзгөчө эс алуу жайы катары сыпатташат. Бирок Анастасия ал полигонду көргөн эмес:
"Чынын айтсам, билбейм. Биз эч нерсе көргөн жокпуз. Биз турган учурда ракета учурулган жок. Пляжда отурсаң, маңдайда эки эле кичинекей арал турат, биз болсо бухтадай жерде болчубуз. Ал жакта эмне болуп жатканын, чынын айтсам, билбейбиз".
Спутниктен тартылган сүрөттөргө жана ЖМКлардын маалыматына караганда, артиллериялык снаряддарды сыноо үчүн колдонулган полигон дал ушул курорт жайгашкан жерде болгон.

Самсонованын айтымында, топтогу туристтердин арасында эң чоң кызыгууну ар бири 40 доллардан сатылган оюнчук ракеталар жараткан. Бул Түндүк Кореянын "Хвансон-17" аттуу континент аралык баллистикалык ракетасынын модели сыяктанат.
Орусиянын мамлекеттик ЖМКлары курортту күтүлгөндөй эле мактап чыгышты. "Биринчи канал" Лавровдун визити тууралуу сюжетинде курорт жөнүндө айтып, "сервис менен ыңгайлуулукту туристтер абдан жакшы деп баалашууда, мындан тышкары баалар көптөгөн чет өлкөлүк курортторго караганда төмөн" деп белгиледи.
Сюжетте өзүн Павла Гамбаль деп тааныштырган кыздын пикири берилген (Би-Би-Си бул кызды социалдык тармактарда таба алган жок, бирок ал "Газета.рунун" бул сапар тууралуу материалындагы сүрөттө бар):
"Баары жагат, деңиз жылуу, пляжды тазалап турушат, баарына көз салышат, жалпысынан баары жагат. Айлана-тегереги көрктөндүрүлгөн, тамака-ашы абдан даамдуу".
Ал эми дагы бир саякатчы Дарья Instagram баракчасына мындай деп жазган:
"Эгер кайсы деңизге барууну тандап, бир эле вариант болсо, анда текшерилген курортторду тандаган жакшы, анткени бул жерде али көп нерсе "чийки" жана орус туристи көнүп калган шарттар жок. Эгер Азия, Түркия жана башка жерлер тажатып, экзотика издеп жатсаңар, анда барсаңар болот".
Көзөмөл алдындагы туризм

Сүрөттүн булагы, Анастасия Самсонованын жеке архиви
Спутниктен тартылган сүрөттөргө жана Орусиянын федералдык каналдарындагы сюжеттерге караганда, курортто аквапарк жана кинотеатр сыяктуу ар түрдүү инфраструктура курулган, бирок алгачкы туристтерге аларды пайдалануу сунушталган эмес. Алардын курорттогу убактысынын көбү мейманканада жана пляжда өткөн.
Анастасиянын айтымында, күндөрү дээрлик бирдей болгон:
"Биз ойгонуп, сөзсүз таңкы тамакка барчубуз. Бирок каалабаган адам барбай эле койсо болот. Эртең мененки тамактан соң 15 мүнөт аралыгында чогулуп, бизди электромобилдер менен пляжга жеткиришчү. Пляжда түшкө чейин бош убакыт болчу. Түштө кайра алып кетишчү. Мейманкага келип кийим алмаштырып, ресторанда же мейманкананын өзүндө тамактанчубуз. Андан кийин кайра каалагандар пляжга барчу. Бирок өтө ысык сааттарда жээкке баргысы келбегендер мейманканада калышчу", – дейт Анастасия.
Анын айтымында, түндүк кореялык эс алуучулар жээкте дем алыш күндөрү гана пайда болгон. Дал ошол маалда Лавров курортко сапар менен келген. Ага чейин пляж дээрлик бош турган.
"Акыркы күнү болжолу 10–14 жаштагы балдар келишти, балким спорттук же ден соолукту чыңдоочу лагерден болуш керек. Алар мугалимдери же машыктыруучулары менен чогуу деңизде сүзгөндү үйрөнүштү. Биз да өзбүздү кармай албай, алар менен кошо сууга түштүк. Чынында эч ким бизге тыюу салган жок, учураштык, бир кыз англисче сүйлөшүп, абалымды сурады", — дейт Анастасия.
Анын айтымында, орус туристтерин гиддерден тышкары бир коопсуздук кызматкери да коштоп жүргөн.
"Биз гидден бул эмне үчүн керек деп сурасак, ал муну жергиликтүү эл туристтерге таптакыр көнбөгөнү менен түшүндүрдү. Биз көчөдө баратсак, чындап эле таң калышып карашат, анткени өлкө көпкө чейин жабык болуп келген. Ошондуктан биз менен жергиликтүүлөр байланышка чыкпашы үчүн, аларды да коркутуп албоо үчүн ушундай чара көрүлгөнүн айтышты", — дейт ал.
Анастасия мейманкананын тазалык кызматкери каалганы кагып кирип келип, кийин күтүлбөгөн жерден туристтер бөлмөдө экенин көрүп, чочуп, качып кеткенин эстейт.
Көпчүлүк турагенттиктердин айтымында, Түндүк Кореянын визасын алуу бир айга чейин созулушу мүмкүн. Бирок Би-Би-Си журналистине биринчи турдун алдында визаны бир жуманын ичинде даярдап берүүнү сунушташкан. Мындай учурлар көп. Маселен, "Восток-Интур" өзүнүн Instagram баракчасында Корея согушунун аякташынын жылдыгына арналган төрт күндүк экскурсияга виза төрт эле күндө даярдаларын жарыялаган. Бул, мүмкүн, каалоочулардын саны аз экенин да көрсөтөт.
Корея боюнча адис, Сеулдагы Кунмин университетинин профессору Андрей Ланьковдун айтымында, Түндүк Кореянын башкы союздашы жана экономикалык өнөктөшү Кытайдын жарандарына да азыр бул курортко баруу кыйын.
Анын пикиринде, Пхеньян туристтердин санын атайылап чектеп, алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө умтулат. 2025-жылдын башында Батыш өлкөлөрүнүн жарандарына өлкөгө кирүүгө уруксат берилген, британиялык туристтер Расонго барып келишкен. Бирок март айында кайрадан эч түшүндүрмөсүз буга тыюу салынган.
Bloomberg маалымдагандай, ушул эле нерсе "Вонсан-Кальмага" да тийиштүү: орусиялык туристтердин саякатынын кийин курорт курулушту бүткөрүү үчүн кайра жабылган. Бирок "Восток-Интур" Би-Би-Сиге орус туристтеринин экинчи тобу августтун башында барып келгенин ырастаган. Туроператор жергиликтүү маалымат агенттигине 4-августтагы турга 20 адам барууну пландап жатканын айткан. Бирок Би-Би-Синин канча адам чын эле барганын так айтуу өтүнүчүнө компания жооп берген эмес.
27-июлда Nordwind авиакомпаниясы Москвадан Пхеньянга жаңы түз каттам ачты. Бирок "Россия 1" телеканалы көрсөткөн кадрларга караганда, ал учактын жарымы бош болгон. "Бүгүн биринчи рейс менен болжол менен 80 киши учуп жатат, негизинен бул Түндүк Кореянын жарандары, бирок арасында орус туристтери да бар", — деп билдирген кабарчы. Сюжетте ошондой эле "Түндүк Корея жарандары жумуш сапарынан үйүнө кайтып келишүүдө" деп айтылган. Учактын жүк көтөрүмдүүлүгү 400дөн ашык жүргүнчүгө эсептелген.
Ал рейсте Орусиянын жаратылыш ресурстары министри Александр Козлов да болгон. Кийин ал Москва менен "Вонсан-Кальма" курорту ортосунда түз каттам ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылган. Бирок азырынча бул багыттагы учак айына бир жолу гана каттайт жана ага билетти ээн-эркин сатып алуу мүмкүн эмес. 12-августка карата Nordwind сайты Пхеньянга 44 миң рублдан билет сатылып жатканын, болгону тогуз билет калганын жарыялады. Ошол эле маалда Пхеньядан Орусияга билетти Nordwind сайтынан да, башка ресурстардан сатып алуу мүмкүн эмес.
Бийик пландар жана кургак статистика

Сүрөттүн булагы, Анастасия Самсонованын жеке архиви
Туристтер үчүн мүмкүн болгон тоскоолдуктардын бири — турдун баасы. Бир адам үчүн эки орундуу бөлмө 148 миң рубль, ал эми бир эле киши жалгыз жайгашса, 176 миң рубль турат. Курорттогу эс алуу мөөнөтү болгону төрт күн. Мындан тышкары Владивостокко жетүү үчүн билет сатып алуу керек, демек, жалпы чыгым 200 миң рублдын тегерегинде. Сентябрга пландалган тур азыр турфирмалардын сайттарында сатыкка коюлган эмес.
Анастасиянын айтымында, мындан башка чыгымдар дээрлик болгон жок — болгону сувенирлерге гана акча кеткен. Ракеталардын фигураларынан тышкары, Түндүк Кореянын олимпиадалык формасы да популярдуу болгон. Дагы бир чыгым — пляждагы муздаткычтан суусундук же балмуздак сатып алуу. Мисалы, жергиликтүү сыранын бөтөлкөсү 60 цент турат.
Жалпысынан алганда, мындай эс алуу баасы боюнча Түркиядагы "баары камтылган" турларга тең же андан кымбатка түшөт. Бирок бул жерде чектөөлөр көп: интернет абдан кымбат, нары-бери жүрүү катуу көзөмөлдөнөт. Мисалы, Анастасия гиддер аларга курулуш объекттерин тартууга тыюу салганын айтты. Бардык туристтик программалар алдын ала бекитилген, альтернатива жок.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, Орусия Туроператорлор Ассоциациясынын маалыматына караганда, 2025-жылдын июль айында Түркияга орточо турдун баасы учак билети менен кошо 218 миң рублга жеткен, эс алуунун орточо узактыгы — сегиз түн. Бул эки адам үчүн эсептелген баа.
Июль айында "Восток-Интур" августтун аягына арзаныраак тур сунуштаган: маршруттун бир бөлүгү автобуста өтөт, 3–5 адамдан турган топ үчүн баа бир адамга 121 миң рублдан (1500 доллар) башталат.
Эгер катышуучулардын саны 16дан ашса, баа 85 миң рублга (1070 доллар) чейин түшүшү мүмкүн. "Вонсан-Кальма" курортунда үч күн жана Расондо дагы эки күндүк суу жээгинде эс алуу каралган.
Турагенттиктин сайтында Түндүк Кореяга он чакты тур бар, эң көбү Расон шаарына. Бул жакка төрт күндүк турду болгону 35 миң рублдан (440 доллар) бир аз кымбат баага алууга болот. Владивостоктогу башка бир турфирма Би-Би-Синин журналистине аларда Түндүк Кореяга болгон турларга "суроо-талап жогору" экенин билдирген.
Жакында чыккан кабарларга ылайык, ошол эле Вонсан шаарындагы балдар лагеринде июль айында Орусиядан 100 бала эс алды, августта дагы бир сапар пландалган. Ал жакка 12 күндүк турдун баасы 12 жашка чейинкилер үчүн дээрлик 70 миң, ал эми өспүрүмдөр үчүн 80 миң рублга жакын турат. Ушундай эле лагерь биринчи жолу 2024-жылы уюштурулуп, анда эс алган 250 баланын 50сү Кремлдин жаштар долбоору (Движение первых) уюштурган конкурстун жеңүүчүлөрү болгон. Быйыл мындай сынак өткөрүлгөн жок.
Орусиядан Түндүк Кореяга туристтердин агымы артып жаткан менен, ал башка өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөр менен салыштырганда дагы деле бир топ аз. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жыл бою Түндүк Кореяга туристтик максатта болжол менен 1,5 миң адам барган. Ал эми ошол эле мезгилде Түркияга 6,7 миллионго жакын, Кытайга дээрлик 1,9 миллион турист барган. Ошентсе да өсүш байкалууда: 2025-жылдын экинчи чейрегинде Түндүк Кореяга Орусиядан 2772 киши кирген. Бул туристтерге чектөө кире элек 2011-жылдагы деңгээлге жакын.
Орусиянын Туризм индустрия союзу акыркы бир жарым жылда Түндүк Кореяга болгон туристтик суроо-талап үч-беш эсеге көбөйгөнүн билдирет. Росстаттын жаңы маалыматтарына караганда, 2024-жылы дүйнөнүн эң жабык өлкөсүнө сатылган турпакеттердин саны 828ге жеткен, мурунку жылы бул көрсөткүч 124 гана болгон. Салыштырсак, Түркияга 2024-жылы дээрлик 4 миллион тур сатылган, бул 2023-жылга караганда 1,5 эсе көп.
Эксперттер Түндүк Корея Азиядагы популярдуу туристтик багыттар менен атаандаша албайт деп эсептешет. Ланьковдун айтымында, бүгүнкү күндө орточо орусиялык турист ыңгайлуулукту жана көзөмөлдүн жоктугун күтөт, ал эми Түндүк Корея муну азырынча сунуштай албайт.
Анын пикиринде, орусиялык туристтердин мүмкүн болгон эң жогорку агымы да пандемияга чейинки мезгилде жылына 100 миңден ашык киши келип турган кытайлык туристтердин ордун толтура албайт. Кытай туристтеринин саны эки өлкө ортосундагы мамиле начарлагандан кийин кескин азайган.
"Акыркы беш-алты жыл ичинде Түндүк Корея бийлигинин жалпы позициясы мындай: санкциялар шартында дүйнө менен натыйжалуу соода жүргүзүү мүмкүн болбогондуктан, өлкө аймагында чет өлкөлүктөрдүн болушун да каалашпайт. Өлкөгө айрым өзгөчө достук мамиледеги мамлекеттерден келгендер гана кире алышат, азыр алардын катарына негизинен Орусия кирет. Беларустун паспорту да кабыл алынат, аны менен да барууга мүмкүн. Бирок бул жагдай өзгөрүшү мүмкүн", — дейт Ланьков.
Анын айтымында, Орусиядан Түндүк Кореяга туристтердин агымын бир аз жандандыруу үчүн "Вонсан-Кальма" курорттук аймагына түз аба каттамдарын ачуу керек. Бул кадам туристтердин санын болжол менен 50 миңге жеткириши ыктымал. Бирок бул көрсөткүч "түндүк корея масштабында" деңизге тамган тамчыдай гана болот. Анткени пандемияга жана башка чектөөлөргө чейин, туристтик система толук кандуу иштеп турган учурда Түндүк Корея жылына 150–200 миң турист кабыл алган, алардын 90–95% кытайлыктар болгон.
Чындыгында Түндүк Корея эшигин ачууда, бирок баарына жана толук түрдө эмес. Ал эми Орусия бул чектелген экспериментке катышууга даяр сыяктуу.
Материал Сергей Кагермазовдун көмөгү менен даярдалды
Редактор: Ольга Шамина












