Өкмөт: Кыргызстан экономиканын өсүү ыргагы боюнча дүйнөдөгү алдынкы үчилтикке кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев өкмөттүн жыйынын өткөрүп, быйыл он айда ички дүн өнүм (ИДП) 10% өскөнүн билдирди.
Ал Эл аралык валюта фондуна шилтеме жасоо менен 2024-жылы Кыргызстанды ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.
"Бюджеттик мыйзамда бекитилген ИДПнын көлөмү 1 трлн 624 млрд сом болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 427 млрд 359 млн сомду түздү. Ал эми жылдын аягына чейин 1 трлн 779 млрд сомду түзөт деп божомолдонду, же бекитилгенден 155,6 млрд сомго көп болот. Экономиканын бардык тармактарында өсүү катталды", - деди Адылбек Касмаилев.
Ал негизгинен курулуш тармагы жогорку натыйжа берип жатканын, башкача айтканда жылдык өсүү орточо 42,8% түзгөнүн кошумчалады.
Касымалиев консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын дагы бир жолу белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасынын билдиришинче, киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин өкмөт бул жылдан 10 млрд сомдон ашык профицит менен чыгат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча 2025-жылдын башынан бери өлкөдөгү инфляция 6,2%, жылдык көрсөткүч боюнча 8,4%га жетти.
Кыргызстанда акыркы кезде турак жай баасы жана азык-түлүктүн айрым түрлөрү, кызмат көрсөтүү акысы кымбаттап жатат.
Статистика комитетинин сонку маалыматына караганда, Кыргызстанда 1 миллион 871 адам жакырчылыктын чегинде жашайт.
Өлкөдө орточо айлык акы быйыл январь-август айында 42 миң сомдун тегерегин түздү. Пенсиянын орточо көлөмү болсо 11 миң сомдон ашыгыраак.
Бул арада Numbeo эл аралык агенттигинин май айындагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы жашоонун сапаты 99,09 упай менен "өтө төмөн" деп бааланган.
2024-жылдын соңундагы бул индекс 96,79 упай болгон.












