Париж 2024. Олимпиаданын ачылыш аземи: көңүл көкөлөткөн жети кызык

Джеймс Фицджеральд

Парижден репортаж

Париж 2024

Сүрөттүн булагы, PARIS 2024/FLORIAN HULLEU

Парижде олимпиаданын ачылыш аземи мурда болуп көрбөгөндөй керемет кооз болгон жатат.

Көп деталдар азырынча сыр болуп калууда, ошондуктан күтүлбөгөндөй жаңылыктар болорун бөркүңүздөй көрүңүз.

Ачылыш салтанаты жума күнү Британ убактысы боюнча 18:30 башталат жана төрт саатка жакын созулат.

Би-Би-Синин түз эфиринде олимпиаданын ачылыш салтанатын көрүп жатканда өзгөчө көңүл бура турган эң кызыктуу учурларды айта кетели.

1.Көз жоосун алган көркөм азем

Биринчи жолу олимпиаданын ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда болот. Олимпиадалык командалар Сена дарыясынан кайык менен өтүшөт, ал эми эки жээкте аларга 300 000 көрүүчү көз салат. Томас Джолли даярдаган көркөм ачылыш аземи болот.

Флотилия 10 000 спортчуну 3,7 км созулган суу үстүндөгү маршрут менен алып өтөт.

Уюштуруучулар жума күнкү азем куунак маанайда жана коопсуздук шартында өтөт деп үмүттөнүүдө. Коопсуздукту кармоого он миңдеген полициячы тартылды.

Президент Эммануэль Макрон кырдаал кыйчалыш болуп кеткенде аткарыла турган план Б (план С да бар) иштелип чыкканын билдирген.

Олимпиада ачылыш

2. Нурга бөлөнгөн шаар

Эйфель мунарасы

Сүрөттүн булагы, Википедия

Кечинде катерлер шаардагы эң атактуу көпүрөлөр менен архитектуралык шедеврларды аралап өтүшөт, анын ичинде Париж собору, Эйфел мунарасы жана Трокадеро бар.

Бул саякат күн уясына киргенде аяктайт, андан кийин уюштуруучулар алдын ала жарыя кылгандай, нур шаарынын легендасы башталат. Games президенти Тони Эстангет бул шоу «абдан бийик сезимге бөлөгөн», «нукура поэтикалык маанайда» болот деп убада кылууда.

3. Ар бир кайыкта камера

Уюштуруучулар ар бир кайыкта камера коюп, спорт жылдыздарын жакындан көрсөткөн жатат.

Бирок олимпиадалык делегациялар бири чоң, бири кичине экенин эске алганда, бул схема кандай иштейт деген суроо бар.

Мисалы, АКШ 600 чамал спортчу жөнөттү, ал эми майда өлкөлөрдөн бирден өкүл келген мисалдар да бар.

Албетте, ар бир команданын желегин көтөргөн спортчу көңүл борборунда болот. Мисалы, олимпиада оюндарынын ардагерлери суучул Том Дейли жана кайык спортчусу Хелен Гловер Улуу Британиянын желегин көтөрүп чыгышат.

Миңдеген спортчулар Сена дарыясындагы кайык парадынан өтүшөт.

Кайык парады

Сүрөттүн булагы, PARIS 2024/FLORIAN HULLEU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миңдеген спортчулар Сена дарыясындагы кайык парадынан өтүшөт

4. Таңшыган музыка, атактуу аткаруучулар

Джолли үч миңдей аткаруучу менен контракт түздү, анын ичинде музыканттар жана көпүрөдө бийлей турган бийчилер да бар. Кандай атактуу жылдыздар чыгарын азыр сыр кылып айтпай атышат.

Алардын арасында дүйнөдөгү француз тилинде ырдаган эң популярдуу ырчы франк-мали жылдызы R&B Ая Накамура бар дешет.

Француз жана англис тилдеринде аткарган Канада жылдызы Селин Дионду Парижде ушул аптанын башында көргөндөр бар, демек ал дагы чыгып калышы мүмкүн.

Леди Гаганы дагы француз баш калаасынан көргөндөр бар.

5. Олимпиада отун ким жагат?

1992-жылы Барселонадагы олимпиаданын отун Паралимпия спортчусу, жаачы Антонио Ребольо жаккан.

Сүрөттүн булагы, IOPP/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1992-жылы Барселонадагы олимпиаданын отун Паралимпия спортчусу, жаачы Антонио Ребольо жаккан.

Олимпиада оту Франциянын баш калаасына Грекиядан үч ай мурда масштабдуу эстафета менен жеткирилди.

Олимпиада оту дүйнөдөгү эң узун кайык – 24 орундуу Stampfli Express менен алып келинди.

Олимпиада отун ким жагат деген суроого келсек, салт боюнча бул ишти аткара турган адам салтанаттуу азем башталганга чейин жашыруун болот.

Мурда бул ардактуу милдетти 1996-жылы Атлантада Мухаммед Али, андан кийин Сиднейде чыгаан күлүк Кэти Фримен аткарган.

6. Масштабдуу шоудагы күчтүү образдар

Спортчулардын парады дайыма күчтүү образдар менен коштолот – анын үстүнө Олимпиада дүйнөлүк мода борборлорунун биринде өтүп жатпайбы.

Уюштуруучулар олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземине арналып Париждин четиндеги жашыруун фабрикада атайы 3000 бөтөнчө костюмдар даярдалганын айтууда.

Көп костюмдар кайра иштетилген материалдардан жасалды, анткени Оюндар жашыл этиканы баса көрсөтүп турушу керек.

Визуалдык спектаклдин бул бөлүгүн даярдап жаткан аялдын аты Дафне Бюрки. Ал «XXI кылымдагы масштабдуу шоуга төртүнчү жолу” даярданганын айтууда.

Гаитинин

Сүрөттүн булагы, STELLA JEAN/EUGENIO D'ORIO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гаитинин ар кыл түскө бөлөнгөн олимпиялык долбоорлору оригиналдуулугу үчүн жогорку баага татыктуу болду.

7. Саясаттын жана спорттун королдору

Биринчи кезекте көңүл спортчулардын арасындагы супер жылдыздарга бурулат эмеспи.

Бирок ардактуу ложадан биз ар кыл тармактагы эң атактууларды көрө алабыз. Reuters кабарына караганда, оюндардын ачылыш аземинде жүздөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары болот.

Кадырлуу меймандардын арасында АКШнын биринчи айымы Джилл Байден, Аргентинанын президенти Хавьер Милей, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Олимпиадалык оюндардын жетекчиси Томас Бах бар.

Елизавета II 2012-жылы Лондондо оюндардын ачылыш салтанатына катышкан.

Би-Би-Си оюндардын ачылыш аземин түз алып көрсөтөт

Оюндардын ачылыш аземин Британиянын убактысы боюнча 17:45те BBC One, BBC iPlayer каналдарынан түз эфирде жана сайтта, BBC Sport тиркемесинен көрө баштасаңыздар болот.

Сайтта жана BBC Sport тиркемесинде текст түрүндөгү трансляция болот, демек Париждеги кызыктуу учурларга сиз да күбө болосуз.