ЖЭБдеги авария: Бишкектеги кош бойлуулар башка райондорго жөнөтүлдү

№1 төрөтканада жаңы көз жарган келин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги ай-күнүнө жетип калган айрым энелер Ысык-Ата, Токмок, Сокулук, Кара-Балтадагы төрөтканага жеткирилди

ЖЭБде авария болуп, борбордо жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганда Бишкектеги ай-күнүнө жетип калган айрым энелер Ысык-Ата, Токмок, Сокулук, Кара-Балтадагы төрөтканага жеткирилип, ошол жактан көз жарды. Ошондой эле борбордон акушер жана мобилдик бригадалар дагы жөнөтүлдү.

Бишкекте жылуулук азыркыга чейин толугу менен калыбына келе элек. Мектеп, бала-бакчалар онлайн режиминде. Ал эми пландуу операциялар убактылуу токтотулган болчу. Алар 5-февралдан тарта аткарыла баштады. Ал эми тез жардам кызматында жана төрөтканаларда башка иштер токтогон жок.

Кесарево токтотулган эмес

Чукул төрөт жана операция менен төрөтүү токтотулган эмес
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чукул төрөт жана операция менен төрөтүү токтотулган эмес

№1 төртөтканада жана репродукция борборунда, ЖЭБде авария болгон маалда чукул төрөт жана операция менен төрөтүү токтотулган эмес. Эки мекеме тең кошумча жылыткычтардын жардамы менен төрөтканадагы жылуулук нормасын сактап турууга аракет кылышкан.

№1 төрөткананын жетекчиси Замира Матубраимова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №1 төрөткананын жетекчиси Замира Матубраимова

“4-февралдан тарта штаттык режимде иштей баштадык. Эч кимге баш тарткан жокпуз. Баарын кабыл алганга аракет кылып жатабыз. Температура чынжырчасын үзбөй, кармап жатабыз. Азыр төрөтканадагы эң төмөн температура 21 градус болуп жатат”, - деди №1 төрөткананын жетекчиси Замира Матубраимова.

Төрөтканада нормалдуу жылуулук 25-26 градус болуп турушу керек. ЖЭБ аварияга учураганда, жылуулук 21 градуска түшкөн.

Ал түнү №1 төрөтканада көз жаргандардын бири - Гүльнара.

“2-февралда ТЭЦ жарылган түнү төрөдүм..."
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “2-февралда ТЭЦ жарылган түнү төрөдүм..."

“2-февралда ТЭЦ жарылган түнү төрөдүм. Төрөт залы, палата жылуу эле болду. Жылыткыч сайылып турду. Үшүгөн жокмун”, - деди Гүльнара.

Биз бүгүн төрөтканага барган учурда ар бир палатада илинип турган термометр 25 градусту көрсөтүп жатты.

ЖЭБде авария болгон түнү Репродукция борборунда он үч эне көз жарды. Ошондой эле ден соолугу жакшы энелерди төрөтканадан чыгарып, кийинкилерге орун бошотуп жатышты.

Илимий борбордун жетекчи орун басары Искендер Ташбаев

“Башка төрөтканалардан келгендер болуп жатты. Төрөт учурунда келгендерди эч жакка жибере албагандыктан, биз кабыл алып, төрөтүп жаттык. Биздин төрөтканада түзүлгөн мобилдик бригада Токмоктогу төрөт үйүнө барып, жардам берип жатты. Кошумча жылыткычтар бар, темературалык режим сакталууда”, - деди илимий борбордун директорунун орун басары Искендер Ташбаев.

Ысык-Ата төрөтканасында бир түндө Бишкектен барган энелер 14 наристени жарык дүйнөгө алып келишти. Токмоктогу төрөтканага Бишкектен төрт аял барып көз жарды.