Кыргызстанда телефонду каттоо үчүн 700 сом алынабы?Түшүндүрөбүз

Элдияр Бакиров, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

phone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы уюлдук телефондордун жана башка түзмөктөрдүн IMEI-коддорун Идентификациялоо мамлекеттик тутумунда (ИМТ) каттоону милдеттүү кылуу үчүн эки мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Кеп “Электр жана почта байланышы жөнүндө” жана “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдары тууралуу.

International Mobile Equipment Identity же IMEI-код - электрондук түзмөктүн 15 сандан турган эл аралык идентификатору. 

Ал арада бир катар медиалар министрлик сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына таянып, телефон жана башка гаджеттерди ИМТга каттоо үчүн 700 сом алуу пландалганын жазып чыгышты. Бирок санариптик өнүктүрүү министрлиги телефондорду каттоо үчүн төлөмдөр алынбастыгын, журналисттер документти туура эмес чечмелегенин билдирди.

Телефон каттоо үчүн 700 сом алынабы?

Кыскача айтканда, азырынча жок. 

700 сом тууралуу кеп 2021-жылдын декабрь айында көтөрүлгөн. Анда санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган эки мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген

Министрликтин алгачкы мыйзам долбоорунда Кыргызстандын аймагына кирген уюлдук телефондор же маалымат жиберүүчү каражаттардын IMEI-коддорун тиешелүү лицензия алган жеке компания идентификациядан өткөрө ала турганы жазылган. IMEI-коддорду каттаган жеке компаниянын акысы 700 сом деп аныкталган, ал эми жаңы түзмөк 30 күндүн ичинде идентификацияланбаса, аны байланыш операторунун кызматынан ажыратуу сунушталган.

Долбоордун негиздеме-маалымкатында уюлдук телефондорду ИМТга каттоо өлкөнүн рыногун контрафакттык продукциялардан, ал эми гаджеттердин ээлерин аларды уурдап кетүүдөн коргойт деп жазылган. Ошондой эле мекеме мобилдик каражаттарды каттоодон түшкөн бажы төлөмдөрү жана салыктары жогорулашы мүмкүн деп эсептейт.

Ал эми мыйзам долбоорун талкуулоо маалында электрондук түзмөктөр тууралуу маалыматтарды топтоо платформасы жеке компаниянын карамагында болгондуктан “жарандардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетүү коркунучу бар” болгону айтылган. Ошондой эле жеке компаниялардын системаларынын бөлүндү болушу, маалыматтарды жалпы массивге бириктирүүдө каталар келип чыгуусу жана бирдиктүү башкаруу борборунун жоктугу эске алынган.

Мындан улам министрлик мобилдик байланыш каражаттарды Идентификациялоо мамлекеттик тутумунда каттоо вариантына токтолду. Учурда коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун акыркы варианты жана салыштырма таблицада 700 сом тууралуу жазылган эмес.

Түзмөктөрдү каттоо демилгеси 2018-жылдан тарта көтөрүлүп келет. Анда IMEI-коддорду каттоо үчүн жарандардан 100 сом алуу сунушталган, бирок кыргызстандыктардын нааразылыгынан улам демилге ишке ашкан эмес. (EB)