Кытай полициясынын атын жамынган интернет шылуундары

Элейн Чонг жана Эд Мэйн, BBC Trending

Хелен Янг өзүн кытай полициясы деп тааныштырган шылуундардын кайырмагына илинди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хелен Янг өзүн кытай полициясы деп тааныштырган шылуундардын кайырмагына илинди.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча кытайлыктар өздөрүн кытай полициясы катары көргөзгөн кылмышкерлердин алдамчылык тузагына түшүүдө.

Британиялык-кытайлык аял Би-Би-Сиге өзүнүн чогулткан акчасын видео байланыш учурунда форма кийген алдамчыларга өткөрүп бергенин жана өзү болсо видеодон полиция участогун чын эле көргөнүн айтты.

Ошондон тарта эки жума бою коркунучтуу түш көргөн Хелен Янгды алар оңой эле Кытайда эң көп изделгендердин тизмесинде экенине биротоло ишендиришти.

Өздөрүн кытай полициясы деп тааныштырган шылуундар Лондондо иштеген бухгалтерге өз мекенинде ага каршы ири алдамчылык боюнча тергөө иштери башталганын билдиришкен.

Хеленге өзү эч нерсе билбеген кылмышка тиешеси бар делген көптөгөн жасалма далилдер берилди.

Андан кийин жалган полиция аны Кытайдагы түрмөгө экстрадициялайбыз деп коркутканда, Хелен Британияда калууга аракет кылып, 29,000 фунт стерлинг "кепилдик акча" катары жөнөткөн.

"Менин азыр башым айланып калды" дейт ал.

«Бирок бул чындык эмес экенин да биле албайм. Бул ушунчалык ынандырарлык».

Хелендин окуясы укмуштай угулушу мүмкүн, бирок кытай диаспорасында ушул сыяктуу учурлар көп кездешет.

Дүйнө жүзүндөгү Кытай элчиликтери АКШдагы бир катар окуялардан кийин ФБР сыяктуу эле жалган полициянын шылуундугу тууралуу ачык эскертүүлөрдү беришти.

Лос-Анжелестеги бир улгайган аял экстрадициялоону токтотот деп ишенип, аларга 3 миллион долларды жөнөткөн.

Бул арада ФБР жана дүйнө жүзүндөгү Кытай элчиликтери жалган полиция шылуундулугу тууралуу эскертүү беришти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул арада ФБР жана дүйнө жүзүндөгү Кытай элчиликтери жалган полиция шылуундулугу тууралуу эскертүү беришти.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адатта, бул алдамчылыктар салыштырмалуу зыянсыз телефон чалуу менен башталат.

Хелендин ишинде кимдир бирөө өзүн кытайлык бажы кызматкеримин деп тааныштырып, анын атынан жөнөтүлгөн мыйзамсыз посылканы токтотушканын кабарлаган.

Хелен эч нерсе жөнөтпөгөнүн айтканда, эгер кимдир бирөө анын аты-жөнүн уурдап кетти деп ойлосо, полицияга арыз жазышы керектигин айтышкан. Күмөн санаса да, Хелен трубканы койгон эмес.

"Кытайлыктар мага окшош, анткени биз Кытайда төрөлүп өскөнбүз, бизди жаштайыбыздан тил алчаактыкка үйрөтүштү" дейт ал.

"Ошентип, партия же ата-энем менден бир нерсе кылууну суранганда, "жок" деп жооп бергеним сейрек кездешет".

Хеленди Шэньчжэндеги полиция кызматкери экенин айткан "Офицер Фанг" аттуу адам менен байланыштырышкан. Хелен далилдерди сурап, видео чалууга барууну сунуштайт. Телефонду кошушканда, Хелен бети полициянын күбөлүгүндөгү сүрөткө дал келген формачан адамды көрдү.

Андан кийин офицер Фанг телефонун колдонуп, ага бир нече формачан офицерлерди жана полициянын чоң логотиби түшүрүлгөн үстөлү бар полиция бекетин көрсөттү.

- Ошол учурда менин бардык шектенүүлөрүм өзүнөн өзү жоголду. Ошондуктан мен: "Кечиресиз, мен азыр этият болушум керек, ал жакта кылмышкерлер көп" деп айттым, - дейт Хелен.

Экөө сүйлөшүп жатканда, Хелен арткы пландагы таннойдон офицер Фанг ал жөнүндө сүйлөшөрүн кабарлаган билдирүүнү укту.

Хеленге анын атына жазылган чоң суммадагы акча үчүн берилген банк көчүрмөсүнө окшош бирдемени көрсөтүштү. Офицер Фанг эгер ал күнөөсүз болсо, аларга чыныгы шылуундарды кармоого жардам бериши керектигин айтты.

Ал тергөө иштери тууралуу эч кимге айтпай турууга убада кылып, жашыруун келишимге кол койгон. Эгер бул ишти ачыктаса, алты айга камалары да эскертилди.

Ал: "Кытай полициясы менен маектешкениңизди кимдир-бирөөгө айтсаңыз, анда сиздин өмүрүңүз коркунучта болот" деди.

Ошондой эле шылуундар Хелендин күнү-түнү эмне кылып жатканын угуп туруш үчүн аны тиркемени жүктөп алууга мажбурлашкан.

Кытай кыз жана жалган шпиондор

Кийинки бир нече күндүн ичинде Хелен жумушта эч нерсе билдирбей иштеп жүрүүгө аракет кылды. Кечинде болсо жашоосунун ар бир тарабын майда-чүйдөсүнө чейин жазууга буйрук берилген жеке билдирүүнү толтуруу менен убактысын өткөрдү.

Андан кийин офицер Фанг бир нече шектүүлөр камакта экенин кабарлап, кайра телефон чалды. Ал бир нече адамдын аны айыптаган жазуу түрүндөгү билдирүүлөрүн көрсөттү.

Хеленге видео жөнөтүлүп, анда эркек туткун полицияга күнөөсүн мойнуна алып, аны алдамчылык боюнча өзүнүн жетекчиси деп атаган.

Шылуундар аны кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканына ынандыруу үчүн күнөөнү мойнуна алып жаткан адамдын видеосун колдонушкан.

Биз видеону кылдаттык менен карап чыктык жана шектүү Ковиддин чоң маскасын кийип жүргөндүктөн, сиз угуп жаткан нерсе анын эриндеринин кыймылына дал келерин аныктоо мүмкүн эмес. Мындайда Хелендин атын же башка жабырлануучуну эскерген жасалма саундтректи кошуу арыдан бери жасалчу жумуш.

Бирок чыныгы полиция кызматкерлери менен иштешип жатканына ишенген Хелен үчүн мунун натыйжасы кесепеттүү болду: «Өз ысмымды укканда, жаман абалда болдум. Өтө чоң көйгөйгө кабылганымды түшүндүм".

Ошондуктан Хелен офицер Фанг ага Британиянын жараны болсо да, Кытайга экстрадиция болорун кабарлап, "Полиция сени аэропортко алып баруу үчүн келет” деп айтканда аргасыз ишенди.

Хеленге эгер күрөөнү төлөй алса, экстрадициялоону токтото аларын айтышкан. Анын банктык көчүрмөсүн текшерүүгө жөнөткөндөн кийин, ага 29,000 фунт стерлинг которушу керектиги айтылды.

"Мен аябай жаман абалда калдым, анткени кызыма биринчи батирине акча берем деп убада бергем" дейт Хелен.

Бирок бир нече күндөн кийин жалган полиция кайтып келди. Хеленге дагы 250,000 фунт табуу же экстрадиция болуу буйругу берилди: "Мен өзүмдүн жашоом үчүн күрөшүп жаттым - эгер Кытайга кайтып барсам, эч качан кайтып келбей калышым мүмкүн".

Хелен курбусунан акчаны карызга алууга аракет кылгандан кийин, курбусу кызына эскерткен.

Хелен акыры баарын жашырбай айтып берди.

Бирок ал телефонун ашкана тартмасына салуудан мурун, кызын уктоочу бөлмөгө алып кирип, шылуундар укпаш үчүн баштарына жууркан жаап салышты.

Кызы сабырдуулук менен угуп, апасына бул алдамчылык экенин түшүндүрдү.

Акыры банк да Хелендин акчасын кайтарып берди, бирок анын тарткан азабы азыркыдай оңой бүтпөшү мүмкүн эле: «Эки жума бою мен араң уктадым. Кимдир бирөө телефонуңузду көзөмөлдөп турганда кантип уктайсыз?"

Уйкусурап көзү илинип кеткендиктен, ал эки жолу машинасын сүзүп алды. Экинчи жолу, ал аны толугу менен талкалады: "Мен эч кимди өлтүргөн жокмун, бирок өлтүрө алмакмын. Мындай шылуундар адамдарды өлтүрүшү мүмкүн».

Өздөрүн полиция кызматкерлери катары тааныштырган башка шылуундар мындан да өткөн айлакерликке барышат.

Кээ бир өзгөчө учурларда, жасалма полициянын каржылык талаптарын канааттандыра албаган чет элдик айрым кытайлык студенттер үй-бүлөлөрүнөн кун төлөп берүү үчүн өздөрүнүн жасалма "уурдалып кетишин" уюштурушат.

Жаңы Түштүк Уэльс полициясынын детектив суперинтенденти Жо Дуэйхи Австралиядагы бир катар иштерден кийин виртуалдык же кибер уурдоо деп аталган фактылар тууралуу эскертүү үчүн пиар өнөктүгүн баштады.

«Жабырлануучуларды өздөрүн видеого тартууга мажбурлашат, видеодо алар аялуу абалда калгандай көрүнүшөт: кансырагандай көрүнсүн деп денесине томат соусун шыбап, байлап, уурдап кеткендей кылып көрсөтүшөт, анан жакындарын жардамга чакырышат", - дейт ал.

Австралиянын полициясы "виртуалдуу адам уурдоо" боюнча эскертүү берди

Сүрөттүн булагы, New South Wales Police

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралиянын полициясы "виртуалдуу адам уурдоо" боюнча эскертүү берди

Андан кийин студенттерге өзүн-өзү изоляциялоо керектиги айтылат, ал эми шылуундар бул сүрөттөрдү Кытайдагы үй-бүлөлөргө кун алуу үчүн жөнөтүшөт.

Алдамчылыктын курмандыктары башкаларды алдаганга жардам бериши мүмкүн.

«Алдамчылар жабырлануучуну Кытай өкмөтүнө иштеп жатасың деп алдап жатышат. Алар анын документтерин жөнөтүп, андан кытайлык полиция кызматкери катары ант алышат», - дейт Дет Супт Дуайхи.

Кылмышкерлерге буга чейин акча жөнөткөн жабырлануучу Австралиядагы башка кытайлык студенттерди чалгындоо же коркутуу үчүн жөнөтүлүп жатканын айтты.

Би-Би-Си интернетте алдамчыларга полициянын кейпин кийүүгө жардам бере турган жасалма интеллект чыпкалары сатылып жатканын аныктады.

Эксперттер бул алдамчылыктардын көбүн Мьянма, Камбоджа жана Лаос сыяктуу өлкөлөрдөн келген кытайлык уюшкан кылмыштуу топтор ишке ашырат деп эсептешет.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары акыркы бир жылда он миңдеген шектүүлөр Кытайга кайтарылганын кабарлашты.

Алдамчылыктын бул түрлөрү тууралуу маалымдуулук өсүүдө. Биз Японияда бир студент менен сүйлөштүк, ал кылмышкерлердин бутасына түшүп жатканын түшүнүп, алар менен маегин жазып алган.

Ал атын атабоону суранды, бирок видеону Би-Би-Си менен бөлүштү. Анда шылуундар эгер ал кимдир-бирөөгө телефон чалгандыгы тууралуу айтса, «тергөө иштерине» коркунуч келтирерин эскертишет. Акча берүүдөн баш тартканда, алар артынан куугунтуктоону токтотушкан.

Бул окуяда өзүнүн жолдуу экенин түшүнөт: "Менин башыма ушундай иш түшөт деп эч ойлогон эмесмин. Белгисиз номерден чалганда өтө этият болуңуздар". (МА)