Казакстанда кысымга кабылган кыргызстандыктардын укугу

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казакстанда жыл башында болгон толкундоолордон бери 40 күн өттү.

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев элге кайрылуу жазап, январь айында террорчулар мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип, бирок бийлик алардын мизин кайтарганын дагы бир ирээт кайталады.

Алматы

Сүрөттүн булагы, Reuters

 Башаламандыкта коңшу өлкөдө иштеп, окуп жүргөн бир катар кыргызстандыктар да жабыркады. Казак бийликтери алардын айрымдарын айыптап, кыйноого алган учурлар катталган.

Кыргызстандык укук коргоочулар алардан кабар алып келишти.

Кыргыз жараны Талант Темирбек уулу Казакстандагы январь окуялары боюнча айыпталып, учурда Тараз шаарында камакта жатат. Апасы уулунун күнөөсү жок экенин, анын үйүнө атайылап ок-дары таштап, кармоого шылтоо табышкан деп эсептейт:

“Баламды ак жерден каралап отурушат. Таза тергөө болуп, баламды актап, аныгын издеп, ак-карасын талдооңуздарды өтүнөм. Менин баламдын болгон күнөөсү борборго барып, эмне болуп жатат ал жерде деп караганында”, -деди Гулсабира Жуманазарова.

Дагы эки кыргызстандык жаран - Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков Казакстандагы окуялар боюнча айыпталып, кыйноого алынганын ачык айтып чыгышкан.

Кыргызстанга алынып келингенден кийин алар казак түрмөлөрүндө көргөн зомбулуктун кесепетин тартып, эмдигиче саламаттыгын түзөй албай келишет.

Викрам Рузахунов

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Викрам Рузахунов январь окуялары боюнча Казакстанда кармалып кое берилген кыргыз жараны

"Кыргыз жарандарынын бийликти басып алууга же террордук уюмдарга байланышы жок. Андай иш менен алек болушкан эмес, болгону өз токочун өзү таап жүргөн жарандар болгон. Алар кокусунан кабылып калган деген позицияны ачыктап кайттык. Алар макул болушту”, -деди Акыйткатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков.

Казакстандагы толкундоо учурунда кыркка жакын кыргыз жараны жабыркаган. Алардын көбү Кыргызстандан барган укук коргоочуларга үйүндө же көчөдө милиция тарабынан токмоктолгонун айтып, бирок арыз жолдогон эмес. Көбү коңшу өлкөдө иштеп же окуп жаткандыктан, өздөрүнө ашыкча көңүл бурдурууну каалаган эмес.

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев террорчулардын мизин кайтарууда каза тапкан жарандардын иши тыкыр иликтенээрин айтты.

Токаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казак президенти январда курман болгондорго багыштап куран окуду

“Ошол кандуу окуялардан бери кырк күн өттү. Бүгүн маркумдардын рухуна куран багыштоо үчүн мечитке атайы келдим. Каза болгон адамдардын жакындарына дагы да көңүл айтам. Мамлекет андай үй-бүлөлөрдү кароосуз калтырбайт”.

Расмий маалымат боюнча, жыл башында орун алган Казакстандагы массалык баш-аламандыкта 225 адам каза таап, 4 миң 578 жаран жараат алган.

Эки кыргыз жараны каза тапканын буга чейин Кыргызстандын УКМКсы тактаган. Алардын бирөөсү - Алматы шаарында иштеп жүргөн Азиз Мусаев. Каза тапкан экинчи кыргызстандык жарандын аты-жөнүн атайын кызмат тактай элек.