Анкара: Түркия менен Армения чартердик каттамдарды баштап, мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын өкүлдөрдү дайындайт

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Армениянын жакын арада мамилелерин жөнгө салуу жана чартердик каттамдарды калыбына келтирүү үчүн атайын өкүлдөрүн дайындай турганын билдирди.

Рейтер агенттиги билдиргендей, парламентте өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин бюджетин талкуулоо учурунда Чавушоглу Ереван менен Анкарадан дайындала турган атайын өкүлдөр эки коңшу өлкөнүн мамилесин жөнгө салуу жолдорун издей турганын айткан.

Мындан тышкары, Чавушоглунун айтымында, эки өлкө Стамбул менен Ереван ортосунда чартердик каттамдарды ачууну көздөп жатат.

Армениянын расмий өкүлдөрү Чавушоглунун билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек.

Түркия менен Армениянын дипломатиялык мамилеси жок, алардын ортосундагы чек ара 1993-жылдан бери жабык.

Түркия өзүнө жакын Азербайжанды Тоолуу Карабак боюнча Армения менен болгон жаңжалда дайыма колдоп келет.

Чечилбеген маселелер

Пашинян Түркия менен мамилени жөнгө салууну каалай турганын бир нече жолу айткан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пашинян Түркия менен мамилени жөнгө салууну каалай турганын бир нече жолу айткан

2008-2009-жылдары Армениянын президенти Серж Саргсяндын тушунда Ереван менен Анкара мамилени жакшыртууга жана чек араны ачууга аракет кылышкан, бирок чечилбеген эки маселеден - Карабактан жана Түркиянын 1915-жылдагы армян кыргынын тааныбаганынан улам бул аракет ишке ашпай калган.

Мевлүт Чавушоглу бул жолу да Түркиянын Армения менен алакаларды жөнгө салуу процессин Азербайжан менен координациялай турганын баса белгиледи.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Түркия менен мамилесин жөнгө салгысы келерин бир нече жолу билдирген. Бирок ошол эле маалда Пашинян Азербайжан менен Түркиянын талаптарына – мисалы, Азербайжандын негизги бөлүгү менен анын Нахичеван эксклавынын ортосундагы Армениянын аймагы аркылуу өткөн транспорт коридорунун бөлүгү тууралуу талаптарга баш ийүүнү мүмкүн эмес деп эсептейт.

Ноябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армения Москвадан Түркия менен алака түзүүдө ортомчулук кылууну суранганын билдирген. "Ооба, Армения Ереван менен Анкаранын ортосундагы ортомчулук боюнча жардам сурап кайрылганын ырастай алам. Орусия бул процесске кызыкдар жана армян-түрк мамилелерин жөнгө салуу үчүн аракет кылып жатат," - деген эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ал кезде. (DO)

Бишкек: мэрия жаңы жылдык балатыны жана аянтты кооздоого 5,6 млн сом коротот

Бул жылы 25 метрлик балаты орнотулат

Сүрөттүн булагы, Бишкек мэриясы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жылы 25 метрлик балаты орнотулат

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылга карата кооздоо иштерине сарпталчу каражат боюнча түшүндүрмө берди. Анда “Бишкексвет” ишканасы жарыялаган 5 миллион 687 миң 500 сомдук тендер 25 метрлик балатыга эле эмес, Ала-Тоо аянтын жасалгалоого да жумшаларын баса белгиленет.

Мэрия ошондой эле өткөн жылы сатылып алынган кооздоочу материалдарды быйыл да колдонуу көйгөй жаратарын билдирди.

Шаарды жаңы жылга даярдоого 30дан ашык коммуналдык кызматкерлер жана бир нече техника тартылды. Муниципалитет жарандык активисттер менен блогерлерди бул ишке көмөк көрсөтүү үчүн шаардык штабдын жыйынына чакырды.

Жыл сайын жаңы жылдык балаты майрамга эки жума калганда аянтка орнотулат. Быйыл ал 25 метрлик болот. (MD)

Омикрон штаммынан каза болгон биринчи учур катталды

Кээ бир эмдөө борборлорунда узун кезек пайда болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир эмдөө борборлорунда узун кезек пайда болду

“Улуу Британияда кеминде бир адам Omicron коронавирусунан каза болду”, - деди өлкөнүн премьер-министри Борис Джонсон.

Анын айтымында, жаңы вариант бейтаптарды ооруканага жаткырууга дуушар кылды. Ал эми адамдардын колунан келген эң жакшы нерсе – бул эмдөөнү күчөтүү болду.

Саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид депутаттарга Omicron азыр Англиядагы оорулардын 20% ын түзөрүн билдирди.

Дүйшөмбү күнү Улуу Британияда 54,661 жаңы коронавирус учуру катталып, тесттин жыйынтыгы таза чыккандан кийин 28 күндүн ичинде 38 адам өлүмгө учурады.

Omicron вариантынын тастыкталган 4,713 учуру бар, бирок Жавид мырза Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо Коопсуздук Агенттиги (UKHSA) күнүмдүк инфекциялардын азыркы санын 200,000ге жакын деп эсептегенин айтты.

Ошондой эле ал Omicron Лондондогу учурлардын 44% дан ашыгына көтөрүлдү жана жакынкы 48 сааттын ичинде шаарда үстөмдүк кылуучу вариант болот деп күтүлүүдө деп билдирди. (MD)

“Аалам сулуусу” сынагын индиялык кыз жеңди

"Аалам сулуусу" наамын индиялык модель жана актриса Харнааз Сандху жеңип алды

Сүрөттүн булагы, MENAHEM KAHANA/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аалам сулуусу" наамын индиялык модель жана актриса Харнааз Сандху жеңип алды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израилде биринчи жолу өткөрүлгөн "Аалам сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү 21 жаштагы индиялык Харнааз Сандху болду. Палестинаны колдогон активисттер катышуучуларды сынакка бойкот жарыялоого үндөштү.

Дүйшөмбү күнү Эйлат шаарында юбилейлик сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Парагвай менен Түштүк Африканын өкүлдөрү ээлешти. Россиядан катышкан татарстандык кыз Ралина Арабова сынактын алдыңкы 10уна кирбей калды.

Быйылкы “Аалам сулуусу” коронавирустук пандемия менен гана татаалдашкан жок. Палестиналык активисттер бир нече ай бою сынактын катышуучуларын Израилдеги бул иш-чарадан баш тартууга үндөштү. Алар "Палестиналыктарга каршы адам укуктарынын бузулушуна жана Израилдин апартеид режимине шериктеш болбош үчүн" сынакка катышпоого чакырып жатышты.

Палестинаны жактаган бир уюм бул сынакты “колонизаторлуктун, расизмдин, маданий менчиктештирүүнүн жана патриархаттын бардыгы бириккен бир көрүнүш” деп атады.

Палестиналык активисттердин иш-чарага бойкот жарыялоо чакырыктарына карабай, сынакка өткөн жылы Израил менен мамиле түзүшкөн Марокко жана Бахрейн баш болгон дүйнөнүн ар тарабынан 80 кыз катышты.

Бирок Туштук Африка «Израилдин палестиналыктарга каршы кыянатчылыктары учун» өз өкүлүн колдоодон баш тартты. Ага карабастан, Лалела Мсване сынакка барып, үчүнчү орунду ээледи.

Россиянын атынан катышкан кыз алдыңкы 10 катышуучунун тизмесине илинбей калды

Сүрөттүн булагы, MENAHEM KAHANA/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын атынан катышкан кыз алдыңкы 10 катышуучунун тизмесине илинбей калды

Мелдешке Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү да катышкан жок, ал дагы Израил менен жакында эле мамилесин жакшырткан. Бирок БАЭ муну "даярдыкка убакыттын аз болгондугу" менен түшүндүрдү. Мусулмандардын басымдуу бөлүгүн түзгөн Индонезия жана Малайзия өлкөлөрү да пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарга шылтап, өз өкүлдөрүн сынакка жөнөтүүдөн баш тартышты.

"Аалам сулуусу" сынагынын мурдагы жеңүүчүсү, мексикалык Андреа Меза Agence France-Presse менен болгон маегинде сынак саясаттан алыс болушу керек деп билдирди.

“Аалам сулуусу”саясий же диний кыймыл эмес. Бул аялдар жана алар кыла алган сунуштар жөнүндө ",- деп кошумчалады Андреа Меза.

Дональд Трамп президент болгонго чейин таандык болгон сынактын катышуучулары 18 жаштан 28 жашка чейин болушу керек. Таажы үчүн талапкерлерге коюлган негизги талап - никесинин жана балдарынын жок болушу.

Харнааз Сандхуга чейин "Аалам сулуусу" наамын Индиядан эки аял алган: 1994-жылы Болливуд актрисасы Сушмита Сен жана 2000-жылы Лара Дутта. (MD)