"Аябай эле зыян". Кыргызстанда быйыл чегиртке көп

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстандын айдоо аянттарын чегиртке каптап, дан өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жатканда, Кыргызстандын чектеш райондоруна да коркунуч келүүдө. Ошондуктан дыйкандар Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине кайрылып жардам сурашты.

Кыргызстанда быйыл чегиртке көп

Сүрөттүн булагы, MUKAMBET UULU ALMAZBEK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда быйыл чегиртке көп

Казакстан менен чектеш Панфилов районунда он үч миң гектардай айдоо аянты бар. Мындагы жергиликтүү тургундар жылыга буудай, жүгөрү, беде айдап, дыйканчылык менен жан багып келишет. Алар буга чейин сугат маселеси менен алып урушуп келишсе, эми чегиртке келе баштаганын айтышып, кооптонуу билдирип жатышат.

Ушу тапта Казакстандын айдоо аянттарын чегиртке жапырт каптап, дан өсүмдүктөрүн мойсоп жатканы белгилүү. Бул көрүнүш кыргыз дыйкандарын дагы кабатыр ойго салууда. Айыл чарба министрлиги, быйыл чегиртке жылдагыдан жыйырма беш миң гектарга көп каптаары күтүлүп жатканын билдирди.

Мурда жок жерде чыгып жатат

Он жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келе жаткан Кайнар Өмүркуловдун жүгөрү талаасына быйыл биринчи жолу чегиртке келди. Башында анча маани бербей, бирок аз күндө эле бир топ жерди мойсой баштаганын көрөрү менен Айыл чарба министрлигине кайрылып, жардам сураган.

“Бул жакты чегиртке биринчи жолу каптап жатат. Мындан он беш күн мурун чегирткени беде өскөн талаамдан көргөндө, мынчалык деңгээлде жейт деп ойлогон эмесмин. 16-июнда карасам аябай эле зыян келтирип жатканын көрдүм. Ушундай эле көрүнүштү кошуна дыйкандар дагы айтышты. Дароо Айыл чарба министрлигинин райондогу адисине кайрылдык”, - деди Кайнар.

Быйыл Панфилов районунун айрым жерлеринде биринчи жолу чегиртке чыгып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Панфилов районунун айрым жеринде чегиртке биринчи жолу чыгып жатат

Кайнар Өмүркулов менен коңшулаш башка дыйкандар дагы чегиртке каптай баштаганын айтып арызданышкан. Айыл чарба министрлиги эгин талааларды зыяндуу заттардан коргоо үчүн бардык шарттар көрүлүп жатат деп ишендирүүдө.

Кыргызстанда мындан отуз төрт жыл мурун жарым миллион гектар жерди чегиртке каптап, элдин эсинен кеткис зыян болгон. Андан кийин эң көп катталган учур 2018-жылга туш келип, 146 миң аянт жердеги түшүм зыянга учураган.

Дыйканбай Кенжебаев, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дыйканбай Кенжебаев, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору

“Казакстандай, Орусиядагыдай эле аба ырайы ысып жатканына байланыштуу быйыл Кыргызстанда дагы чегиртке көп. Табылган жерлерде өзүбүздүн техникалар менен зыянкечтерди жок кылуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бюджеттин эсебинен пестициддер сатылып алынган. Бул республика боюнча 65 миң гектар жерге болчу да. Бирок, азыр мурда чыкпаган жерлерден дагы чегирткелер чыгып жатат. Ошону менен катар көлөмү дагы көп болууда”, - деп билдирди Дыйканбай Кенжебаев, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору.

Министрликке айрым техникаларды БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму алып берген. Кавказ жана Борбор Азияда саранчага каршы күрөштү жакшыртуу программасы аркылуу адистер жана дыйкандар түшүмдү зыянкечтерден коргоо боюнча окуудан өтүп турушат.

Сүрөт июнь айында Баткендин талааларында тартылган

Сүрөттүн булагы, MUKAMBET UULU ALMAZBEK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөт июнь айында Баткендин талааларында тартылган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Быйыл өлкөнүн түштүгүндө чегиртке жылдагыдан көп чыгып жатканын министрлик билдирди. Мисалы, Жалал-Абад облусунда былтыр он төрт миң гектар жерден чыккан болсо, быйыл эки эсеге көп жыйырма сегиз миң гектарда чегиртке аныкталган.

Ош облусунда өткөн жылы беш миң гектар жерде аныкталса, быйыл он төт миң гектар жерге чейин көбөйгөн.

Баткенде 2023-жылы он төрт миң гектар жерден чыкса, азыркы тапта он сегиз миң аянтта зыянкеч аныкталган. Кошумча эки миң гектардан ашуун айдоо аянтынан дагы чыгып калышы күтүлүүдө.

“Зыянкечтерди жок кылуу максатында Баткендин талааларына апрель айында эле келгенбиз. Азыр он жети миң төрт жүрт жүздөй гектар жерге пестицид чачылды. Алдын-ала изилдөө иштеринде мындан көп жер чыккан, бирок тазалоо иштерине ушунча жер аныкталып берилген. Убагында барган үчүнбү айдоо аянттарын убагында чегирткеден сактап кала алдык. Азыр Баткен облусу боюнча үч техника жүрөт”, - деди министрликтин Баткендеги өкүлү Мукамбет уулу Алмазбек.

Чүй облусунда дагы түштүктөгүдөй абал болуп, мурда аныкталбаган жерден зыянкечтер чыгууда. Учурда үч миңге гектар чукул жерде тазалоо иштери болгонун министрлик билдирди. Эми Суусамыр өрөөнүндөгү айдоо аянттарында изилдөө иштери жүрүп жатат.

Чүй облусунда мурда аныкталбаган жерден зыянкечтер чыгууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чүй облусунда мурда аныкталбаган жерден зыянкечтер чыгууда

Казакстан талаасын мойсоду

Азаттык радиосунун Казак кызматы, Түркстан облусу

Сүрөттүн булагы, DILARA ISA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азаттык радиосунун Казак кызматы тарткан сүрөт. Түркстан облусу, 11-июнь, 2024-жыл

Казакстан жазындагы суу каптоонун кесепетинен арыла электе, эми миңдеген гектар айдоо аянттарын чегиртке мойсоп салды. Интернетке тараган видео, фото маалыматтарда Казакстан талаасында чегиртке жер бетин бербей турганын көрүүгө болот.

Дыйкандар миңдеген гектар жерди чегиртке мойсоду деп, убагында чара көрбөгөн бийликке нааразы болушууда. Азыр Түркстан, Костанай, Актөбө, Орусия менен чектеш аймактарда абал курч. Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров Түркстанга барып, кырдаал өтө оор экенин моюнга алган.

“Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бир млн гектарга көп. Ошондуктан быйыл жумуш көбөйдү, жалпы 2,5 млн гектар жерге каршы жумуштар жүрдү. Муну биз билгенден кийин резервден каражат сурадык. 3,9 млрд теңге каржы бөлүндү. Чегирткеден арылуу үчүн 2500 адам тартылды. Жумуш кечки саат жетиде башталып, таңкы саат сегиз, тогузга чейин жүрүүдө. Абал өтө кыйын. Техника жана башка жабдыктар жетиштүү, кошумча дагы эки учак бөлүүнү караштыруудабыз. Жаралган маселени убагында чечүү үчүн министрликтин өкүлдөрү жеринде жүрүшөт”, - деген министр 11-июнда Түркстанга барган учурунда.

Азаттык радиосунун Казак кызматы тарткан сүрөт.

Сүрөттүн булагы, DILARA ISA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азаттык радиосунун Казак кызматы тарткан сүрөт. Түркстан облусу, 11-июнь, 2024-жыл

Казак бийлиги саранчы менен күрөшүү үчүн асманда учак менен дары чачып, түрдүү техникаларын иштетип жатса дагы, чегиртке күнүгө он миңдеген гектар жерди басып, айланы алты кетирүүдө.

Азыр Орусия менен чектеш 307 миң гектар аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат.

Айрым учурда чегиртке зыянсыздандырылгандан кийин деле кайрадан пайда болуп, каптай баштаганы айтылды.

Кыргызстандын коңшу өзбек жана казак мамлекеттери менен чектеш аймактарда дагы чегирткенин зыянын аныктоо үчүн изилдөө иштери жүрүп турарын Айыл чарба министрлиги билдирди.