Украинага кассет куралдарды берүүгө АКШнын союздаштары каршы

кассет куралдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинага кассет куралдарды берүү маселесинде АКШнын союздаштарынын арасында ажырым болуп жатат. Батыш өлкөлөрү биринин артынан бири Вашингтондун чечимине кабатыр билдирүүлөрдү жасоодо. Атап айтканда, Улуу Британия, Канада, Жаңы Зеландия жана Испания аталган куралдарды колдонууга каршы чыгууда

Кассет куралдар Украинага АКШнын аскердик жардамынын 800 млн доллар турган жаңы пакетине киргени жума күнү белгилүү болду. Президент Байден CNN’ге берген маегинде бул чечимди кабыл алуу оңой эмес болгонун, союздаштар менен кеңешип чыкканын, алардын позициясын биле турганын, бирок Украинанын кызыкчылыгын карап иш кылганын билдирген.

Кассет куралдар - артиллериялык снаряддар жана авиабомбалар – тытып кете турган көп сандагы майда субкуралга чачырап кетет. Анын айрым бир бөлүгү дароо эле жарылбайт жана согуш бүткөндөн кийин да көп жылдар бою адамга коркунучтуу болуп кала берет.

Дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсү бул куралды колдонууга тыюу салган конвенцияга кол коюшкан, анткени анын элге аябай зыяны чоң. АКШ, Россия жана Украина кол коюшкан эмес.

Вильнюста 11-12-июлда НАТОнун саммити болот, анын алдында Байден Улуу Британияга сапар менен келатат. Америкалык президент кассет куралдар жөнүндө маселени британ премьер-министри Риша Сунак менен сүйлөшөт.

Союздаштар каршы

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Крис Хипкинс бул куралдар согуш убагында жана андан кийин көп убакыт бою «бейкүнөө элге зор зыян алып келет» деп билдирди.

Испания дагы кээ бир куралдар Украинага берилбеш керек деген ишенимде экенин коргоо министри Маргарита Роблес айтты.

Канаданын өкмөтү жарылбаган снаряддардан көп жылдардан кийин балдар жабыркашы мүмкүн деп кабатыр болууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оттава кассет куралдарга тыюу салган конвенцияны колдоодон кайтпай турганын дагы бир ирет ырастады.

«Биз өзүбүздүн милдеттенмелерге олуттуу карайбыз жана башкалардан да ушундай мамиле болушун күтөбүз», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Тийиштүү конвенцияга кол койгон Германия Украинага кассет куралдарды өзү бербесе дагы АКШнын позициясын түшүнө турганын айтууда.

«Амеркиалык достор бул чечимди бардык жоопкерчилик менен кабыл алды деп ишенебиз», — дейт расмий Берлин.

Укук коргоо уюмдары дагы Вашингтондун чечимин айыптоодо. Amnesty International Украинанын калкы кассет куралдардын азабын согуш бүткөндөн кийин да көп жылдар бою тартат деп эскертти.

Кассет куралдар Россия менен Украинанын ортосундагы бул согушта колдонулган учурлары болгон.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников америкалык кассет куралдар душмандын коргоо сызыктарын талкалоо үчүн гана колдонулат деп билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова «Киевдин убадасы болбогон сөз» деп билдирди. (КС)