Байлз, Жокович жана Лайл — Париждеги оюндардын көркүн ачкан дүйнөлүк жылдыздар

Парижде башталган олимпиадалык оюндарга бүт дүйнөдөн 10500 спортчу катышат. Би-Би-Си олимпиадага келген спортчулардын арасындагы эң атактуу жылдыздарга, алардын тарых-таржымалына токтолобуз.

Эң атактуу жылдыздар

Леон Маршан (Франция) – сууда сүзүү

Леон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөнүн беш жолку чемпиону Париждеги олимпиадалык оюндардын өзүнчө бир жүзү болуп, бир нече алтын медаль жеңет деп күтүлүүдө.

22 жаштагы Маршан көп рекорд жараткан спортчу катары атагы чыгууда. Ал 2023-жылы 400 метр аралыкка сүзүүдө Майкл Фелпстин рекордун жаңыртты.

Анын ата-энеси дагы убагында сууда сүзүү спортунан олимпиадага катышкан. Маршан 200 м, 400 м комплекстүү сүзүүдөн жана 200 м баттерфлай стилинде сүзүүдөн дүйнө чемпиону.

Ал олимпиадада 200 метрге брасс жана баттерфлай сүзүүдөн биринчи болгусу келет. Бирок бир эле күндө эки мелдешке катышууга туура келет.

Фелпстин мурдагы тренери машыктырып жаткан Маршанда төрт алтын медаль алууга мүмкүнчүлүк бар.

Симона Байлз (АКШ) - гимнастика

Симона Байлз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Үч жыл мурда көпчүлүгү дүйнөдөгү эң атак-даңктуу спортчуну акыркы жолу көрүп жатабыз деп ойлогон.

Байлз Токиодогу оюндарда психикалык саламаттыгындагы проблемалардан улам мелдештин бир нече түрү боюнча финалга келгенде оюндан чыгып кеткен. Бирок дөңгөчтөгү көнүгүүдөн коло медаль, ал эми командалык эсепте күмүш медаль жеңип алган. Анын капчыгында дүйнөлүк чемпионаттын 32 медалы жана олимпиаданын жети медалы бар.

Спорттук машыгуудан тыныгуу кылгандан кийин 2023-жылы июнда мелдештерге кайтып келди.

Андан бери Байлз дүйнө чемпионатын беш жолу жеңди, анын ичинде төртөө алтын медаль. Байма-бай психотерапевтке дагы көрүнүүдө.

"Мен моралдык жана физикалык деңгээлим жагынан өзүмдү абдан ишенимдүү сезип жатам. Токио кайра кайталанбайт деп ойлойм, анткени биз жакшы аракет кылдык",- деген эле ал ушул жылы.

Новак Жокович (Сербия) - теннис

Жокович

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Теннис боюнча турнирлердин 24 жолку жеңүүчүсү болгон Жоковичтин коллекциясына олимпиадалык алтын медаль гана жетишпей турат.

Ал бул жылдагы эң башкы максаты Париждеги олимпиаданы багындыруу экенин айтууда.

Токио олимпиадасында ал жарым финалда Александр Зверевге уттуруп койгон, коло медаль үчүн мелдеште да жеңилип калган.

Бирок 37 жаштагы оюнчуга азыр оңой эмес мезгил, дүйнөлүк рейтингдеги лидерлик позицияда эмес. Алган травмасына байланыштуу Франциянын ачык чемпионатынын чейрек финалында күрөштү токтотууга туура келди.

Ушул айда Уимблдондогу мелдештин финалына жетти, бирок Карлос Алькараска жеңишти алдырып койду.

Эгер формасы жакшы болсо, 2008-жылы Пекинде жеңип алган коло медалдан да артык алышы мүмкүн.

Кэти Ледеки (АКШ) — сууда сүзүү

Кэти Ледеки

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөнүн жети жолку чемпионун басып өткөнгө ким бар?

27 жаштагы Ледеки олимпиадалык оюндарга төртүнчү жолу катышууда. Эгер дагы бир алтын медаль алса, анда мекендеши Женни Томпсондон да ашып, эң ийгиликтүү олимпиадалык суучул болуп калмакчы.

Анын сууда сүзүүнүн бардык төрт түрүнөн тең рекорд жаратканга дарамети бар.

Ледеки эркин стилдеги 800 м жана 1500 м дистанциядагы сүзүүдөн эң мыкты болуп турат.

Бирок анын атаандаштарында да үмүт учкуну пайда болду. Февралда Ледеки эркин стилде 800 метрге сүзүүдө 13 жылдан бери биринчи жолу жеңилип, жеңишти канадалык жаш спортчу Саммер Макинтошко алдырып жиберди.

Ноа Лайлс (АКШ) – жеңил атлетика

Ноа Лайлс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Америкалык күлүк алдына бийик максаттарды койгон.

Ал бир олимпиадада жеңил атлетикадан төрт алтын медаль алган адам болгусу келет. 100, 200 жана 4x100м 4x400м эстафетага чуркоодо жеңип чыгышы керек.

Өткөн жылы ал дүйнө чемпионатында булардын үч түрүнөн алтын медаль жеңип алды.

Ал атактуу ямайкалык Усэйн Болттун 100 жана 200 метрге чуркагандагы рекордун жаңыртууну максат кылууда.

Фейт Кипьегон (Кения) – жеңил атлетика

Фейт Кипьегон (Кения) – жеңил атлетика

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1500 метрге чуркоо боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону жана дүйнөлүк рекорддун ээси аптаптуу жайды абдан чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген.

30 жаштагы спортчу өткөн жылы дүйнө чемпионатындагы 1500-5000 метрге чуркоодогу ийгилигин кайталап, Парижде эки алтын медаль жеңип алууга умтулууда.

Кипегон спорт менен машыгууну 16 жашында баштаган жана 2011-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болгон.

2018-жылы төрөп, эне болгону менталитетине таасир эткенин айтып келатат. Дүйнө чемпиону деген төрт атагынын үчөө төрөттөн кийин келген.

Нираж Чопра (Индия) – жеңил атлетика

Нираж Чопра (Индия) – жеңил атлетика

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал Индияда супер жылдыз жана анын инстаграмдагы аккаунтуна тогуз миллион адам жазылган.

Жеңил атлетика боюнча олимпиадалык алтын медаль жеңип алган индиялык спортчу Париждеги оюндарда найза ыргытуу боюнча өзүнүн чемпиондук наамын коргоп калууга аракет кылат.

Токиодогу оюндарда найза ыргытуудан алтын медаль жеңип алып, зор ийгиликке жеткен.

Ага атаандаш болчулардын арасында Пакистандан Аршад Надим бар.

Надим Токиодогу олимпиадалык оюндардын финалына Пакистандан биринчи чыккан спортчу катары мактана алат.

Ольга Харлан (Украина) – фехтование

Ольга Харлан (Украина) – фехтование

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону россиялык атаандашына колун бербей койгону үчүн аз жерден оюндан дисквалификация болуп кете жаздады.

Бирок эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Харланга кат жазып, "өзүнүн уникалдуу кырдаалынан" квалификация болбой калса, ага "кошумча квота" бөлүнөрүн билдирген.

Олимпиадалык оюндардын төрт жолку чемпиону эки жылдан бери Россиянын кол салуусунан коргонуп жаткан украин калкына "үмүт" алып берүүнү убада кылууда.

Париждеги олимпиадалык оюндарга бир дагы орус же белорус фехтование бейтарап спортчу катары чакырылган жок. Ошондуктан 33 жаштагы Харлан буга алакан чаап кубанып турган чагы.

Стивен Карри (АКШ) - баскетбол

Стивен Карри

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Баскетболдун жылдызы Париждеги олимпиадалык оюндарга биринчи жолу катышууда.

Ал 16 олимпиадалык медаль жеңип алган АКШнын жылдыздуу командасынын курамында ойнойт.

Баскетболдогу бардык наамдарга ээ болгон. Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң жогорку эки сыйлыгын алган. Дүйнөлүк кубокту эки жолу жеңген Карринин коллекциясына олимпиаданын медалы гана жетпей турат.

Шелли-Энн Фрейзер-Прайс (Ямайка) – жеңил атлетика

Шелли-Энн Фрейзер-Прайс (Ямайка) – жеңил атлетика

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жашы 37де. Дүйнөнүн беш жолку чемпиону. Азыркы сезону жеңил болуп жаткан жок. Травма алып дарыланды.

Анын бешинчи олимпиадасы болсо дагы "али бүткөнгө эрте" деп Парижде командасындагы курбусу Шерика Жексон менен жеңиштүү мараны көздөп турган чагы.

Шерика Жексон болсо биринчи олимпиадалык алтын медалын алууга умтулууда.

Бул экөө тең 4x100м чуркоодо Ямайканын командасынын курамында болот.

Көзгө түшкөн башка спортчулар

Ат спортунан бардык олимпиадаларда алтын медаль жеңип келаткан 55 жаштагы Изабель Верт олимп оюндарына жетинчи жолу келди. Өзүнүн жети алтын жана беш күмүш медалын дагы көбөйткүсү келет.

Грузин аткычы Нино Салуквадзе дагы 55 жашта. Ал олимпиадалык оюндарга онунчу ирет катышып, канадалык ат спортчусу Ян Миллардын рекордун кайталаганы жатат.

Грек-рим күрөшүндө кубалык Михаин Лопес беш алтын медалды катары менен жеңип алган биринчи спортчу катары таанылышы мүмкүн.

Австралиялык Жесс Фокс байдаркада жана каноэде үч алтын алган биринчи спортчу болуп калышы да ыктымал. (KC)