Трамп: Индия АКШ менен соода келишими үчүн орус мунайынан баш тартты

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп Индия АКШдан 500 миллиард долларга тете америкалык товарларды сатып алууга макул болгонун айтууда
    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки тараптуу жолугушууда Дели орус мунайын сатып алуудан баш тартууга макул экенин билдиргенин айтты. Ак үй Вашингтон менен Дели америкалык тарифтердин жогорулашын жокко чыгарган макулдашуу боюнча келишимге келишкенин жарыялады. Моди бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча Трамп менен макулдашканын ырастады, бирок орус мунайы тууралуу эч нерсе деген жок.

"Индиянын премьер-министри Моди менен бүгүн эртең мененки сүйлөшүү мен үчүн сыймык болду... Биз көп эле нерсени талкууладык, анын ичинде Орусия менен Украин согушун токтотуу тууралуу да сөз болду, - деп жазды Трамп Truth Social коомдук сайтында. - Ал орус мунайын сатып алуудан баш тартып, АКШдан жана потенциалдуу түрдө Венесуэладан көбүрөөк сатып алууга макул болду. Бул ар бир жумада миңдеген адам каза болуп жаткан жана мына ушу тапта да жүрүп жаткан Украинадагы согушту токтотууга көмөктөшөт".

Трамп Моди менен АКШ Индиядан импортко болгон бажы төлөмдөрүн 25%дан 18%га түшүрүү боюнча келишимге келгенин да кошумчалады. Америка президенти Индия өз кезегинде, АКШдан импортко болгон тарифтик эмес тоскоолдуктарды толук жоюуга умтуларын да айтты.

Моди ошондой эле Индия 500 миллиард долларга тете ар кайсы тармактагы америкалык продукцияларды, мисалы: энергия, технология жана айыл чарба буюмдарын жана көмүрдү сатып алууга убада берген.

Ак үйдүн башчысы августта Индиядан ташылып келинчү товарларга 50% бажы төлөмүн киргизген. Анын 25% орус мунайын сатып алып жаткандыгы үчүн кошумча төлөм делген. Трамп анда Орусиядан энергия экспорттоо менен Индия Украинага каршы согушту каржылоого жардам берип жатат деп түшүндүргөн.

Би-Би-Синин америкалык администрациясындагы өздүк булагы жаңы келишимдин алкагында 25% айып пул жокко чыгарыларын билдирди.

Нарендра Моди X платформасында Трамп менен бажы төлөмдөрүн 18% түшүрүү боюнча макулдашканын ырастады, бирок орус мунайы тууралуу эч нерсе дебеди.

"Дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн эки чоң экономикасы чогуу иштегенде бул элибизге пайда алып келет жана ич ара кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп жазды Моди. Ал Трампты "өзүнүн кымбаттуу досу" деп атады.

Индия Орусиядан көп мунай сатып алабы?

Reuters агенттиги Украинага бастырып киргендиги үчүн Орусияга карата батыш санкциялары салынгандан кийин Индия деңиз аркылуу ташылчу орус мунайынын башкы сатып алуучусуна айланганын жазды. Москва Делиге кыйла эле арзандатуулар менен берет.

Би-Би-Синин экономикалык серепчиси Алексей Калмыков "Батыш орус мунайын сатып алчу эмес, бирок аны арты менен өндүрүлгөн продукциялардын дүйнөлүк рынокко чыгуусуна каршы эмес болчу" дейт. Себеби андан пайданы Кремль эмес, достук мамиледеги Индия өңдүү мамлекеттер тапмак.

Эксперттер эскерткендей, мындай жарым-жартылай чаралар жана эмбаргонун жоктугу Орусиянын мунайдан болгон кирешесин бууй албады. Ошондой эле анын Украинага болгон агрессиясын жана оккупациясын улантуу үчүн каражаттан куру жалак калтыра албады.

Владимир Путин и Нарендра Моди жмут руки во время встречи в Индии

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус президенти Владимип Путин декабрда Индияга барып, Нарендра Моди менен жолуккан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле маалда CREA иликтөө борборунун билдирүүсү боюнча 2025-жылдын декабрына карата Индияга ташылган орус мунайынын көлөмү мурдагы айларга карата 29% түшүп кетти.

Reuters индиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдор мунайды жакынкы чыгыштык, африкалык, түштүк америкалык мамлекеттерден сатып ала баштаганын айтууда. Агенттиктин булактары өлкө АКШ менен соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда Орусиядан мунай ташууну азайта баштаганын түшүндүрүп берген.

CREA билдиргендей, Орусиянын чийки мунайынын ири сатып алуучуларына - Кытай (27%), Индия (38%), Түркия (6%) жана Евробиримдик (6%) кирет.

Индия ошондой эле Орусиянын казылып алынчу отунунун ири сатып алуучуларынын үчилтигине кирет. CREA маалыматына караганда, декабрда мындагы импорттун көлөмү 2,3 миллиард еврону түзгөн. (Ал эми чийки мунайдын көлөмү 1,8 миллиард еврого же 78% жетет, калгандары мунай продуктыларын жана көмүрдү ташууга туура келет).

Орус мунайын Индияга көмүскө флоттун танкерлери ташыйт. Көмүскө флот - бул Украинага каршы согушка байланыштуу киргизилген эл аралык санкциялардан улам жалган туунун алдында сүзгөн кемелерди айтышат.

Индия менен Европанын келишими

АКШ менен соода согушунун фонунда Индия башка мамлекеттер менен дагы соода келишимдерин түзүүгө аракет кылып жатканын, Би-Би-Синин кабарчылары белгилешет.

Председатель Европейского совета Антониу Коста, премьер-министр Индии Нарендра Моди и президент Европейской комиссии Урсула фон дер Ляйен в Дели во вторник

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Еврокеңештин төрагасы Антониу Коста, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен. Дели, ишемби

Өткөн аптада Евробиримдик менен Индия тарыхый соода келишимине жетишкенин жар салышты, ал келишим тууралуу сүйлөшүүлөр ортодо токтоп калып жатып, жыйырма жылдан ашуун убакытка созулду.

Ал макулдашууга ылайык, 27 мамлекеттен турган блок менен дүйнөдөгү калкы эң жыш мамлекет эркин соода жүргүзө алат. Чогуу алганда бул дүйнөлүк ички дүң продуктунун дээрлик 25% түзөт жана бул эки миллиард калкы бар рынок.

Ал келишим бажы тарифтерин кыйла төмөндөтүп, эки тарапка тең рынокко жол ачат.

Pangaea Policy аналитикалык компаниясынын негиздөөчүсү Терри Хейнс АКШ менен Индиянын соода келишимин " Евробиримдик соода маселесинде АКШдан оозуп өтүп же андан дагы көп артыкчылыкка ээ болот дегендерге жооп" болду деп атады.

Анын пикиринде, америкалык рынокторго Вашингтон менен Делинин ортосундагы макулдашуу абдан жагып жатат.

Бирок 800гө жакын чакан соода ишкерлеринин башын бириктирген "We Pay the Tariffs" коалициясы бул келишимди сынга алды. Коалиция Трамп бажы төлөмдөрүн киргизгиче америкалык компаниялар Индиядан товар ташып келгенде орточо эсеп менен 2,5% төлөп келишкенин айтып жатышат.

"Бул "келишим" биз бир жыл мурун төлөгөн ставкадан алты эсе көп. Бул жеңилдетүү эмес, жогорулатуу", - деген уюмдун башчысы Дэн Энтони.

Трамп Индия менен жаңы соода келишимин жарыялагандан кийин америкалык фонддук рынок өсө баштады.