Сирияда командачылык кылган орус генералдары Украинадагы согушта өздөрүн кантип көрсөттү?

Герасимов да орус армиясынын Сириядагы тажрыйбасын "баа жеткис" деп атаган
    • Author, Илья Барабанов
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Материал кыскартылып берилди. Толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Он жыл мурда орус бийлиги Сирияда аскердик операцияны баштаган. Президент Владимир Путин, мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу, Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов бул өлкөдөгү согуш Кремлде орус аскерлеринин масштабдуу машыгуусу катары каралып жатканын бир нече жолу айтышкан. Бул машыгуулар жаңы курал-жарактарды сыноого шарт түзүп, офицердик курамды чыңдап, олуттуу согушка даярдайт деп күтүлгөн. Бирок согуш башталганда орус армиясынын Сириядагы тажрыйбасы анчалык бай эместиги анык болду. Ар кайсы мезгилде сириялык топко командачылык кылган орусиялык генералдар Украинадагы согушта өздөрүн кандайча көрсөтө алганын Би-Би-Си Орус кызматы иликтеп чыкты.

"Баа жеткис тажрыйба"

"Заманбап орусиялык курал-жарактар машыгуу полигондорунда гана эмес, ошону менен бирге реалдуу шарттарда, согушта сыноодон татыктуу өттү. Бул эң катаал, эң каардуу текшерүү болду", - деп айткан эле 2016-жылдын мартында Владимир Путин Кремлде жоокерлер менен жолугушууда. Бул күнү Сириядагы аскердик өнөктүктүн алгачкы жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылган.

2017-жылдын декабрында президент Сириядагы аскердик операция жеңиш менен аяктаганын жана контингент Орусияга чыгарыларын айтыш үчүн "Хмеймим" авиабазасына учуп барган. Анткен менен аскерлер Сирияда дагы калып, Башар Асад 2024-жылдын 8-декабрында өлкөдөн качып кеткенге чейин анын бийликте калышына жардам берүүнү уланта беришкен.

Сирия менен Орусиянын президенттери Сирияда, 2017-жыл

Сүрөттүн булагы, Syrian Presidency/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирия менен Орусиянын президенттери Сирияда, 2017-жыл

Ар бир жолу Путин орус армиясынын бул өлкөдө топтогон баа жеткис тажрыйбасын жана бул тажрыйба келечектеги аскердик жортуулдарда ага кандайча жардам берерин баса белгилеп келген. Бирок жарандарды өтө санаага салбаш үчүн сөзсүз кошумчалап турган: "Бүгүнкү күндө Орусиянын негизги күн тартиби, албетте, тынчтык. Бул оңой эмес шарттарда экономиканы өнүктүрүп, элибиздин бакубатчылыгын жогорулатыш керек. Бирок коопсуздукту камсыз кылмайынча, согушка даяр, натыйжалуу армия менен флотту курмайынча бул тапшырмалардын бирин да аткара албайбыз".

Ушул эле сөздөрдү Орусиянын башка расмий адамдары, ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов да кайталап келишкен. Алсак, Шойгу, Сириядагы согуштун жыйынтыктарын чыгарып жатып, 2016-жылдын октябрында Орусияда "Сириянын тажрыйбасын эске алуу менен жасалган" жаңы курал-жарактар пайда болуп жатканын айткан. "Сирияда 48 миңден ашуун жоокер баа жеткис тажрыйбага ээ болду", - деген эле Шойгу 2017-жылдын декабрь айында.

2015-жыл, АКШнын Москвадагы элчилигинин алдында Орусиянын Сириядагы согушка катышуусун колдогон пикет

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS / Denis Vyshinsky

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2015-жыл, АКШнын Москвадагы элчилигинин алдында Орусиянын Сириядагы согушка катышуусун колдогон пикет

Герасимов да орус армиясынын Сириядагы тажрыйбасын "баа жеткис" деп атаган.

2015-жылдын сентябрынан 2022-жылдын февралында Орусия Украинага бастырып киргенге чейин Сириядагы орус армиясын 11 генерал башкарган. Би-Би-Синин Орус кызматы Сириянын "баа жеткис" тажрыйбасы чоң согуш маалында канчалык пайдалуу болгонун байкап көрдү.

Генерал-полковник Александр Дворников

Сирияга дайындалган учурда ал Борбордук аскер округунун штаб башчысы болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга дайындалган учурда ал Борбордук аскер округунун штаб башчысы болгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аскерий топту жетектеген убактысы: 2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын июнь айына чейин

Генерал-полковник Александр Дворников Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго жакын генералдардын бири катары эсептелип келгендиктен, анын орус аскерлеринин Сириядагы тобун башкарууга биринчи болуп дайындалганы таң калыштуу эмес. Дворников Сирияда болгон дээрлик бир жыл ичинде орус авиациясы "Хмеймим" авиабазасынан 9 миңге жакын учуу жасаган, ал эми Каспий жана Жер Ортолук деңиздеринин акваторийлеринен "Циркон" ракеталары учурулган.

2015-жылдын ноябрында түркиялык F-16 учагы подполковник Олег Пешков башкарган орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн. Бул орус-түрк мамилелеринин узакка созулган кризисине алып келип, бир жылдан кийин гана жөнгө салынган.

Анын тушунда биринчи жолу Пальмира бошотулуп, анда дирижер Валерий Гергиев жана Путиндин досу, виолончелист Сергей Ролдугин концерт беришкен. Орусиянын колдоосу менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппо жана Латакия провинцияларына жигердүү чабуул коюп, жалпысынан 10 миң чакырымга жакын аянтты бошоткон. 2016-жылдын март айында Владимир Путин Дворниковду "Орусиянын Баатыры" жылдызы менен сыйлаган.

Белгилүү дирижер жана Владимир Путиндин ишенимдүү адамы Валерий Гергиев Пальмирадагы концертте оркестрге жетекчилик кылууда

Сүрөттүн булагы, Vadim Grishankin/Russian Defence Mnistry Press and Information Office/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белгилүү дирижер жана Владимир Путиндин ишенимдүү адамы Валерий Гергиев Пальмирадагы концертте оркестрге жетекчилик кылууда

Ошол эле учурда Amnesty International уюмунун укук коргоочулары өз баяндамаларында бул убакыттын ичинде орус авиациясы ооруканаларга, медициналык борборлорго жана клиникаларга кеминде алты жолу атайылап чабуул койгонун, ошондой эле калк жыш жайгашкан райондордо кассеталык бомбаларды колдонгон болушу ыктымал экенин белгилешкен. Орус бийлиги мындай айыптарды кескин четке кагып келет.

Орусияга кайтып келгенден кийин Дворников Түштүк аскер округунун командачысы болуп дайындалган жана көп өтпөй орус армиясы Украинага бастырып кирген. 2022-жылдын апрелинде ал Украинадагы орусиялык топтун биринчи командири болгон. Дворников Мариуполь шаарына абадан сокку урулганда бул калаанын блокадасын жетектеген деп айыпталып келет. Мариуполду курчоого алган бир нече айдын ичинде өмүрү менен кош айтышкан карапайым тургундардын так саны ушул кезге чейин белгилүү боло элек.

2022-жылдын июнь айынын башында эле Дворников украиналык операцияны башкаруудан четтетилгени тууралуу кабарлар пайда болгон. Ошону менен ал жогорку аскердик кызматтарга кайткан эмес; 2024-жылы өзгөчө мааниси болбогон ДОСААФ коомдук уюмунун төрагасы болуп бир жылдан аз иштеди. Жаңы кызматка дайындалган жок.

Генерал-лейтенант Александр Журавлев

Сирияга дайындалган учурда ал Түштүк аскер округунун штаб башчысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2016-жылдын июнь – декабрь айлары жана 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын сентябрына чейин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга дайындалган учурда ал Түштүк аскер округунун штаб башчысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2016-жылдын июнь – декабрь айлары жана 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын сентябрына чейин

2014-2015-жылдары Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттер жаңыдан башталган маалда Александр Журавлев адегенде Борбордук округда, андан соң Түштүк аскер округунда командачынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2016-жылы Украинанын башкы прокурору Журавлевду өзүн-өзү жарыялаган ДЭР менен ЛЭРдин аймагына аскерлерди жашыруун өткөрүүгө жооптуу орусиялык генералдардын тизмесине киргизген.

Сирияда Журавлев Дворниковдун тушунда топтун штаб башчысы болгон. Анын командачылыгы алдында алгачкы жарым жылда Сирия армиясы бир жагынан Алеппону алууга жетишкен. Бирок экинчи жагынан 2016-жылдын декабрында Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Пальмираны өз көзөмөлүнө кайтарып алышкан.

Пальмиранын жанындагы Сириядагы жалданма аскерлердин эстелиги

Сүрөттүн булагы, TG/Grey Zone

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пальмиранын жанындагы Сириядагы жалданма аскерлердин эстелиги

2018-жылдын 8-февралына караган түнү Дейр-эз-Зар провинциясындагы Хашамга жакын жерде америкалык учактар орусиялык "Вагнердин" отряддарына чабуул коюп, натыйжада ондогон орусиялык жалданма жоокерлер каза тапкан. Америкалык тараптын билдирүүсү боюнча, алар сокку урардын алдында орусиялык командачылыктан ал жакта орусиялык жоокерлер болушу мүмкүнбү деп сурашкан, бирок терс жооп алышкан.

Сириядан кайткандан кийин Журавлев адегенде Чыгыш, андан кийин Батыш аскер округдарынын аскерлерин башкарган жана бул кызматты Орусия Украинага бастырып киргенге чейин ээлеген. CNN өз иликтөөсүндө Журавлевду Харьковго кассеталык бомба чабуулдары үчүн жооптуу деп тапкан. Украин тарап дагы согуштун алгачкы күндөрүндө Журавлев "Смерч" менен шаарга сокку урууга буйрук бергенин айткан.

2022-жылдын сентябрында Журавлев Батыш аскер округунун командачысы кызматынан алынганы белгилүү болгон.

Жаңы кызматка дайындалган жок.

Генерал-полковник Андрей Картаполов

Сирияга дайындалган учурда Батыш аскер округунун командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2016-жылдын декабрынан 2017-жылдын мартына чейин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга дайындалган учурда Батыш аскер округунун командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2016-жылдын декабрынан 2017-жылдын мартына чейин

58-армиянын мурдагы командачысы Картаполов да Валерий Герасимовго эң жакын генералдардын бири саналчу. 2014-жылы ал Батыш аскер округунун штаб башчысы болгон, ал кезде округдун курамына кирген бригадалардын бири Украинанын чыгышында "Бук" ракета аткычын орноткон жана көп өтпөй андан малайзиялык Boeing MH-17 учагы атып түшүрүлгөн.

Ал Сириядагы орусиялык топту төрт ай гана башкарган. Бул убакыттын ичинде "Адмирал Кузнецов" согуштук кемеси Сириядан Орусияга акыркы сапарына аттанган, андан кийин 8 жыл модернизацияланган, ага 86 миллиард рубль сарпталган.

Картаполовдун тушунда Орусия менен Түркиянын Аскердик-космос күчтөрү биргелешкен биринчи операцияны өткөрүшкөн. Ал эми "Вагнердин" чабуулчу учактары Пальмираны экинчи жолу Сириянын көзөмөлүнө кайтарып, бул орус армиясы үчүн чоң жеңиш деп жарыяланган.

2021-жылы ал "Бирдиктүү Орусиядан" Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, ал жерде согуш башталгандан кийин аскердик тема боюнча негизги орус спикерлеринин бири болгон. Думада Картаполов ыктыярчылардын жана "Вагнердин" беделин түшүргөндүгү үчүн жазалоо, армияга чакыруу жашын көбөйтүү (30 жашка чейин), электрондук чакыруулар жана аскердик кызматка милдеттүүлөрдүн реестри жөнүндө мыйзамдарды демилгелеген.

Генерал-полковник Сергей Суровикин

Сирияга дайындалган учурда ал Чыгыш аскер округунун командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2017-жылдын март-декабрь айлары жана 2019-жылдын январь-апрель айлары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга дайындалган учурда ал Чыгыш аскер округунун командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2017-жылдын март-декабрь айлары жана 2019-жылдын январь-апрель айлары

Сергей Суровикин орус армиясындагы эң белгилүү генералдардын бири. Анын өмүр баяны 1991-жылдан бери кеңири айтылып келет, ал жылы жаш офицер Москвадагы окуяларда Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар комитетинин буйругу менен борборго кирген аскер колоннасын башкарган. Ошондо жөө согуштук унаалардын биринин дөңгөлөктөрүнүн астында үч митингчи каза болуп, Суровикинге кылмыш иши козголгон, бирок көп өтпөй Борис Ельциндин буйругу менен ырайым кылынган.

Суровикин Сириядагы орусиялык топту алгач жетектеген 2017-жылдын жай жана күз айларында Сирия армиясы менен Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин ортосунда бир катар маанилүү кармаштар болуп, анын натыйжасында Дамаск – Дейр-эз-Зор жолу, Евфрат дарыясынын батыш жээги бошотулуп, өкмөттүк аскерлер Ирак менен чек арага чыккан.

Суровикин Сирияда "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен жигердүү кызматташып, ал тургай анын ардактуу мүчөсү болгон.

Сергей Суровикин менен Владимир Путин Сирияда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Суровикин менен Владимир Путин Сирияда

2019-жылы Суровикин Сирияга экинчи жолу келгенде, Идлиб провинциясында орусиялык жана сириялык аскерлер жигердүү кармашып жаткан. Human Rights Watch уюмунун укук коргоочулары бул окуялар боюнча баяндамасында Суровикинди Идлибдеги мектептерди, ооруканаларды жана базарларды аткылоо үчүн жооптуу деп табышкан. Бул анын карьерасына эч кандай таасирин тийгизген эмес.

Жалпы жонунан Суровикин Сириядагы топтун командири болуп бир жылдан ашык кызмат кылды – бул анын бардык кесиптештерине караганда көбүрөөк. Бул иш сапарларынын натыйжасында ал "Орусиянын Баатыры" жылдызын алган.

Украинадагы согуш башталган кезде Суровикин Луганск аймагын оккупациялаган орус аскерлеринин Түштүк тобун башкарган. 2022-жылдын октябрында Украинадагы жалпы орусиялык топтун командачысы болгон. 2022-жылдагы орус армиясынын бир катар оор жеңилүүлөрүнөн кийин ал Орусиянын "оңой эмес чечимдери", атап айтканда, орус армиясы оккупацияланган Херсондон жана Днепрдин оң жээгинен чыгарылып жатканы тууралуу жарыялоого аргасыз болгон.

Евгений Пригожин менен бирге Суровикин Украинадагы согушта орус армиясынын тактика маселелери боюнча Сергей Шойгу менен Валерий Герасимовдун каршылашы болгон. "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожин уюштурган козголоң учурунда Суровикин жалданма аскерлерге кайрылып, аракеттерин токтотууга чакырган, бирок бул баары бир анын карьерасын сактап кала алган эмес.

Кайсы бир убакытка генерал коомдук чөйрөдөн көрүнбөй калып, социалдык тармактарда "Орусияда көтөрүлүш болгон сайын Суровикин СИЗОго түшүп калат" деп тамашалашкан. Көп өтпөй Суровикин Алжирдеги Орусиянын аскердик кеңешчиси катары коомдук чөйрөдө кайрадан пайда болгон.

Африкадан тартылган сүрөттөрдө Суровикин көңүлү токтой көрүнөт, бирок согушуп жаткан өлкөнүн аскердик иерархиясында муну сүргүн катары бааласа болот.

Генерал-полковник Андрей Сердюков

Сирияга дайындалган учурда ал Аба-десанттык күчтөрдүн командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2019-жылдын апрель – сентябры
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга дайындалган учурда ал Аба-десанттык күчтөрдүн командачысы болгон. Топту жетектеген убактысы: 2019-жылдын апрель – сентябры

Сердюков Рязань аскердик-десанттык окуу жайынын бүтүрүүчүсү.

2014-жылы Украинанын чыгышында согуштук аракеттер башталгандан кийин ал Түштүк аскер округуна которулган, ал жерде орус-украин чек арасы аркылуу аскерлерди жашыруун өткөрүү үчүн жооптуу болгон, бул үчүн ал 2017-жылы Украинанын санкцияларына биринчилерден болуп кирген.

2017-жылы Сириядагы топту жетектеши керек болчу, бирок катуу кырсыкка кабылып, омурткасы сынып, Сириядагы иш сапары дээрлик эки жылга жылдырылган.

Анын командачылыгы астында Сирия армиясы Идлиб провинциясында жигердүү чабуулга өтүп, Хан-Шейхун шаары көзөмөлгө алынып, Хама провинциясы согушкерлерден дээрлик толугу менен бошотулуп, ал эми Орусия Сирия менен Тартус портуна флотту 49 жылда жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол койгон.

Орусия Украинага бастырып киргенге чейин ал Казакстанда ири нааразылык акциялары башталгандан кийин ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнө командачылык кылган.

Орусия Украинага бастырып кирген алгачкы апталарда Аба-десант күчтөрү Москванын планында негизги ролду ойношу керек болчу. Киевге чабуул коюуга жана Гостомель аэродромуна конууга аба-десанттык аскерлердин эң тандалма түзүмдөрү катышкан.

Согуштун алгачкы айларында 1200дөн ашык десантчы каза тапкан. Кайсы бир маалда Украинада көз жумган ар бир бешинчи орусиялык согушкер Аба-десант күчтөрүнөн болгон. Ал тургай, атайын бөлүктүн катардагы жоокерлери гана эмес, офицерлер да каза болушкан.

2022-жылдын июнь айында Сердюков Аба-десанттык күчтөрүнүн башкы командачысы кызматынан бошотулганы белгилүү болгон. Бул кызматта анын ордуна Михаил Теплинский дайындалган. 2023-жылы Андрей Сердюков Сириядагы топтун командачысы болуп кыска мөөнөткө кайтып келген, андан кийин ал ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы кызматына дайындалган.

Сүрөттөр Би-Би-Сиге таандык. Тариздөөдө ТАССтын сүрөттөрү колдонулду

*Орус бийлиги Илья Барабановду "чет элдик агенттердин" реестрине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге кескин түрдө каршы жана аны сотто талашууда.