"Чоңдугуңа чокоюм". Австралияда жумуштан кийин кызматкердин тынчын алууга болбойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жуао да Силва
Би-Би-Синин бизнес кабарчысы
Австралияда жумуш убактысы аяктагандан кийин кызматкерлердин иштеген компаниясы менен "байланышты үзүүгө" укук берген жаңы мыйзам кабыл алынды.
Документке ылайык, кызматкерлер жетекчилери жазалайт деп коркопстон жумуштан кийинки чалуу жана билдирүүлөргө жооп бербей коё алышат.
Өткөн жылы жарыяланган изилдөөгө таянсак, австралиялыктар жылына орточо эсеп менен 281 саат ашыкча иштешет жана ал үчүн ашыкча акы төлөнбөйт.
Ушул тапта дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө, негизинен Европа жана Латын Америкасында ушундай эрежелер бар.
Мыйзам жумуш берүүчүлөргө жумуштан кийин кызматкерлер менен байланышууга тыюу салбайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эгер кызматкерлер жооп берүүдөн негизсиз эле баш тарта берсе жетекчиси аларды жооп берүүгө мажбурлай алат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эрежеге ылайык, иш берүүчү менен кызматкерлер талаш-тартыштарды өз ара чечүүгө аракет кылышы керек. Эгерде мунаса таба алышпаса анда Австралиянын Адилеттүү жумуш комиссиясы (FWC) кийлигишүүгө аргасыз болот.
FWC анда иш берүүчүгө жумуш саатты аяктагандан кийин жүйөлүү себепсиз эле кызматкерлердин тынчын албоого буйрук бериши мүмкүн.
Эгерде кызматкердин негизсиз эле жооп берүүдөн баш тарта бергени аныкталса комиссия аларды жетекчиси менен байланышка чыгууга үндөй алат.
FWC уюмунун талабын аткарбаган кызматкерге 19 миң австралиялык долларга чейин (болжол менен 1 млн, 980 миң сом), компанияга 94 миң австралиялык долларга чейин (54 млн, 300 сомдун тегереги) айып салат.
Эмгекчилердин укугун коргогон уюмдар кабыл алынган жаңы эрежеге каршы эместигин билдиришти.
"Бул кызматкерлерге жумуш убактысынан тышкаркы учурда чалуулардан баш тартууга мүмкүнчүлүк берет жана жумуш менен жеке жашоону бирдей алып кетүүгө шарт түзөт", – деди Австралиянын профсоюздар кеңеши.
Жумуш орду боюнча эксперт жаңы эрежелер иш берүүчүлөргө да жардам берерин Би-Би-Сиге билдирди.
"Көбүрөөк эс алып, жумуш менен жашоонун тең салмактуулугун сактаган компаниянын кызматкерлери ооруганы боюнча өргүүгө аз чыгат. Себепсиз эле жумуштан кетип калуу учурлары азаят", – деди Суинберн Технология университетинин окутуучусу Жон Хопкинс.
"Кызматкерге пайдалуу болгон нерсе иш берүүчүгө да пайда алып келет."
Жарнама тармагынын кызматкери Рейчел Абдельнур мындай мыйзамдардын болушу абдан маанилүү экенин Рейтер агенттигине билдирди.
"Биздин жумуштан кийин деле көп убактыбыз телефондорубузга, электрондук почталарыбызга байланып калат. Менимче андан арлыуу абдан кыйын".
Айрым адистер жаңы эрежелердин ишке ашуусунан күмөн санашарын жашырган жок.
"Бул эң сонун идея, чынын айтсам бул биздин өнөр жайыбызда ишке ашарынан күмөнүм бар", – деди каржы тармагынын кызматкери Дэвид Бреннан. (SA)












