Ким Чен Ын Кытайдын союздашы, бирок "тозоктогу жолдош"
Лора Бикер, Би-Би-Си кабарчысы

Сүрөттүн булагы, AFP
Кытайдан келген туристтер 12 кабаттуу үйдө күзгү шамалдан калкаланып сүрөткө түшүп жатышты. Бул жер алардын өлкөсү Орусия жана Түндүк Корея менен кесилишкен чекит болуп саналат.
Дубалда илинип турган картада улуттук үч желек бири-бирине кыналышып турат, бул Кытайдын түндүк-чыгышындагы Фанчуань өзгөчө жер экенин билдирет.
"Мен бул жерде турганыма сыймыктанам. Сол жагымда Орусия, оң жагымда Түндүк Корея. Адамдар ортосунда чек ара жок",- дейт кесиптештери менен саякаттап жүргөн бир аял.
Бул аябай эле оптимисттик сөз. Ал көргөнү келген кытай аймагынын кичинекей тилкеси сыяктуу эле Пекин өзү дагы азыркы учурда эл аралык санкцияга кабылган коңшуларынын ортосунда калды.

Путин менен Ким Чен Ындын ортосунда түзүлүп жаткан альянс тууралуу тынчсыздануулар Түндүк Корея Орусияга Украинадагы согушка жардам берүү үчүн миңдеген аскерин жиберип жатат деген кабарлар таркаганда ого бетер күчөдү.
Пхеньян бейшембиде континент аралык ракетасын учурду, анын алдында бир нече апта бою ал Сеулга каарын төккөн билдирүүлөрдү жасады.
"Кытай Түндүк Кореянын үстүнөн жогорку деңгээлдеги мамилеге умтулууда. Түндүк Кореянын Орусия менен мамилеси эми буга кыйынчылык жаратууда",-дейт International Crisis Group уюмунун аналитиги Кристофер Грин.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эгер Кытай лидери Си Цзинпин Путин менен Ким Чен Ындын альянсын өзүнүн кызыкчылыгына тууралап албаса, анда ал Батыштын кыжыры кайнап тургандагы окуялардын чордонунда калары шексиз.
Москва менен Пхеньян түндүккореялык аскерлер Украинага жөнөп жатканын тастыктабай жатканы менен бул абдан эле орчундуу эскалация катары каралууда. Ал эми АКШ Түштүк Корея менен Украинанын чалгын кызматтарынын билдирүүсүнөн кийин кашкайган далил бар деп жатат.
Биринчи кабарлар октябрдын башында Си Цзинпин орус кесиптеши менен БРИКСте жолугушардын алдында чыкты.
Кыязы, кытайдын союздаштары барган сайын анын көзөмөлүнөн чыга баштагандай көрүнүүдө. Бул үчилтиктеги улуу өнөк болгон Кытай АКШга жол бербей, дүйнөлүк жаңы тартиптин туруктуу лидери болууга умтулуп келатат. Бирок анын бир союздашы Европада согуш баштаганда, экинчиси аны колдоп жатканда, аларды имерип иш кылуу кыйын болуп баратат.
"Кытай бул ишке кабатыр, бирок ал өзүнүн нааразылыгын көрсөтпөөгө аракет кылууда", - дейт Грин.
Бул албетте Пекинди жүрөк заада кылган тема. Мындай кооптонууну чек арага чектеш шаарда туристтерге кубанган, ал эми журналисттерге кумсарган мамиледен эле байкаса болот.
Биз коомдук жайларда көп болдук, бирок ошого карабай командабызды токтотуп, бир нече жолу такып сурап, биздин тарткан кардрларды өчүртүштү.
Полиция биздин мейманканадагы номурларыбызды көрүп кетти жана Хунчунь портуна барчу жолду жаап койду. Ошентип биз Орусия менен Кытайдын ортосундагы сооданын кандай болуп жатканын жеринен көрө албай калдык.

"Эрин менен тиштер"
Фанчуандагы көрүү аянтында көп турист Түндүк Кореяны көрүш үчүн келгени байкалат.
"Мен велосипед тээп жүргөн кишини көрдүм",- дейт бир кыз телескопту карап. "Ооо! Бул ушундай табышмактуу өлкө",- деди анын жанындагы курбусу.
Жаныбызда Туманган дарыясы агып жатат, ал үч өлкөнү тең кесип өтөт. Бул Кытайдын Жапон деңизине кеткен дарбазасы, бул жакта Токио менен аймактык талаш дагы эле бүтө элек.
Кытайдын 1400 чакырымга созулган чек арасында Түндүк Кореяга ачык болгон платформалары бар. Ал эми Түштүк Кореянын Түндүк менен чек арасында калдайган тоскоолдук турат, минага шыкалган, тордолгон демилитаризация болгон зона бар.
Мага бирөө турнабайын бере салды. Бир нече адам эски велосипед менен айылды аралап баратканы көрүнөт, жашоонун башка белгиси көрүнбөйт. Бир чоң имарат, кыязы мектеп окшойт, анда "Чосондун (Түндүк Кореянын дагы бир аты) урматына жакшы окугула" деген көрнөк илинип турат.
"Түндүк Корея дайым биздин коңшу болуп келген. Бизге бөлөк-бөтөн эмес",- дейт орто жаштагы бир киши. "Алар кандай жашап жатканын көргөнүмдө Кытай кантип гүлдөп, күчтүү өлкө болуп жатканын даана сезем".
Ким Чен Ындын режими кубаттуу коңшусунун жардамысыз кыйын болот. Соодасынын 90% Кытай менен, азык-түлүк жана отун дагы бул жактан келет.
Дайыма эле мындай болгон эмес. 1960-жылдардын башында эң оболу ачкалыктан алсыраган кытайлар дал ушул Туманган аркылуу качкан. Кээ бирлери Түндүк Кореяга барып окушкан, анткени ал убакта билим берүү бул жакта жакшы деп эсептелчү.
Түндүк Кореянын экономикасы 1991-жылы арзан мунайдын булагы болгон советтер союзу тараганда кыйроого учурады. Азык-түлүк тартыштыгы курч болду, акыры ачарчылыкка чейин жетти.
Ошондо Түндүк Кореядан ачарчылык менен репрессиядан качкандар көп болду. Азыр алардын 30 000 Түштүк Кореяда, ал эми бир бөлүгү дагы эле Кытайда жашайт.
"Советтер союзу таркагандан кийин Түндүк Кореяда Кытайдан башка карай турган жол калбады",- дейт Грин.
Бирок азыр Орусия альтернатива сунуш кылганда, түндүккореялыктар андан пайдаланууга аракет кыла баштады.
Кытай Эл Республикасынын биринчи лидери Мао Цзэдун Пекин менен Пхеньяндын ортосундагы мамилелерди "эрин менен тишке" салыштырган. "Эгер эрин болбосо, тишке суук тиет",- деген эле.
Үч тараптуу альянс Батышты көптөн бери тынчсыздандырууда, ал эми Москва менен Пхеньяндын жакындашканы кооптонууну ого бетер күчөттү.
"Тозоктогу жолдош"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ондогон жыл бою Түндүк Кореяны изилдеген социолог Эйдан Фостер-Картердин баамында, эми Кимдин эрини "такыр башка адам менен өбүшүп" атканда, Пекиндин кызганычы күчөбөй койбойт.
"Түндүк Корея Орусия үчүн да, Кытай үчүн да тозоктогу жолдош болуп келген. Алар каалаганча акча ала берет, бирок акыры өз билгенин кылат".
Аналитиктер Ким соңку жылдын ичинде негизинен Си Цзинпинге эмес, Путинге жагынып келгенин белгилешүүдө. Ким 2019-жылдан бери Сиге жолуга элек, ал эми Путин менен соңку жылда эки жолу көрүштү. Орусиянын Украинага кол салышы санкцияга тушуккан эки өлкөнү мурда болуп көрбөгөндөй жакындатты. Путин өзү баштаган согушка чоң колдоо издеп жатканда, Ким өзүнүн режимин альянстар менен бекемдеп алгысы келет.
АКШнын маалыматы боюнча, Ким Москвага миллиондон ашык артиллериялык снаряд жана "Град" ракеталарын сатты, бирок Түндүк Корея аны танууда.
Эки өлкө июнда бири-бирине жардам берүү жөнүндө коопсуздук келишимине кол коюшкандан бери кызматташтык жанданды.
Бирок азыр Пекин Орусия менен жакындашкан Түндүк Кореяда кырдаал кандай болуп кетет деп чочуп турат.
"Бул Путинге пайда алып келет, бирок Си Цзинпинге эч пайда бербейт".
Эксперттердин баамында, Путин согушка келген аскер ордуна Пхеньянга кандай аскердик технологияларды берип салат деп Пекин кооптонууда.
"Түндүк Корея оңой менен баш ийбеген кежир экенин Кытай сыяктуу эле Орусия да жакшы билет. Кимге өзөктүк курал үчүн көп технологиялардын берилиши эч кимге пайда алып келбейт".
Кытай лидери Си азыр радикалдуу чара көрбөйт дешет, анткени Кытайга туруктуу Түндүк Корея керек. Эгер ал жардамды токтотуп койсо, анда чек арада качкындар кризиси чыгат.
Кимдин шойкомдуу авантюрасынын кесепети анын сырт дүйнөдөн бөлүнүп калып, режимдин көзүн карап жашаган 25 миллион калкына да тийбей койбойт. (КС)











