Кыргызстанда күйүүчү май 15% кымбатташы мүмкүн

бишкек
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Синин фрилансер журналисти

Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майдын тартыштыгынан улам баа 15% кымбатташы ыктымал экенин эскертти. Ал ортодо Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетер-жетпеген өлчөмдө калганын билдирүүдө.

21-октябрда А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо наркы 80 сом 50 тыйынга бааланды. Кыргызстанда күйүүчү майлоочу-майдын баасы дээрлик күн сайын өсүп жатат.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр октябрь айында ушундай эле сапаттагы бензиндин орточо наркы 74 сом 7 тыйын болчу.

Бишкек шаарынын тургуну Турганбек Мамытов бензиндин баасы өтө кымбаттап кеткенине байланыштуу коңшу Казакстанга өтүп, ошол жактан май куюп чыгууну пландап жатканын айтат:

"Өткөн айда 78 сомдон куюп жаттым эле, бүгүн 80 сомдон ашып кетиптир. Нары-бери көп айдайм. Азыр айына 20 миң сомго май куюп жатам. Анын теңи тыгында эле коройт. Себеби балдарымды бала бакчага алып бара жаткан учурда бир жарым саат жолдо турам. Азыр акчаны үнөмдөө үчүн Казакстанга өтүп барып, ошол жактан бензин багын толтуруп чыгып турсамбы деп ойлонуп жатам. Ал жакта арзан экен".

Расмий маалымат боюнча 21-октябрга карата Казакстанда А-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 46, Орусияда – 71, Беларуста – 77, Арменияда – 121, Тажикстанда – 93 сомдун тегерегин түздү.

май куюуучу жайлардын бири

"Күйүүчү майдын бир айга жетер-жетпес запасы калды"

Алдыдагы божомол да көңүл жубатарлык эмес.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги Би-Би-Сиге билдиргендей, мунай өнүмдөрүнүн наркы 15% жогорулашы ыктымал. Мекеме баанын кескин көтөрүлүшүнүн алдын алуу үчүн бир катар чараларды сунуштап жатканын кабарлады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Акциз, кошумча нарк салыгы, экологиялык төлөмдөр сыяктуу алымдарды азайтуу сунушталууда. Себеби бул төлөмдөр күйүүчү майдын наркынын 20% түзөт. Мындан тышкары мунай ташуучуларга жеңилдетилген насыя берүү сунушталууда. Бул мурдагы жылдары натыйжалуу чара катары өзүн көрсөтө алган", – деп билдирди агенттик.

Бул арада Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстанда бир айга жетер-жетпес күйүүчү майлоочу майдын запасы калганын билдирди.

Ал ушул тапта күйүүчү майды сатууда чектөө киргизилиши мүмкүнбү же жокпу деген суроого жооп берүү кыйын болуп турганын белгилейт:

"Кырдаал кооптуу деп деле айтсак болот. Азыр мурдагыдай эки айлык запас жок. Бир айга жетер-жетпес калды. Орусиянын өзүндө да мунай өнүмдөрү тартыш болуп жатат. Алар биринчи ички рынокту камсыздашы керек. Ошондуктан алар биз сураган көлөмдөгү мунай өнүмдөрүн жеткире албай жатышат".

Өлкөнүн мунай өнүмдөрүнө карата жылдык муктаждыгы орто эсеп менен 1,4 -1,6 млн тонна.

бензин

Орусиянын өзүндө бензин кымбаттады

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 93% өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Орусиядан жеткирилет.

Ошол эле маалда Орусиянын өзүндө да күйүүчү майдын баасы өсүп, тартыштык өкүм сүрүп жатканы айтылууда.

Орусиянын Статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери бензин дээрлик 11% кымбаттаган.

Орусия жайында айрым заводдорун ремонт үчүн жапканын айтып келет. Кээ бирлери украин дрондорунун чабуулуна кабылып ишин токтоткон.

Би-Би-Си Орус кызматынын эсептөөлөрүнө караганда, август айында кеминде 14 дрон чабуулу катталган, сентябрда сегиз, ал эми октябрдын алгачкы 10 күнүндө эле төрт жолу чабуул жасалган. 2025-жылдын январынан бери украин дрондору Орусиядагы 38 ири мунай заводунун ичинен 21ди бутага алган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 48% көп.

"Кытай менен сүйлөшүү жүрүп жатат"

Мындай шартта кыргыз бийлиги мунай өнүмдөрүн башка өлкөлөрдөн да жеткирүүнүн жолдорун карап жатат.

"Мунайды ири көлөмдө өндүргөн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар Азербайжан, Түркмөнстан, Иран, Бириккен Араб Эмираттары. Ушул тапта Кытай менен кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок азырынча келишим түзүү баскычына жете элекпиз", – деди Канат Эшатов.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калкты жана экономиканы күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо жагы өзгөчө көзөмөлгө алынып жатканын билдирген.

Ал тиешелүү мекемелерге стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга тапшырма берген.