Трамптын бийлиги 19 өлкөдөн келген мигранттардын грин-карталарын текшерет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Отдел новостей
- Role, Русская служба Би-би-си
Трамптын администрациясы 19 өлкөдөн АКШга көчүп келген адамдарга мурда берилген грин-карталарды кайрадан карап чыга турганын билдирди. Бул чечим Ак үйдүн жанында Улуттук гвардиянын аскерлерине жасалган куралдуу кол салуудан кийин кабыл алынды.
АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын (USCIS) башчысы Жозеф Эдлоу президент ага "кооптонууну жараткан өлкөлөрдөн келген ар бир чет өлкөлүктүн грин-картасын толук жана кылдат кайра текшерүүнү" тапшырганын айтты.
Иммиграция кызматы Би-Би-Синин "кайсы өлкөлөр тизмеге кирди" деген суроосуна жооп берип жатып, Дональд Трамптын июнь айында чыгарган жарлыгына шилтеме жасады. Ал жарлыкта Азия, Африка жана Латын Америкасынан 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынган, дагы жети өлкөнүн жарандарына кирүү чектелген.
Грин-карталарды текшерүү тууралуу маселе Вашингтондо шаршемби күнү Улуттук гвардиянын эки аскери ок жегенден кийин күн тартибине чыкты. Эки жабырлануучу тең оор жаракат алды. Жабыркагандардын бири, Сара Бекстром, ооруканада каза болду. Кол салууга ооган жараны шектелүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шектүү Рахманулла Лаканвал АКШга 2021-жылы – Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылган соң, ооган жарандарына сунушталган атайын иммиграциялык программа аркылуу келген.
Президент Дональд Трамп окуяны "улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч" катары баалады.
Жозеф Эдлоу социалдык тармактагы билдирүүсүндө грин-карталарды масштабдуу кайра карап чыгуу тууралуу жазган, бирок бул кол салууну кеп кылган эмес.
"Бул өлкөнү жана америка калкын коргоо ар дайым биринчи орунда турат жана америкалык калк мурунку администрациянын этиятсыз миграциялык саясатынын кесепеттерин тартпайт", — деп билдирди Эдлоу.
Грин-карталарды кайра текшерүү кандай өтөрү тууралуу кошумча маалымат берилген жок.
Трамптын июнь айындагы жарлыгында "чет элдик террорчулардан жана улуттук коопсуздук менен коомдук тартипке коркунуч жаратуучу башка факторлордон" коргоо максатында АКШга чет элдик жарандардын кирүүсүн чектөө тууралуу айтылган.
АКШ президентинин администрациясы кайсы бир өлкөнү тизмеге киргизүүдө коопсуздук маселелери жана мөөнөтү өткөн ишкердик, студенттик жана туристтик визалардын саны эске алынганын билдирген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти сентябрь айында бир нече өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарткан.
Натыйжада, кыргызстандык жарандарга B-1/B-2 визасы мурда он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган. Бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө мүмкүн.











