"Z муунунун" нааразылык акциялары. Мароккодо үч адам каза тапты

Мароккодо өрттөлгөн унаа

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Бейпилдик жана тынчтык өкүм сүрүп келген Мароккодо бир аптадан бери коррупцияга каршы катуу нааразылык акциялары уланууда. Аны жалпыга маалымдоо каражаттарында "Z муунунун" наарызылыгы деп атап жатышат. Шаршембиде полициянын аймагын курчоого алуу аракети болуп, үч адам ок жеген.

Ок тийген демонстранттар каза тапканын бейшембиде Марокконун өкмөт башчысы Азиз Ахануш ырастады. Эл аралык агенттиктер өлкөнүн түштүгүндөгү курорттук аймак Агадирге жакын жердеги Лаклиа шаарындагы полиция бөлүмүн басып алууга аракет жасалганда, ок чыгарылганын жазып жатышат.

Morocco World News сайты каршылык акцияларына чыккандар жандармериянын казармаларын курчоого алып, курал-жарактарды тартып алууга аракет кылышканын тактады.

Марокконун ИИМи жандармерияга кол салгандар курал көтөрүп келишкенин, жандармдар мыйзам чегинде өздөрүн коргоо үчүн ок чыгарышканын билдирди.

Жаштар коррупция жана коомдогу теңсиздикке каршы чыгышканы айтылууда. Алар ошондой эле эки башка футболдук турнирге: ноябрда өтө турчу Африка улуттарынын кубогу жана 2030-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына кетип жаткан чоң чыгымдарга каршы болууда. Дүйнөлүк чемпионатты Марокко коңшулары Португалия жана Испания менен бирдикте уюштурууда.

Каршылык акцияларына чыгышкандар "стадиондор бар, ал эми ооруканаларчы" деп суроо коюушууда.

Митингдер Агадирдеги бейтапканалардын биринде тогуз эненин төрөттөн кийинки өлүмүнөн тутанып кетти.

"Z муунунун" наарызылыгына чыккандар 30 жашка чейинки жаштар. Алар өлкө ичинде каршылык демонстрацияларына чыгып, бир ай мурунку Непалдагыдай Discord интернет платформасы аркылуу башкарылып жатат.

Бул платформада марокколук жаштар "GenZ 212" тобу аркылуу аракеттерин шайкештирип, бирок аны ким түзгөнү белгисиз.

ИИМ бейшембиде билдирүү жасап, анда баш аламандыктарда жалпысынан 300 адам жараат алганын, жарадар болгондордун көбү полиция өкүлдөрү экенин айтты. Нааразылык акцияларына чыккан 400 адам кармалганы белгилүү болду.

Ички иштер министрлиги 80 администравтивдик имарат, банк жана дүкөн талкаланганын эсептеп чыккан. Өкмөткө тийиштүү 300, ал эми жеке жактарга тийиштүү 175 машина өрттөлдү.

"GenZ 212" тобун башкарып жаткандар тынч жол менен нааразылык билдирүүгө чакырып жатышат.

Митингдердин биринчи күндөрү каршылык билдирүү тынч жүргөн, бирок 1-октярбрдан тарта баш аламандыктар башталды.