Илон Маск Тесланын башчысы болгонду жек көрөт

Илон Маск Axel Springer Award 2020 аземинде

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Маск Axel Springer Award 2020 аземинде, Берлин, 2020

Илон Маск Тесланы (Tesla) жетектегенден жыргал албасын жар салды.

“Керек болсо, мен аны жек көрөм. Мен убактымды дизайн же инженерлик иш кылып өткөргөндү жактырам”, - деди ал АКШнын сотунда.

Tesla’нын миллиардер негиздөөчүсү муну компаниянын директорлор кеңешин $2.6 миллиардга күн такталарын чыгарган компанияны сатып алууга мажбурлаган деген айыптоо боюнча башталган сот ишинин башында айткан.

Акционерлер аны машине өндүрүүчүнүн акчасын SolarCity компаниясын сатып алууга короткон деп айыптоодо. Келишим түзүлгөн учурда, Илон Маск эки компаниянын тең, - Tesla жана анын бөлөлөрү негиздеген күн такталарын чыгаруучу SolarCitу, - 22% акцияларына ээлик кылган.

“Бул акцияларды алмашуу келишими болгон жана мен ал кезде эч кандай финансылык пайда алып келбеген эки компаниянын акцияларынын бирдей пайызына ээлик кылгам”. – дейт ал.

Илон Маск Берлинге жакын жайгашкан Tesla Gigafactory көргөнү келгенде. 2020-ж. сентябрь айы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Маск Берлинге жакын жайгашкан Tesla Gigafactory көргөнү келгенде. 2020-ж. сентябрь айы.

“Мунун баары башкы пландын бөлүктөрү”

Ал келишим жашыл энергиясы камсыздалган жеткиликтүү транспорт чыгаруунун “башкы планынын” бөлүктөрү болгонун айтып, директорлор кеңешине кысым кылганын четке какты.

Акционерлер, Форбстун маалыматына ылайык, байлыгы $168 млрд түзгөн Илон Маскка каршы иш ачып, соттон анын компанияга $2.6 млрд кайтарып беришин талап кылышууда. Бул жеке кишиге каршы коюлган тарыхтагы эң ири доолордун бири.

Былтыр Tesla’нын директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү койгон $60 млн доо өз ара макулдашуу боюнча жабылган. Илонду директорлор кеңешинен чыгарууну талап кылгандар ага эч кандай укук бузууларды табышкан эмес.

Wedbush Securities аналитиги Дэн Ивс, инвесторлор бул ишти өтө тыкан карашарын белгиледи. Ал “SolarCity келишими Илон Маска жана Tesla үчүн “кара так” болуп калды жана компанияда “үлбүлдөгөн жарык нур” пайда болду” – деп жазган ал өзүнүн билдирмесинде.

Ага карабастан, дүйшөмбүдө Tesla акциялары 4% ашык өсүү менен жабылды.

Сот иши эки апта уланат деп күтүлүүдө. Акционерлердин адвокаты, Рандал Барон, ишкерге Делавердеги канцеляриялык сотто каралып жаткан иш "зериктире турганын" эскертти. Адвокат даярдап келген папкага колун шилтеп, “Мен аны көрбөй туруп айта алам” – деп жооп кайтарды Илон Маск. (ChS)