Кир Стармер - Улуу Британиянын жаңы премьер-министри

Сэр Кир

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп лейбористтердин лидери Ким Стармер келди. Анын жетекчилиги астында Лейбористтик партия шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетти.

Төрт жыл мурда сэр Кир лейбористтердин лидери Жереми Корбиндин ордуна келген. Ошол учурдан тарта анын башкы милдети партияны центристтик позицияга кайтаруу менен ага элдик колдоону күчөтүү болчу.

Лейбористтер оппозицияда 14 жыл болду.

Саясатка чейинки карьера

Кир Стармер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кир Стармер өзүнүн башка кесиптештерине караганда жалпы палатанын депутаты болуп кечирээк келди. Бул убакта ал 50 жаштан ашып, юристтин даңктуу карьерасын басып өткөн эле.

Саясат аны дайыма кызыктырып келген, жаш кезинде эле радикалдуу солчул идеяларды карманган.

Стармер 1962-жылы Лондондо төрөлүп, кийин анын үй-бүлөсү Сарр графчылыгына көчүп барган. Сэр Кир өзүнүн түпкү теги жумушчулардан экенин көп айтып калат.

Ал жумушчу үй-бүлөдө төрт баланын бири: атасы заводдо слесарь-инструментальщик, апасы - мээрман айым болуп иштеди.

Жаңы британ премьеринин үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү башынан эле Лейбористтик партиянын берилген мүчөлөрү. Айтмакчы, аны Кир деп партиянын негиздөөчүсү жана биринчи лидери, шотландиялык шахтер Кир Хиндинин атынан коюшкан.

Анын үй-бүлөсүнүн жашоосу дайыма эле бейкут болгон эмес. Кир Стармердин айтымында, атасы абдан муздак жана обочолонгон адам болгон. Ал эми апасы өмүрүнүн көп учурун Стиллдин оорусу деп аталган аутоиммундук оорудан кыйналып өткөрдү. Акыры ал майыптын арабасына отуруп калды да, бир учурда сүйлөй албай да калды. Ал аз келгенсип, бутун да кестиришке туура келди.

Кир Стармер Лейбористтик партиянын катарына 16 жашында өткөн. Бир канча убакыт ал «Социалисттик альтернатива» деп аталган солчул багыттагы журналды жетектеген.

Кир Стармер университеттеги учуру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир Стармер университеттеги учуру

Кир Стармер өзүнүн үй-бүлөсүндө университетке өткөн биринчи адам. Ал Лидсте жана Оксфорддо укукту окуду, андан кийин адам укуктарына адистешкен адвокат болуп иштеди.

Ошол убакта ал Кариб бассейниндеги жана Африкадагы өлкөлөрдө өлүм жазасын жоюнун үстүндө иштеди.

1990-жылдардагы белгилүү бир окуяда ал McDonalds жалган айтты деп сотко берген эки жаш активисттин кызыкчылыгын коргогон.

2008-жылы Кир Стармер Королдук прокурор кызматынын директору болуп дайындалды, башкача айтканда Англия менен Уэльстеги эң чоң прокурор болуп калды.

Бул кызматта ал 2013-жылга чейин иштеп, 2014-жылы рыцардык наамга татыктуу болду, ошондо гана ал сэр атагына конду.

Уэльск канзадаасы, азыркы король - король Карл III Кир Стармерге рыцар наамын ыйгарууда, 2014-жыл

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уэльск канзаадасы, азыркы король - король Карл III Кир Стармерге рыцар наамын ыйгарууда, 2014-жыл

Кир - лейбористтердин лидери

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кир Стармер 2015-жылы Лондондогу Холборн жана Сент-Пэнкрас округдарынан жалпы палатага шайланды. Ал убакта Лейбористтик партия ашкере солчул саясатчы Жереми Корбиндин жетекчилиги астында оппозицияда болчу. Ал Стармерди көмүскө министрлер кабинетинин ички иштер министри кылып дайындады. Анын милдети өкмөттүн миграция сыяктуу маселелердеги ишине байкоо салуу болчу.

Британиянын калкы Евробиримдиктен чыгууга добуш бергенде сэр Кир брексит боюнча катчы болуп дайындалды.

Лейбористтердин лидери болуу шансы Стармерге 2019-жылы болгон жалпы шайлоонун убагында келди. Шайлоодо лейбористтер партиясынын жолу болбой, аябай катуу жеңилди. Ошондо Жереми Корвиндин отставкага кеткенден башка аргасы калбады.

Сэр Кир солчул позициядан болсо да партия мүчөлөрүнө электр жана суу компанияларын улутташтыруу, университеттерде студенттерди акысыз окутуу сыяктуу ураандарды көтөрүп жатып, лидер болуп калды.

Партия ичинен радикалдуу солчул идеяларды колдогондор менен сабырдуу турумдагы саясатчыларга жиктелди.

Кир Стармер партияны бириктирерин убада кылып, ошол эле убакта Корвиндин радикализмин дагы сактай турганын билдирди.

Кир лидер болгондон кийин эле Жереми Корбинди антисемитизм жаңжалына байланыштуу парламенттик Лейбористтик партиядан четтетип салды.

Лейбористтердин солчул канатынын көп өкүлдөрү Кир Стармер партиянын ичинде алыска кеткен саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.

Анын максаты парламентке талапкер катары сабырдуу позицияны кармангандарды көрсөтүүгө жетишүү болуп саналат.

Кир Стармер менен Жереим Корбин

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир Стармер менен Жереми Корбин