Ажылык сапарда быйыл өлүм-житим көп: анын алты себеби

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK
Дүйнөлүк ЖМКлардын кабарына караганда, бул жыл Мекеге ажылык сапар учурунда кеминде 1300 зыяратчы каза тапты, алардын басымдуу көпчүлүгү мээ кайнаткан ысыктын курмандыгы болду.
Ажылык – эл эң көп чогулган эбегейсиз масштабдагы иш: жыл сайын буга миллиондогон адам катышат. Исламдын канондору боюнча ар бир мусулман эгер алты саны соо болсо, өмүрдө жок дегенде бир жолу Мекеге барып зыярат кылышы керек.
Сауд Аравиясынын бийликтери зыяратчылардын ден соолугу жакшы каралганын, мээ кайнаткан аптапка жана адамдын көптүгүнө карабай, инфекциялык ооруларга жол берилбегенин билдирүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча ажылык сапарга 1,83 млн зыяратчы катышты, анын ичинен 1,6 млн чет өлкөдөн келди.
Каза тапкандардын санын Би-Би-Си көз каранды эмес булактардан текшере алган жок, бирок ажылыктан кайткан адамдар быйылкы көрүлгөн шарттар тууралуу айтып беришти. Алардын сөзүнө таянып, көп адам өлүмүнө алып келген алты себепти бөлүп көрсөтүүгө болот.
Мээ кайнаткан ысык
Ажылык убагына туш келген экстремалдуу ысыкты эң биринчи фактор катары атаса болот. Мекеде абанын температурасы көлөкөдө Цельсий боюнча 51 градустан ашып турду, түн ичинде 40 төмөн түшкөн учуру сейрек болду.
Көптөгөн зыяратчылар, айрыкча кары-картаңдар жана оорулуулар ачык жерлерде аптаптуу ысыкты көтөрө албай кыйналышты. Кээ бир зыяратчылар ажылык сапарга тийиштүү уруксаты жок келгендиктен, медициналык жардам алууда проблемалар болбой койгон жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бийликтер «муздаткыч станцияларын» уюштуруп, зыяратчыларга суудан кыя өтпөгүлө деп кеңеш бергенине карабастан, Аравиянын ысыгы көптөрдүн өмүрүн кыйды.
Ажылык учурунда ысыктан өлүм-житим болгону жаңы көрүнүш эмес, бирок окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөрдүн мындан аркы жүрүшү кырдаалды курчутат дешет. Изилдөөлөргө караганда, орточо температуранын 1,5°C жогорулашынан ажылык учурундагы ысыктын коркунучу беш эсеге көбөйүшү мүмкүн.
«Кудай сактап калды мени, анткени болуп көрбөгөндөй ысык болду,- деди Нигериядан барган зыяратчы Айша Идрис. – Чатыр менен гана жүрүп, дайыма суу куюнуп жаттым».
2. Кайнаган эл, санитария көйгөйү
Көптөгөн зыяратчылар бул жылы жашоо шартынын начардыгына даттанышты. Кээ бирлеринин айтымында, чатырларга киши батпай калды, андан сырткары көп жерде муздатуу системасы жана санитардык түйүндөр жок болду.
Исламабаддан келген зыяратчы Амина өзү турган чатырда өлөрчө ысык болгонун айтты. Фаузия аттуу башка зыяратчы ысыкты көтөрө албай кайнаган элдин арасында эс учун жоготуп жыгылган адамдар болгонун билдирди.
3. Транспорт көйгөйү
Кээ бирлер бул жылы ажылык учурунда мээ кайнаткан ысыкта узакка чейин жөө басууга туура келгенин айтууда. Бир зыяратчы өлөрчө ысыган күндүн алдында жети километр бою бир кашык суу ичпей басканын айтып, жолдо ысыктан жашынганга бир көлөкө жер жоктугуна арызданды. Ажылыктын дагы бир катышуучусу зыяратчылар шарты аябай начар лагерлерде тыгылып жашаганын билдирди.
Ажылык сапардын уюштуруу иштери менен тааныш булактар зыяратчыларга жеткиликтүү болгон транспортту сынга алышууда. Алардын айтымында, жолдорду тосуп коюшкандыктан зыяратчылар мурдагы жылдарга караганда көп жолду жөө басышты.
Ден соолугу начар адамдар ысыкта көп басканда кыйналып, денеси шалдырап жүрбөй калган учурлар көп болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
4. Медициналык жардамдын кечиккени
Кээ бир зыяратчылар медициналык жардам келбей калганын же медициналык тейлөөдө кемчиликтер болгонуна даттанышууда. Тез жардам машиналары кечигип келген же дарыгерлер жакшы карабай койгон учурларды сөз кылышууда.
Амина аттуу зыяратчы клаустрофобия болуп кыйналган курбусуна чакырган тез жардам машинасын жарым саат күткөнүн айтты. Тез жардам акыры келиптир, бирок дарыгер бейтапка бир көз чаптырып эле, аны жакшы экен деп айтыптыр.
Сауд Аравиянын бийликтери өз кезегинде зыяратчыларга медициналык ресурс жетиштүү экенин жүйө тартышууда.
Алардын айтымында, зыяратчылардын ден соолугун караганда 190 оорукана жана медициналык мекеме, миңдеген медицина кызматкери жана жүздөгөн тез жардам машиналары иштеди.
Эки версиянын ортосундагы чоң ажырым мындай масштабдуу ишти башкарууда кыйынчылыктар бар экенин баса көрсөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
5. Документсиз зыяратчылар
Тийиштүү ажылык виза албай туруп зыяратка келүүнүн тобокел жагы көп болот. Расмий уруксат берген документи жок зыяратчылар жардам керек болгон учурда дагы бийликтин өкүлдөрү менен байланышкандан качышы мүмкүн. Бул кайнаган адамдардын агымын жана аларга медициналык жардам көрсөтүүнү кыйындатпай койбойт. Бул ажылык убагында өлүм-житим көп болгонунун негизги факторлорунун бири болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Араб дипломаттарынын бирөөсүнүн сөзүнө караганда, Египеттен 630 адам тийиштүү уруксаты жок келген экен.
Сауд Аравиясынын бийликтери ажылык сапарга уруксаты жок келгендерге каршы күрөшүүгө аракет кылып келет. Аларды аныктоо үчүн расмий зыяратчыларга ыйык жайларга кирүүгө уруксат берген атайын карточкаларды таратышууда.
6. Кары-картаңдар, оорулуу зыяратчылар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Көп адамдар ал-күчкө толуп турган учурунда бейкапар жүрө берип, ажылык сапарга өмүрүн акыр жагында келишет. Ажылык сапар убагында ажал жетсе бейишке чыгам деген үмүт менен келгендер да болот.
Мисалы, Бангладештин мусулман жамааты ажылык убагында өлгөндү чоң бакыт катары эсептейт, анткени бул көзү өткөн адамга өзгөчө статус берет.
Ар жылы ажылык сапар убагында өлүм-житим болуп жатканын бир себеби ушул. Өткөн эки жылда ажылык сапар убагында өлгөндөр 200 чамал болду.
Сауд Аравиясындагы Аль-Баки көрүстөнүн Мухаммед пайгамбардын өзү негиздеп кеткен деп айтылат хадистерде, ошондуктан такыба мусулмандар абдан самаган жай болуп саналат.
Ажылык сапар убагында өлгөн адам жайына кандай коюлат?
Эгер ажылык сапар убагында зыяратчы өлсө, анын өлүмү тууралуу туугандарына кабарланат, алар аркылуу аты-жөнү такталат.
Андан кийин сөөктү сууга алып, кепинге ороп, Сауд Аравиянын өкмөтү берген муздак камераларга салып, мүрзөгө жеткиришет.
Жаназасы мечитте окулат, бирок маркумдун коюла турган жайы жупуну эле казылат, кээде бир нече сөөктү бир жашырып коюшат.
Көрүстөндөгү тизмеде ар бир адамдын коюлган орду так көрсөтүлүп жазылат, ошондуктан маркумдун үй-бүлөсү туугандары каалаган учурда келип, оңой таап алышат.
Сауд Аравиянын өкмөтү жардамчылар топтору менен бирге зыяратчыларды акыркы жайына урмат-сый менен коюуга бардык аракетти көрөт. (МА)











