Даниянын кийинки королу принц Фредерик жөнүндө эмне билебиз?

Мураскор принц Фредерик жана анын жубайы Принцесса Мэри 2018-жылы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мураскор принц Фредерик жана анын жубайы Принцесса Мэри 2018-жылы

Жаңы жыл түнү Даниянын ханышасы Маргрете II тактыдан баш тартканын жарыялады, бул даниялыктар үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.

Дүйнөдөгү жалгыз ханыша жана Европадагы тактыда эң узак турган көзү тирүү монарх 14-январда кызматтан кетет, ошол күнү анын ханыша болгонуна 52 жыл толот.

"Мен тактыны уулум, мураскор принц Фредерикке калтырам", - деди ал түз эфирде.

Ал эми жакында Даниянын тактысына отура турган корол жөнүндө эмнелерди билебиз?

Мураскор принц Фредерик Данияда 1990-жылдардын башында кайсы бир деңгээлде оюн-зоокко жакын адам катары белгилүү болгон, бирок 1995-жылы Орхус университетин саясат таануу боюнча магистратурасын бүтүргөндөн кийин ага болгон көз караш өзгөрө баштаган. Ал Даниянын королдук үй-бүлөсүнөн биринчи болуп университетте билим алган.

Окуу учурунда ал Америка Кошмо Штаттарында, Гарвардда жүрүп, Фредерик Хенриксен деген каймана ат менен окууга тапшырган.

Кийинчерээк ал Даниянын деңиз флотунда кызмат өтөгөн, ал жерде ага "Пинго" деген лакап ат берилген – The Mail жазгандай, сууга түшүү курсунда анын гидрокостюму сууга толуп, ага пингвин сыяктуу басып жүрүүгө туура келген.

55 жаштагы принц 2000-жылы Гренландияны кыдырган төрт айлык лыжа экспедициясына катышып, “тайманбас” деген атка конгон. Ал чана, скутер тээп кырсыкка учурап, ооруканага түшкөн күндөр да болгон.

"Мен өзүмдү камап олтургум келбейт. Мен жөнөкөй эле адам болгум келет" деп ал, тактыга отургандан кийин деле ушундай жашоону карманарын айткан.

Мураскор принц Фредерик 2000-жылы Гренландияда 3500 чакырымдык саякатка катышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мураскор принц Фредерик 2000-жылы Гренландияда 3500 чакырымдык саякатка катышкан

Мураскор принц Фредерик, Британиянын королу Чарльз III сыяктуу айлана-чөйрөгө болгон ышкысы менен белгилүү. Ал Даниянын “кемесин” келечекке багыттоого убада берди.

Анын австралиялык аялы принцесса Мэри Тасмания аралында чоңойгон жана юрист болуп иштеген, алар 2000-жылы Олимпиада оюндары учурунда Сиднейдеги барда таанышкан.

Принцесса бир жолку маегинде алар жолукканда жигиттин Даниянын принци экенин билбегенин айтып, “жарым сааттан кийин бирөө мага келип: "Бул адамдар кимдер экенин билесиңби?" деп сурады” деген.

Аларды айрымдар заманбап баалуулуктардын өкүлү деп эсептешет. Жубайлар төрт баласын – кызын, уулун жана эгиз балдарын мүмкүн болушунча катардагы адамдардай тарбиялап, аларды негизинен мамлекеттик мектептерге беришкен.

Мураскор принц Фредерик менен принцесса Мэри май айында король Чарльз IIIтүн таажы кийүү аземине катышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мураскор принц Фредерик менен принцесса Мэри май айында король Чарльз IIIтүн таажы кийүү аземине катышкан

Британ падышасынын салтынан айырмаланып, мураскор принц Фредериктин расмий таажы кийүү аземи болбойт. Анын ордуна, тактыга отурган күнү Копенгагендеги Амалиенборг сарайынан жарыя айтылат.

Ал конституциялык монархия болгон Даниянын королу жана, ошондой эле Гренландия менен Фарер аралдарынын мамлекет башчысы болот.

Ханыша Маргрете II 1972-жылы атасы корол Фредерик IX каза болгондон кийин тактыга отурган дүйнөдөгү жалгыз ханыша жана учурда Европадагы эң узак бийликте турган монарх.

83 жаштагы ханыша бул чечим 2023-жылдын башында белине жасалган операциядан кийин, узак ойлонуштурулуп кабыл алынганын айтты.

"Операция табигый түрдө келечек жөнүндө ойлонууга түрткү берди - жоопкерчиликти кийинки муунга калтыра турган учур келди", - деди ал.

"Мен ушул учур эң туура убакыт деп чечтим", - деп кошумчалады ал жана Даниянын коомчулугуна көптөгөн жылдар бою көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. (DO)