"Согушту Украина баштады". Путиндин америкалык журналист Карлсонго берген маеги

Сүрөттүн булагы, Reuters
Владимир Путин Такер Карлсонго берген маегинде Украинадагы согушка Киев менен Батышты күнөөлөдү, Вашингтонду позициясын кайра карап чыгууга чакырды жана Москва сүйлөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Орусиянын президенти белгилүү америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде 2000-жылы президент болуп келгенде Батыш менен мамилесин жакшыртууга аракет жасаганын, жада калса президент Клинтондон Россия НАТОго кошулса болобу деп сураганын айтты.
Бирок Москва жок деген жоопту алган. “Эгерде ал “макул” деп чын ыкласы менен айтканда, эки өлкөнүн ортосунда ынтымак процесси башталмак. Жыйынтыгында мындай болгон жок”-дейт президент.
“Орусия аны “цивилизациялуу элдердин” курамына алышат деп күттү, бирок андай болгон жок. Силер бизди алдадыңар, мен силер деп сүйлөгөндө жалгыз сизди айтканым жок, жалпы Америка Кошмо Штаттарын айтып жатам. НАТО Чыгыш тарапка кулачын жайбайт деп айтышкан, бирок бул беш жолу болду”,- деди Путин.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Путин НАТОнун чыгышты көздөй кеңейиши жана Украинанын альянска кирүү перспективасы Орусиянын Батыш менен азыркы кастык мамилесине алып келди деген эски жүйөөлөрүн кайталады.
Анын айтымында, аскердик чыр-чатакка 2014-жылы “Киевдеги төңкөрүш” жана Киевдин Минск келишимин аткаруудан баш тартканы себеп болду.
Орусия Донбассты Украинага кайтарууга даяр экенин билдирди.
“Албетте, эгерде Донбасстын элин Украина мамлекетинин чегинде жашоого көндүрө алсак. Убакыттын өтүшү менен жараттар дагы айыкмак”,-деди Путин.
Бирок анын айтымында Киевде маселени аскердик күчтүн жардамы менен чечкилери келди. Согушту Орусия эмес, “Донбассты сегиз жыл бомбалап” Украина баштады дейт орус президенти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Путиндин айтымында, эгерде Вашингтон менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Стамбул келишимин түзүүгө тоскоол болбогондо, согуш эчак эле токтомок.
Ал Вашингтонду позициясын кароого чакырды “ каалоо болсо, башка дагы варианттар болот”-деди Путин. Аны менен сүйлөшүүгө макул экенин, бирок кандай шарттардын чегинде жүрөөрүн айткан жок.
Орусиянын президенти “Түндүк агымдын” үзүлгөнү үчүн Кошмо Штаттарды күнөөлөп, "ЦРУнун алиби жок" деди.
“Украинадагы бүтпөгөн мобилизация, ызы-чуу, ички көйгөйлөр… Эртеби-кечпи баары бир сүйлөшүүгө туура келет”.
Карлсондун Орусия Польшага кол салабы деген суроосуна, Путин мындай кырдаал эгерде Польша Орусияга кол салса гана болорун айтты.
«Польшада да, Латвияда да эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. Бизге эмне кереги бар?»,-деди Орусиянын президенти.
Такер Карлсон Путинден Орусиянын түрмөсүндөгү Wall Street журналынын журналисти Эван Гершкович тууралуу сурады.
“Сиз айтып жаткан Гершкович мекенине кайтарын жокко чыгарбайм. Аны Орусиянын түрмөсүндө кармоо эч кандай пайда алып келбейт”,-деди Орусиянын президенти.
Эгерде АКШ тараптан дагы аракет болсо Гершковичти алмашууга болот деген ишарат билдирди: “Сүйлөшүп жолун табуу керек”- кошумчалады президент. (АК)








