Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо ута алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
19-апрелде Бишкек шаарында Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турниринин жарым финалдары курч мүнөздө өтүп, кыргыз балбандарынан Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Париж олимпиадасына жолдомо жеңип алышты.
20-апрелде Бишкек шаарында Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири кыз-келиндер арасында абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өтчүдөй. Себеби кыз-келиндер күрөшүндө 12 жеңүүчү Париж олимпиадасына жолун ачат. Ошентип, ар бир олимпиадалык салмак категориясында жарым финалдын жеңүүчүсү өз өлкөсүнө Париж Олимпиада оюндарына жолдомо тартуулай алат. Алтын жана күмүш медалдар үчүн күрөш, ошондой эле кайталоо беттештери болбойт.
Ошол эле маалда Бишкектеги квалификациялык таймашка кыз-келиндер күрөш боюнча таймашууларда жолдомо алууга Азиядан мыкты балбандар иргелип, багын сыноого тандалып, даярдык менен келишти.
Ошондуктан кыз-келиндер күрөшүнөн кимдер жолдомо алууга дарамети жетээрине сереп салып көрөлү:
Бул жерде ар бир олимпиадалык салмак категориясына кыскача сереп:
Жеңил салмакта ким кыйын...
50 кг салмакта былтыр Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында Азия өлкөлөрү 5 жолдомо утуп алган. Ошондуктан бул салмакта байгелүү орун үчүн таймашуулар курч мүнөздө өтөөрү бышык. Эң чоң сюрприз 53 кг салмакта дүйнөнүн коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону жана Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын катышуучусу, индиялык ВИНЕШ Пхогат бул ирет Парижге жолдомо алуу үчүн 50 кг салмакта күч сынашканы Бишкекке келгени кызык болду. Себеби анын мекендеши, индиялык Но AНTИM былтыр дүйнө чемпионатында 53 кг салмакта Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган эле. 29 жаштагы Винеш 2019-жылы 50 килограммдан 53 килограммга көтөрүлүп, 2019-жылы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон. Рио Олимпиадасында байгелүү орунга илинбей арманда калган. Бул ирет кайрадан 50 кг салмакта күрөшүп жаткан балбан кыздардын лидерлердин бири болуп турат.
Индиялык балбан үчүн эң чоң сыноо Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, 50 кг салмактагы эң күчтүү балбандардын бири, түндүк кореялык Сон Хян Ким болмокчу. Тизмеде мыктылардын сабында Азия чемпионаттарынын коло байге ээси,жаштар арасында Азия чемпиону, өзбекстандык Актенге КЕУНИМЖАЕВА дагы бар.
Жаш балбандын багы ачылабы?
53 кг салмакта Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, кытайлык Цяньюй ПАН Париж-2024 жолдомосу үчүн атаандаштардын ичинен эң жогорку даражалуу спортчу. 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, 25 жаштагы монгол балбаны Хулан БАТХУЯГ жолдомого талапкерлердин бири болушу ыктымал. Себеби ал Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси, монголиялык Болортулян БАТ- ОЧИРЫНдын ордуна келди. Бул салмакта Кыргызстандын намысын жаш балбан Айжан Сабырбек кызы коргойт. Балким жаш балбан кыздын багы ачылып калышы да мүмкүн.
Калмира үмүттү актай алабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
57 кг салмакта кытайлык Kэсин ХОНГ Азия оюндарында коло медалды жеңип алуу менен жана Загреб ачык чемпионатында молдовалык Анастасия НИЧИТА утуп, даярдыгы мыкты экенин далилдеп, бул турнирде дагы жолдомо алууга ниет кылып турат. Ал Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, түндүк кореялык Ин Су Чонг менен беттешүүдөн гана чочуп, кооптонууда.
Токио Олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, индиялык Малик АНШУ былтыркы Азия чемпионатынан кийин эл аралык мелдешке кайтып келди жана Индия үчүн 57 кг. салмакта кайрадан олимпиадага жолдомо берчү турнирде жеңип чыгууга үмүттөнүп турат. Мелдешке Азия чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, монголиялык Хурэлхуугийн Болортуя жана, Азия оюндарынын коло байге, Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, өзбекстандык Лайлохон СОБИРОВА да катышууда. Алар дагы негизги атаандаштардан болуп саналат. Бул салмакта Кыргызстандын намысын Калмира Билимбек кызы коргоп, жолдомо алууга бардык күч, кубатын жумшайт. Ал жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Ага кыргызстандык күйөрмандар үмүт кылып турушат.
Олимпиада Айсулуунун атаандаштары кимдер болот?
62 кг. салмакта учурда Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын үч жолку коло байге ээси, 30 жаштагы түндүк кореялык Мён СУК ЧОН лидерлердин бири болгондуктан жолдомо жеңип алышы ыктымал. Ага Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү, кытайлык ЖИА ЛОНГ жана дүйнөнүн 2017-жылкы чемпиону, Азия чемпиону, 30 жаштагы монгол балбаны Орхон ПУРЕВДОРЖ гана атаандаш болушу мүмкүн. Бул салмакта Айсулуу Тыныбекова былтыр дүйнө чемпионатында олимпиадага жолдомо алгандыктан бул турнирге катышпагандыктан балбан кыздар кооптонбой таймашууларга чыкканы турушат.
Мээрим сүрөөнгө алалы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
68 кг салмакта таймашуулар курч мүнөздө өтчүдөй. Себеби бул категорияга жети гана балбан киргендиктен, чүчүкулак Нелсон стилинде жүргүзүлүп, жана балбандар төрт жана үчтөн эки топко бөлүндү. Ар бир топтон алдыңкы эки балбан жарым финалга чыгат. “А” тайпасынын мыкты балбаны “В” тайпасында экинчи орунду алган балбандар менен беттешет.
“А” тайпасында Азия оюндарынын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, 30 жаштагы кытайлык Чжоу Фэн, түштүк кореялык Oхен Ха жана Азия чемпионаттарында күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык Набира Эсенбаева күч сынашмакчы болду. Ал эми “В” тайпасында, Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарында күмүш жана коло медалдарды уткан, Азия оюндарын чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, 37 жаштагы казакстандык Елена Шалыгина, дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, 2021-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган индиялык Ниша Дахия жана Түндүк Кореянын өкүлү Сол Гум Пак күрөшөт.
Кыргызстандык күйөрмандар Мээрим Жумназарованы сүрөөнгө алып, колдоого алышмакчы. Астанада Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен Мээрим күрөшүп жатканда Елена эрежени одоно бузуп, Мээримди мурунга сүзүп, жаракат алып калгандыктан, мелдеш токтотулган. Мээрим үчүн эми ошондогу өчүн алуунун ыңгайы келет окшойт.
Күч атасын да, апасын да тааныбайт
76 кг. салмакта дагы жети балбан жана эки топко бөлүнүп, жолдомо үчүн мөрөй талашмакчы. Мында Азия оюндарынын коло байге ээси жана быйылкы Загреб ачык чемпионатында күмүш медаль тагынган кытайлык Хуань Юаньян учурда лидерлердин сап башында турат. Бирок 72 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку күмүш медалынын ээси, Азиянын 3 жолку чемпиону, 28 жаштагы казакстандык Жамиля БАКБЕРГЕНОВА 76 кг салмакта күрөшкөнү Бишкекке келип, башкалар үчүн баш оору болуп калды. Ал дагы эки жолдомонун бирин алуу үчүн фаворит болушу мүмкүн. Себеби, Жамиля бир дагы жолу олимпиада оюндарына катышкан эмес. Ошондой эле күч атасын тааныбайт дегендей жаштар арасында дүйнө чемпиону, индиялык Ритика Худа жана монголиялык Даванасан Энх Амар дагы Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышы дагы ыктымал. Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы Парижге жолун ачып, учурда даярдык катары Бишкектеги Азия чемпионатына катышып, алтын медаль утуп алды.
Кимдердин жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолу ачылаары 20-апрелдеги таймашууларда аныкталат.
21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.
Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан. Кечээ, 19-апрелде Бишкектеги Азиялык лицензиялык турнирде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев да Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышты.
Кабыл Макешов,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы
Атайын Би-Би-Си/ Кыргыз кызматы үчүн











