Непалда учак кырсыгында кабинадагы учкуч гана аман калды

Том Беннетт жана Ашок Дахал, Лондон-Катманду

Катманду аба майданындагы учак кырсыгынан 18 адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, NEPALI POLICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катманду аба майданындагы учак кырсыгынан 18 адам каза тапты

Непалда шаршембиде болгон учак кырсыгында учактан бөлүнүп кеткен кабинада калган учкуч аман-эсен куткарылды.

Капитан Маниш Ратна Шакья Катмандудагы аба майданында 18 адам курман болгон учак кырсыгынан жалгыз өзү аман калды. Азыр ал ооруканада, BBC Nepali кызматы анын сүйлөп жатканын жана абалы дурус экенин үй-бүлөсүнө кабарлады.

Куткаруучулар Би-Би-Сиге билдиргендей, учак кулагандан кийин башталган өрт кабинага жеткенче, андагы учкучту куткарып калышканын билдирди.

«Араң эле дем алып жаткан. Биз терезесин талкалап, аны сууруп алдык»,-деди Непалдын полициясынын улук суперинтенданты Дамбар Бишвакарма.

«Аны куткарып алганыбызда анын бети бүт кан болчу. Бирок биз аны ооруканага алпаратканда сүйлөгөнгө жарады», — деди.

Неалдын жарандык авиация министри Бадри Пандей учак аба майданынан учуп чыгып жатканда чукул түрдө оңго бурулуп, андан кийин учуп-конуу тилкесинин чыгыш жагына барып кулап түшкөнүн айтууда.

Видео кадрларга караганда, өрттөнүп жаткан учак аба майданынын үстүнөн учуп өтүп, бир бөлүгү тилкенин четине кулап түшкөнү көрүнөт.

«Ал аба майданынын четиндеги контейнерди барып сүзүп, андан кийин ары кулап түштү», — деди Панди. «Бирок учкучтун кабинасы контейнердин ичине такалып туруп калды. Ошентип капитан аман калды».

«Учактын калган бөлүгү ары ыргып барып чачырап кетти. Кабина такалып калган жерден башкасынын баары өрттөнүп баштады», — деди Панди.

Жергиликтүү ЖМКлар жүк контейнеринде тик учак компаниясы техникалык тейлөө жабдыктарын сактап келгенин кабарлашты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жергиликтүү ЖМКлар учак кулаган жүк контейнеринде тик учак компаниясы техникалык тейлөө жабдыктарын сактап келгенин кабарлашты.

Непаль армиясы жарыялаган кабарга караганда, учкуч учак кыйрагандан кийин беш мүнөт ичинде куткарылды. «Ал өң-алеттен кетип коркуп калган экен, бирок эс учун жоготкон жок».

Андан кийин армиянын машинасы аны ооруканага жеткирди.

Оорукананын башкы дарыгери Мина Тапанын айтымында, учкуч бети-башынан жаракат алды жана анын далы сөөктөрүндөгү сыныктарды айыктыруу үчүн операция жасалат.

«Биз анын ар кай жериндеги травмаларды жууп, дарыладык»,-деди Тапа BBC News Nepali. «Азыр ал нейрохирургия бөлүмүндө көзөмөлдө».

Непалды мурда эле учуулардын коопсуздугун сактабайт деп сынга алып келишкен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Непалды мурда эле учуулардын коопсуздугун сактабайт деп сынга алып келишкен.

Шаршембиде кечинде Непалдын премьер-министри К. П. Шарма ооруканага барып учкучтун абалын көрдү жана анын үй-бүлөсү менен жолугушту.

Учак кырсыгынын себептерин иликтөө жүрүп жатат.

Трибхуван эл аралык аба майданынын башчысы алгачкы маалыматтарга таянып, учак туура эмес багытта учканын айтууда.

«Учуп чыкканда эле оңго бурулду, ал солго бурулушу керек эле», — деди Нираула BBC Nepali кызматына.

Учуулардын коопсуздугун сактоо жагынан Непалдын репутациясы жакшы эмес эле. 2023-жылы Yeti Airlines учагы кыйраганда кеминде 72 адам каза тапты. Кырсыктын себеби кийин учкучтардын каталыгы болуп айтылган.

1992-жылы Катманду аба майданында Pakistan International Airlines учагы кыйроого учурап, анын бортундагы 167 адам бүт каза тапкан.

Saruya Airlines авиакомпаниясынын сайтындагы маалыматтарга караганда, ал Непалда беш багытта каттамдарды аткарат, карамагында үч Bombardier CRJ-200 учагы бар.