"Эртең унаа айдаганга бензин таппай калмаксыңар". Лукашенко Кыргызстанга жардам бергенин айтты

Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын күйүүчү-майлоочу жана энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасагандан кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко Бишкектеги ЖККУ саммитинин алкагында журналисттерге маек берип жатып билдирди. Ал бул жагдайды эске алып, Кыргызстанга жардам бергенин, эки өлкөнүн мамилеси ынак экенин айтты:
"Украина инфраструктуралык объектилерди, анын ичинде мунайды кайра иштеткен заводдорду талкалап баштаганда силер күйүүчү майы жок калдыңар. Кыргыздар күйүүчү май сурашты, албетте, жардам бердик. Эртең машинеңерди айдаганга күйүүчү май таппай калмаксыңар", — деп жооп берди ал журналисттердин суроосуна.
Күн мурун "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттиги Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдө күйүүчү-майлоочу май боюнча көйгөй жок экенин айтканын жазган.
Аткаминер Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында күйүүчү майды сатып алуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын кабарлаган. Бул келишим 2026-жылга чейин күчүндө болот.
Данияр Амангелдиев Орусия Кыргызстанга жыл сайын 1 млн тонна күйүүчү май жеткирсе, жаңы келишим боюнча бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага көбөйтүлгөнүн белгилеген.
Энергетика министринин басма сөз кызматы кол коюу болбогонун, 2025-жылдын октябрында Орусиядан 2025-жылга карата мунай өнүмдөрүн жеткирүү боюнча индикативдик баланска өзгөртүүлөр киргизилгенин, ага ылайык, дизелдик отундун жеткирүү көлөмү 100,0 миң тоннага көбөйтүлүп, 550,0 миң тоннадан 650,0 миң тоннага жеткирилгенин маалымдады.
"Калган мунай өнүмдөрү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген жок, анткени 9 айдын жыйынтыгы 2025-жылдын аягына чейин жетиштүү көлөм бар экенин тастыктады", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Быйыл октябрда Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майдын тартыштыгынан улам баа 15% кымбатташы ыктымал экенин эскерткен. Ал ортодо Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетер-жетпеген өлчөмдө калганын билдирген. Бирок Кыргызстанда учурда күйүүчү майга таңкыстык жок экени айтылып жатат.











