Иликтөө: орусиячыл күчтөр Молдовадагы шайлоого кантип кийлигишүүдө?

Жалган маалымат таратуучулар тармагынын координатору Алина Жук (солдо) ишке тиешелүү көрсөтмөлөрдү алууда (Би-Би-Синин жашыруун камерасы менен тартып алынды)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалган маалымат таратуучулар тармагынын координатору Алина Жук (солдо) ишке тиешелүү көрсөтмөлөрдү алууда (Би-Би-Синин жашыруун камерасы менен тартып алынды)
    • Author, Оана Марочико, Шеймус Миродан, Роуэн Ингс
    • Role, Би-Би-Си

Орусия каржылаган жашыруун тармак Молдовада өтө турган демократиялык шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын Би-Би-Си иликтөөсү аныктады.

Жашыруун иштеген кабарчынын жардамы менен бул тармак 28-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Молдованын европачыл башкаруучу партиясынын аброюна шек келтирген орусиячыл пропаганданы жана фейк кабарларды жарыялаганы үчүн өз мүчөлөрүнө акча төлөп берүүгө убада берип жатканын аныктадык.

Катышуучуларга ошондой эле орусиячыл оппозициянын тарапкерлерин таап, алардын сөздөрүн жашыруун жаздырып алып, мындан тышкары "сурамжылоолорду" жүргүзгөнү үчүн акча төлөп жатышат. Тармактын уюштуруучуларынын планы боюнча, бул өтө бир тараптуу сурамжылоолор кийин шайлоонун жыйынтыгына шек туудурууга негиз болуп бере алат.

Бийликтеги партиянын жеңилүүсүн алдын ала божомолдогон бул "сурамжылоолордун" алгачкы жыйынтыктары азыртадан эле интернетке жарыяланды.

Мунун баары жок эле уюмдун атынан жасалып, мыйзамсыз болуп саналат.

Ал арада расмий сурамжылоолор президент Майя Санду негиздеген башкаруучу Аракет жана тилектештик партиясы (АТП) ушул тапта орусиячыл Патриоттук шайлоо блогунан (ПШБ) озуп чыкканын ырастоодо.

Би-Би-Си орусиячыл тармак менен молдовалык олигарх Илан Шордун ортосунда байланыш бар экенин аныктады. Илан Шор "Кремль уюштурган зыяндуу таасир этүүчү операцияларга катышканы" жана коррупция үчүн АКШ менен Улуу Британиянын санкцияларына кабылган.

Учурда Шор Молдованын сотунан качып, Москвада баш калкалап жүрөт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си ошондой эле орусиячыл тармак менен "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы байланышты да таап чыкты. "Евразиянын" да Илан Шор менен байланышы бар. Бул уюм өткөн жылы Молдованын жарандарын Евробиримдикке кирүүгө каршы добуш берүүгө мажбурлоо максатында акча берип сатып алганы үчүн Британиянын, АКШнын жана ЕБнын санкцияларына кабылган.

Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча референдум Европаны жактаган добуштардын бир аз көбүрөөк пайызы менен жыйынтыкталган.

"2024-жылы [Илан Шордун] ишмердигинде негизги көңүл акчага бурулган. Бул жылы алардын негизги көңүлү – жалган маалыматты таратуу", - деди Би-Би-Сиге берген маегинде Молдованын полиция башчысы Виорел Чернэтяну.

Биз Илан Шордон жана "Евразия" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчилигинен иликтөөбүздүн жыйынтыгы боюнча пикирин сурап кайрылдык, бирок эч кандай жооп ала алган жокпуз.

Би-Би-Синин журналисттери Telegram мессенжери аркылуу координацияланган тармакка жашыруун иштеген кабарчыбыз жөнөткөн шилтеме аркылуу кире алышты. Жашыруун жүргүзгөн ишибиздин натыйжасында демократияга каршы үгүт тармагы кантип иш алып барарын так аныктай алдык.

Би-Би-Синин кабарчысы Ана жана башка 34 рекрут "ыкчам кызматкерлерди даярдаган" жашыруун онлайн семинарларга катышууга чакыруу алышты. Семинарлардын аталыштарынын арасында мисалы, "Ашканадан улуттук лидерге чейинки жолду кантип басып өтүү керек" дегени да бар.

Ана жана башкалар алган билиминин негизинде туруктуу тест тапшырып турушкан, балким ушундай жол менен туура келбеген талапкерлер катардан чыгарылышы ыктымал.

Акыры кабарчыбыз менен өзүн Алина Жук деп тааныштырган тармактын координатору байланышты. Анын коомдук сайттардагы профилинде ал Молдованын чыгышындагы жикчил аймактан, Москвага жан тарткан Приднестровьеден экени көрсөтүлгөн, ал эми анын "Инстаграмдагы" баракчасына жарыяланган сүрөттөрдөн акыркы бир нече жылда Орусияга бир нече жолу каттаганын билүүгө болот.

Жук Анага шайлоонун алдында TikTok'ко жана Facebook'ка постторду жарыялоо үчүн айына үч миң молдова лейи (170 доллар) төлөнөрүн жана акчаны Промсвязьбанк (ПСБ) аркылуу алаарын айтты. Промсвязьбанк – бул санкцияга кабылган Орусиянын мамлекеттик банкы. ПСБ Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий банкы жана Илан Шордун компанияларынын биринин акционери болуп саналат.

Формалдуулуктар жөнгө салынгандан кийин Ананы жана ишке алынган башкаларды ChatGPT аркылуу коомдук сайттарга постторду кантип жарыяласа болорун үйрөтүштү. Аларга "сүрөттө чындыктын сатиралык чагылдырылышы болсо, контентти колдонуучуларды өзүнө тартат", бирок посттор "органикалык" түрдө кабылданышы үчүн жасалма интеллекти ашыкча колдонбоо зарыл деп түшүндүрүшкөн.

"Телеграмдагы" тайпада Ана жана Би-Би-Си жаңы ишке алынгандар үчүн буга чейин берилген көрсөтмөлөргө кире алышкан. Башында алардан Молдованын тарыхый иишмерлери тууралуу патриоттук постторду жарыялоону өтүнүшкөн экен, бирок бара-бара талаптар ачыктан-ачык саясий мүнөзгө ээ болгон.

Анадан негизсиз айыптоолорду, анын ичинде Молдованын азыркы өкмөтү шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону пландап жатканы, Молдованын Евробиримдикке мүчө болушу анын жарандары ЛГБТК+тун бир бөлүгү болуп калабы – ушуга көз каранды экени жана президент Санду балдарды сатууга көмөктөшүп жатканы тууралуу постторду жарыялоону өтүнүшкөн.

Жалган маалыматтарды түзүү боюнча тармак берген көрсөтмөлөрдүн бир мисалы: катышуучуларга "[Президент] Сандунун режими балдарды тирүү валюта катары колдонууда" жана "SanduPAS [башкаруучу партиянын аталышы] адам сатуу менен алектенет" сыяктуу негизсиз маалыматтарды жайылтуу сунушталууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалган маалыматтарды түзүү боюнча тармак берген көрсөтмөлөрдүн бир мисалы: катышуучуларга "[Президент] Сандунун режими балдарды тирүү валюта катары колдонууда" жана "SanduPAS [башкаруучу партиянын аталышы] адам сатуу менен алектенет" сыяктуу негизсиз маалыматтарды жайылтуу сунушталууда

Коомдук сайттардагы өнөктүктөр көп учурда улуттук шайлоонун алдында өзөктүк ролду ойнойт. Биз социалдык тармактарда Молдованын башкаруучу PAS партиясын колдогон постторго көз салып жатабыз, бирок эч кандай ачык-айкын жалган маалымат өнөктүгүн байкай элекпиз.

Орусиячыл тармак менен байланыш түзүүнүн жашыруун операциясы учурунда Би-Би-Синин тармактын ичине киргизилген кызматкерлери фактыларга шайкеш келген кабарларды гана чектелүү санда жарыялап турушту.

Журналисттер тармакта дагы кимдер бар экенин билгиси келди, себеби Би-Би-Синин колундагы далилдерге ылайык, корпорациянын кызматкерлери жашыруун ат менен кирген топтор ушул өңдүү бир нече топтордон турат. Биз "Телеграмдагы" тайпага кирүү менен байкоо жүргүзө турган башка аккаунттардагы ушуга окшош иш-аракеттерде мыйзам ченемдүүлүктү издедик.

Тармактын TikTok'то бери дегенде 90 аккаунту бар (алардын айрымдары жаңылыктар агенттиги катары иш алып барууда) деген тыянакка келдик. Бул аккаунттар январь айынан бери миңдеген видеолорду жарыялап, алар жалпы жонунан 23 миллион жолу көрүлгөн жана 860 миң лайк топтогон. Эске сала кетсек, Молдованын элинин саны болгону 2,4 миллион адамды түзөт.

Би-Би-Си өз тыянактарын АКШнын Санариптик криминалдык изилдөөлөр лабораториясына (DFRLab) жиберди. Берилген маалыматтарга жана өздөрүнүн талдоосуна таянып, DFRLab'дын өкүлдөрү чындыгында орусиячыл тармак алда канча чоң болушу мүмкүн экенин айтышты.

Алардын маалыматы боюнча, январдан бери тармактын контенти TikTok'то 55 миллион жолу көрүлүп, 2,2 миллиондон ашык лайк топтогон.

Президент Майя Санду ага коюлган чабуулдар Европа Биримдигине дагы кол салуу экенин билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Майя Санду ага коюлган чабуулдар Европа Биримдигине дагы кол салуу экенин билдирди

Жалган маалыматты таратуу – бул тармактын жалгыз иши эмес. Координатор Алина Жук ошондой эле Молдованын баш калаасы Кишинев шаарынын тургундарынын арасында шайлоо алдында талапкерлер тууралуу расмий эмес сурамжылоо жүргүзүү үчүн Анага саатына 200 молдова лейин (12 доллар) сунуштады.

Бул тапшырманы аткарууга киришердин алдында рекруттар респонденттерге таасир этүүнүн ыкмаларына үйрөтүлгөн.

Ошондой эле алардан орусиячыл оппозицияны колдойбуз деген респонденттердин үнүн видеого тымызын жаздырып алууну өтүнүшкөн.

Жук муну "добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого жол бербөө" үчүн жасалганы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, бул жазууларды PAS жеңишке жетсе, башкаруучу партиянын адилетсиз жеңишинин далили катары колдонсо болот.

Би-Би-Си биздин кабарчы жашыруун жол менен кирген тармак Орусиядан каржыланганын тастыктаган далилдерди алды. Ана Москвадан акча сурап жаткан Алина Жуктун сүйлөшүүсүн угуп калып, видеого тартып алган.

"Бери уксаң, Москвадан акча алып келе аласыңбы... Мен өз адамдарыма айлыгын төлөшүм керек да", - деп суранды Жук белгисиз маектешинен.

Ага акчаны ким жиберип турганы белгисиз, бирок Би-Би-Си "Евразия" өкмөттүк эмес уюму аркылуу бул тармак менен Илан Шордун ортосундагы байланышты таба алды.

Тармак 2019-жылдагы шайлоо өнөктүгүн жетектеген, ал эми учурда Москвада соттон качып жүргөн молдовалык олигарх Илан Шор менен байланышта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тармак 2019-жылдагы шайлоо өнөктүгүн жетектеген, ал эми учурда Москвада соттон качып жүргөн молдовалык олигарх Илан Шор менен байланышта

Илан Шор жана "Евразия" биздин иликтөөбүздүн жыйынтыктарына жооп кайтарышкан жок.

Би-Би-Си ошондой эле "Евразия" сайтынан Ананын куратору Алина Жуктун сүрөттөрүн да таап чыкты, ал эми Ана кошулган "Телеграмдагы" тайпалардын бири "Евразиянын лидерлери" деп аталат.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги "Евразия" уюму "Коррупцияга малынган качкын олигарх Илан Шордун атынан Молдованын демократиясын туруксуздаштыруу максатында иш алып барып жатат" деп ырастоодо.

Биз Алина Жуктан тыянактарыбызга комментарий берүүнү өтүндүк, бирок ал жооп кайтарган жок.

TikTok социалдык тармагынын жетекчилиги шайлоо алдында коопсуздук жаатында кошумча чараларды көргөнүн жана "манипуляциялоолорго жигердүү түрдө каршы туруп жатканын" билдирди.

"Фейсбуктун" ээси болгон Мета Би-Би-Синин иликтөөсүнө жооп кайтарган жок.

Орусиянын Улуу Британиядагы элчилиги фейктердин өнөктүгүнө тиешесин жана шайлоого кийлигишкенин четке кагып, Молдовадагы шайлоого Орусия эмес, Евробиримдик кийлигишип жатат деп билдирди.

Материалды даярдоого катышкандар: Мальвина Кожокарь, Андреа Житару, Анжела Станчу