Эмнеге көпчүлүк аялдар эмчек импланттарынан баш тарта баштады?
Илона Хромлюк & Луис Барручо
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы & Би-Би-Си Украина кызматы

Сүрөттүн булагы, Katerina Krupkina
Украиналык блогер жана нутрициолог Екатерина Крупкина эмчек импланттарын алдырып салгандыгы тууралуу видеосун соцмедиага жарыялады. Ал бул тема мынчалык кызуу талкуу жаратаарын күткөн дагы эмес.
32-жаштагы блогердин бул видеосун тез эле 7,5 миллиондон ашуун киши көргөн. Мессенжерлер аркылуу блогерге миңдеген каттар келип, ага окшоп импланттарын алдырып салууну ойлонуп жүргөн аялдар аябай көп болуп чыккан.
"Төшүмдүн чоңураак болушу мени бакытка бөлөп, денемди сулуулап же жакшыртып жибере албасын түшүндүм", – деди Екатерина Би-Би-Си Украина кызматы менен маек куруп жатып.
Анын мындай чечкиндүү кадамына кызынын "апамдакындай төшүм болуусун каалайм" деп айтканы түрткү болгонун кошумчалады.
"Ошол учурда мен кызыма туура эмес үлгү көрсөтүп жатканымды түшүндүм", – деди Крупкина.
Екатерина сыяктуу пластикалык операция жолу менен төшүн чоңойтуп, кайра импланттарды алдыртып жаткандардын саны дүйнө жүзү боюнча артып баратат. Бирок себеби эмнеде?
Ар кандай объективдүү себептер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эстетикалык пластикалык хирургия боюнча эл аралык биримдик (ISAPS) тарабынан чогултулган акыркы маалыматтарга караганда, эмчек импланттарын алдырып салуу процедуралары 2019-жылдан бери 46.3% га көбөйгөн.
Ал эми 1990-жылдары жана 2000-жылдар аралыгында пластикалык операция жолу менен "көкүрөк" жасаткандарды саны болгону 5.4% га гана өскөн. Акыркы жылдары мындай кадамга баргандардын саны кескин азайып кеткен.
Бул жааттагы адистердин төш протездерин алып салуунун негизги себеби эстетикалык жана сулуулук факторлор экенин белгилешет. Аялзаты акыркы убакта "кичине жана табигый көрүнгөн көкүрөккө" ооп бараткандай. Ушундай тенденция байкалууда.
"Аялдар жана кыздар 2025-жылы беш-он жыл мурункудан башкача көрүнгүсү келет", – деди Америкалык пластикалык хирургдар коомунун өкүлү (ASPS), доктор Кристи Гамильтон.
Азыркы күндө жалпысынан кичинекей "көкүрөк формасы" модада болуп жатканын белгиледи.
"90-жылдарда жана 2000-жылдарда биз коюп жүргөн импланттардын формасы чоң болчу. Азыр, импланттары бар аялдар аларды кичирейтип жатышат. Кээ бирлериники табигый эмчек ткандары көп болсо, анда толугу менен алдыртып салууда. Формасын тарттырып же көрүнүшүн оңдош үчүн эмчек майын трансплантация кылгандар дагы бар", – деди ал.
Бразилиялык пластикалык хирургдар ассоциациясынын (SBCP) башчысы, Рио-де-Жанейродогу доктор Бруно Херкенхофф учурда төш импланттарын алып салуу операцияларын төшүн чоңойтуу процедуларына караганда көбүрөөк жасап жатканын белгиледи.
"Кээ бир пациенттер жасалма көкүрөк жасаткандары менен өздөрүн даңазалай албай калышты", - деди ал.
Анын айтымында, эмчек импланттары адатта 10-20 жылга чейин тагылат, андан кийин хирургиялык операция жолу менен аны алып салыш керек же алмаштырууга тийиш. Ушундай кесепеттеринен улам кээ бир аялдар андай "машакаттан" баш тарта башташканын белгиледи.
Төштү чоңойтуудан келип чыккан дарттардын пайда болушу, организмдеги аутоиммундук оорулар тууралуу маалыматтардын кеңири жайылышы дагы аялдар арасында мындай нерседен оолак болууга түрткү берээрин баса белгиледи.
"Адамдын денеси силиконго реакция кылып, муун оорууларынын келип чыгуусуна, чачтын түшүшүнө жана ашыкча салмак илдетин пайда кылышы мүмкүн. Ошондой эле, эмчек рагына дагы кабылышы мүмкүндүгүн кошумчалады", – деди доктор Херкенхофф.
Акыркы кезде эмчек рагы менен дагы байланыштырган учурлар кездешип жатканын айтты.
"Андай илдет импланттын айланасындагы капсулада пайда болушу мүмкүн. Диагноз коюлгандан кийин, капсуланы алып салса, адатта, бул жарадан арылат", – деди ал.
Мындай көрүнүш импланттардын белгилүү бир түрлөрү менен болуш мүмкүн, бирок доктор Бруно Херкенхофф өзүнүн практикасында андайларды колдонгон эмес.
Ошондой кооптуу импланттардын бирөөсүн убагында Екатерина дагы салдырган экен. Анысынан куталгандан кийин атайын медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, рак оорусуна чалдыкпаганын аныктап, ал оорудан оолак экенине абдан кубанганын жашырбайт.
"Бирок ракка чалдыгуу коркунучу көпчүлүк аялдардын жасалма көкүрөктөн баш тартууларынын негизги себеби деп эсептебейм. Менимче, бул эстетикалык өзгөрүү менен байланыштуу" – дейт доктор Гамилтон.
Ал эмчек импланттарын алдырып салуу тенденциясын да анын орнотуу техникаларындагы өзгөрүүлөр менен байланыштырууда. Анын айтымында, эски ыкмага ылайык, импланттарды булчуңдун астына жайгаштырып келишкен, бирок төштүн көркүн бузуп, дененин келбетине төп келбей калчу.
"Мисалы, маашыгуу учурунда же йога курсунда, эски ыкма менен коюлган жасалма "төштөр" ар тарапка шалкылдап, үзүлүп кетчүдөй ыңгайсыздык жаратчу", – деди доктор Гамилтон.
Жаңы технология менен коюлуп жаткан импланттар булчуңдун алдына орнотулуп жаткандыктан, төштүн эстетикалык көрүнүшүн камсыздап, көп ыңгайсыздык дагы жаратпайт дейт Гамилтон.
Жаңы тренд

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы менен баарлашкан эксперттер табигый көрүнүшкө болгон мода жасалма төш жасатуу тенденциясын артта калтырганын белгилешти.
Инвазивдик жана хирургиялык эмес технологиялардын жардамы менен косметологиялык процедуралардан өтүп, филлер (гилларион кычкылы) менен бетин тарттырып же бырышын жаздыруу үчүн ботокс сайдыргандар көп болгон. Убакыт өткөн сайын келбети бузулуп, сымбаттуу көрүнбөгөнүнө ынанып, бул жааттагы ой-жүгүртүүлөр өзгөрүп жатат дешет адистер.
"Көпчүлүгү, чектен чыкпай эле, өзүнүн нукура келбети менен жүргүсү келип калды", – дейт доктор Херкенхофф.
Доктор Гамилтондун айтуусунда, анын көптөгөн бейтаптары филлер процедураларынан толугу менен баш тартып калышты.
"Салонго барып, жашартуучу ийне сайдыргандар азайды. Андай кызматка кызыгуу дээрлик жоголду, анткени келбетин жакшыртабыз деп аша чаап кеткендерди көп көрүшкөн", – деди доктор.
Сулуулук индустриясы бул багытта жайма-жай жарнамаларды таратып, ар кандай маалыматтар аркылуу андай процедуралардын зарылчылыгын баса белгилеп келген, бирок акыры барып терс натыйжа жараткан.
"Ботокстун таасири бир нече айга гана созулат. Бейтаптарга: "сизге алты айга чейин ийне алып, бетиңизди тартырып турушуңуз керек" деп айтылганда, менимче, бул эстетикалык индустрия тарабынан жасалган ката болду... Меним оюмча ал терс натыйжа берди, анткени адамдардын келбети бир башкача боло баштады", – деди доктор Гамилтон.
Ошондон улам, азыркы тапта бейтаптар сымбаттуу көрүнүү үчүн ботокс инъекциясын сайдыруу же бычак алдына жатуу сыяктуу эски ыкмалардан качып, денеге көп залакатын тийгизбеген заманбап процедураларга ооп жатканын Гамилтон белгиледи.
Анын айтымында, заманбап косметолиялык ыкмалардын сап башында коллагендик стимуляция турат.
Ал процедура денедеги ондогон жылдар бою табигый түрдө азайган коллагендин жетишсиздигин толуктап, картаюу процессин жайлатат. Теринин бекемдигин жана нымдуулугун жакшыртат, бырыштарды азайтат, чачты жана тырмактарды бекемдейт.
"Табигый" сулуулуктун наркы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Екатерина дагы жаңы трендди кубалаган. Ал эмчек импланттарын алдырткандан кийин, эриндерин мурунку калыбына келтирип, көзүнүн астына бырыш түшпөсүн деп ботокс сайдырганды дагы токтотту.
"Менин кылгандарым трендге айланып, аялдар өзүнүн көрк-келбетине ашыкча баш оорутпай калуусун кыялданам", – деди доктор Гамилтон.
Дүйнөнүн алдыңкы косметикалык компаниянын өкүлү Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына бул индустрия "табигый сулуулук тенденциясын" кубалап баштаганын билдирди.
"Кыз-келиндер дагы деле боюнуп жатышат, косметиканын баардык түрлөрүн колдонушууда. "Табигый" сулуулукту кубалап алар аз боенуп калышкан жок, болгону эстетикалык көрүнүштү жараткан косметикаларга басым жасап калышты", – деди компаниянын өкүлү.
Медицина багытындагы адистер аялдардын табигый көрүнгөн жыйынтыктарга качуусу, инвазивдүү жана инвазивдүү эмес косметикалык процедуралардан толугу менен баш тартуусун билдирбейт деп белгилешет.
"Болгону бетке кошумча көлөм берүү ыкмаларынын оордуна жүзүбүздү тарттырып же формасын өзгөрткөн косметикалык процедураларга өтүп кетишти", – деди Гамилтон.
Эстетикалык пластикалык хирургиянын эл аралык биримидигин статистикасына ылайык, 2023-жылы пластикалык хирургдар дүйнө жүзү боюнча 15.8 миллион косметикалык процедураларды жүргүзгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 5.5 пайызга көбөйгөн. Ошол эле мезгилде инвазивдүү эмес процедуралар да дээрлик 2 пайызга өскөн. (КВ)












