Ооганстанда зилзаладан кеминде сегиз жүздөн ашуун адам өмүрү кыйылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ооганстандын чыгышында күчү алты баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 800 киши набыт болуп, 2800дөн ашууну жарадар болгонун Талибан көзөмөлдөгөн Ооганстандын өкмөтү билдирди.
Буга чейин 600дөн ашуун адам каза болуп, 1500дөн ашууну жарадар болгону кабарланган.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун саны кыйла өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
Министрликтин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу болгон Кунар провинциясы бир топ зыянга учураган. Бирок ал жакта каза болгондор жана жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок. Анткени бул аймакта уюлдук байланыш жарым-жартылай үзгүлтүккө учурап, кыйроодон улам айрым жерлерге жетүү өтө кыйын болууда.
Жердин силкинүүсүн жана суу ташкындарын көп жолу башынан өткөргөн бул алыскы аймакка жетүүгө куткаруучулар аракет кылып жатканын Reuters жазды.
Буга чейин Би-Би-Сиге маалым болгондой, Кунар провинциясынын дагы бир айылда кеминде 20 адам каза болгон.
Кийинчерээк Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Шарафат Заман алдын ала маалыматтар боюнча айылдардын биринде кеминде 30 киши набыт болгонун билдирди.
"Үч айыл толугу менен талкаланып, олуттуу зыянга учурады", - деп кошумчалады ал.
Оор жарадар болгондор Нангархар аэропортунан аймактык ооруканаларга жеткирилүүдө.
Бийликтин айтымында, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга аскерлер жана жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Желалабаддан 27 чакырым түндүк-чыгышта, 8 чакырым тереңдикте катталган. Анын күчү 6 баллга жеткен.
Жер титирөө Кабулда жана Пакистандын борбору Исламабадда дагы сезилди.
Өкмөт өкүлдөрү алыскы тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн гуманитардык уюмдарды көмөктөшүүгө чакырды. Аймакта мурда болгон жер көчкү жана суу ташкындарынан улам алардын айрымдарына аба жолдору аркылуу гана жетүүгө болот.
"Азырынча бир дагы чет элдик өкмөт куткаруу же калыбына келтирүү аракеттерине колдоо көрсөтүү сунушу менен бизге кайрыла элек", - деди Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Өткөн жылы өлкөнүн батышында бир катар жер титирөөлөр миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.












