"Телефонго эч жооп болбоду." Крокустагы теракттан каза болгондордун окуясы

Анастасия Голубева, Наталья Зотова, Би-Би-Си

Крокус Сити

Денеси менен кызды калкалаган эркек. Башка шаардан майрамдагыдай концертке келген аялы менен күйөөсү. Токойдо адашып калган адамдарды куткарган Lisa Alert ыктыярчысы. Өткөн жума күнү Crocus City Hall имаратында болгон теракт 143 адамдын өмүрүн алды.

Жабыркагандардын арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр болгон, мисалы, жубайлар Олег Павловский менен Татьяна Абдулова, Ирина жана Павел Окишевдер. Би-Би-Синин орус кызматы "Пикник" тобунун концертинин алдында каза болгондордун ушул жана башка окуяларын айтып берет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Крокус Сити Холлдогу урандыларды ушул шейшембиде тазалап бүтүштү. Азыр алдын ала маалыматтар боюнча, кеминде 180 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Москванын жана Москва облусунун бийликтери маал-маалы менен кол салуу маалында каза болгондордун жана жарадар болгондордун аты-жөнүн тактап турушат.

Азырынча Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында каза болгондордун алдын ала тизмесинде 143 адамдын өздүгү такталган. Өрттүн кесепеттеринен улам каза болгондордун айрымдарын аныктоо кыйынга турган.

"Новая газетанын" (Европа) («чет элдик агенттердин» орус реестринде катталган) эсеби боюнча каза болгондордун тизмесинде кеминде алты үй-бүлө бар. Би-Би-Синин орус кызматы бул үй-бүлөлөрдүн айрымдары жана теракттын башка курмандыктары тууралуу белгилүү болгон маалыматтарды айтып берет.

Олег Павловский жана Татьяна Абдулова

Олег Павловский

Сүрөттүн булагы, LIZA ALERT

«Ал күнүмкү жашоону жана өз ишин абдан жакшы көрчү. Ветеринар болгондуктан жаныбарларды сактачу - "Lisa Alert" тин ыктыярчысы болчу, - деди досу Анна Лагутина 38 жаштагы Татьяна жөнүндө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Татьяна Абдулованын теги Ульяновск шаарынан. Ал жерден Lisa Alert ыктыярдуу издөө тобунда Олег Павловский менен таанышкан.

«Татаал, көп убакытты талап кылган иштерди оңой аткарышчу. Адашкандарды издеп, бири-бирин тапкандар. Чын жүрөктөн бактылуулар. Түбөлүккө бирге», - деп жазат «Лиза Алерттин» Ульяновск облусундагы өкүлү Алексей Кольцов жубайлардын өлүмү маалым болгондон кийин.

Олегди отрядда ишенимдүү адам, насаатчы катары эскеришет. «Олег отрядда сигналчы жана издөө тобунун башчысы, ар дайым таяна турган жолдош болчу», - деп жазышат ал тууралуу отряддын социалдык тармактарында.

Издөө учурунда ыктыярдуу куткаруучулар радио аркылуу байланышат, ошондуктан ар бир адамда чакыруу белгиси бар. Олегдин чакыруу белгиси Гамлет, Татьянаныкы Злюка болчу.

«Менин биринчи издөөм Гамлет менен болгон. Ушул убакка чейин мен аны эң кыйын деп эсептейм, анткени үч жарым жыл өтсө да, биздики жер шарты боюнча башкаларга салыштыргыс болчу. Чалкандын өтө жыш болгондугу эсимде, Олег баатырдык менен аларды тебелеп, бизге жол ачкан. Ошондо мен аны менен издөө учурунда баары ойдогудай болорун түшүндүм!» — деп эскерет ыктыярчылардын бири.

«Канча саздан өттүк, баарлашып канча убакытты өткөрдүк. Мындай боштукту мурда Олег насаатчы, бир тууган жана кунт коюп угуучу катары опоңой толтурчу», - деп Lisa Alert отряддын дагы бир мүчөсүнүн сөздөрүн келтирет.

Татьянанын курбусу Анна Лагутина Би-Би-Сиге берген маегинде Татьянанын хоббиси болгонун – ал советтик куурчактарды чогултуп, калыбына келтиргенин айтты. Мен "Пикникти" жакшы көрчүмүн, мен чыныгы күйөрман болчумун. Анын фобиясы күлкүлүү болчу, ал бакалардан өлөрчө коркчу. "Ветеринар, бакалардан жүрөгү түшчү.." деп эскерет Анна.

Абдулованын дагы бир курбусу Дарья Процук Татьяна менен жаныбарлардын айынан таанышкан. 2014-жылы анын британ мышыктары үчүн питомниги бар болчу, андан кийин Татьяна Ульяновскидеги ветеринардык клиникада иштеген - ошентип алар дос болуп калышкан эле.

Татьяна өз ишине ынтызар болгон, - дейт Дарья: «Ал ар дайым жардам берүүгө даяр болчу, жаңы билимдери менен бөлүшчү. Кандайдыр бир практика же конференция жөнүндө сүйлөгөндө, анын көздөрү дайыма жанып турчу. Ал куткарчу, оор иштерге башын катырчу, дайыма бир нерсени изилдеп жүрчү».

Бир жарым жыл мурун Олег менен Татьяна Ульяновскиден Москвага көчүп келишкен. Татьянанын биринчи никесинен 13 жана 18 жаштагы эки уулу бар, кичүүсү алар менен чогуу кеткен. Москвада Абдулова «Комондор» клиникасында ветеринар болуп иштечү.

Дарья да Ульяновскиден Москвага жакыныраак көчүп келүүнү пландап жаткан. «Акыркы кат алышууларыбызда мен Таня Балашихадагы батирибизге жакыныраак өз клиникасын ачса, кандай сонун болмок, бейтааныш шаардан жакшы ветеринарды табуу кыйын деп тамашаладым. Таня күлүп, алардын реаниматологу жакында барган Балашихадагы клиника тууралуу билүүгө убада берди. Бул биздин акыркы сүйлөшүүбүз болду», — деп эскерет Дарья 13-марттагы кат алышууларды. "Бирок мен Таняга "рахмат" деп айта алганыма абдан кубанычтамын».

Ирина жана Павел Окишевдер

Ирина и Павел Окушевы

Сүрөттүн булагы, OKYSHEVYS' FAMILY ARCHIVE

Киров шаарында жашаган Окишевдер Павелдин туулган күнүн белгилөө үчүн атайын Москвага келишкен. 27-мартта ал 35 жашка чыкмак. Ирина күйөөсүнө "Пикник" тобунун концертине билеттерди белек кылганын маркумдун бир тууганы Денис Окишев Би-Би-Си орус кызматына билдирди. «Алар атайын концертке, ошондой эле достору менен жолугушууга барышкан», - деди ал.

Денис Крокуста теракт болгонун интернеттен билген. «Баары жайында экенин билүү үчүн чала баштаганымда, телефонго эч ким жооп берген жок», - дейт Денис. Ал эми бир нече убакыт өткөндөн кийин, ал өлгөндөрдүн тизмесинен Павел менен Иринанын ысымдарын тапкан.

Ирина Окишева Киров шаарында фотограф болуп иштеп, мода сүрөттөрүн тартчу. «Бул орду толгус чоң жоготуу, Ирина абдан жаркын жана чынчыл адам болчу. Ал бул дүйнөдөн сулуулукту көрүп, аны фотосүрөткө тартууга аракет кылчу», - деп жазат Иринанын мода сүрөттөрүнө тартылган Герман Мальцев ал тууралуу.

Павел Окишев эмеректерди кураштыруу менен алектенчү. Ал эми анын бир тууганы үй-бүлө абдан эмгекчил экенин айтат. «Алар абдан боорукер адамдар болчу, ар дайым баарына жардам беришчү, эч кимден жардамын аячу эмес», - дейт Денис Окишев набыт болгондор жөнүндө.

Максим Вербенин

MAXIM VERBENIN/YOUTUBE

Сүрөттүн булагы, MAXIM VERBENIN/YOUTUBE

2020-жылы Максим Вербенин Крокус Сити Холлдо концерт койгон. Төрт жылдан кийин ал ошол жерде каза болду.

25 жаштагы Максим Вербенин концертке сүйлөшкөн кызы менен келген. Вербенин омурткасынын булчуңдарынын атрофиясынан жабыркап, коляска менен жүргөн, бирок коом майыптарга боор оорушу керек деп эсептеген эмес. «Биз алсыздыгыбыздан качып кутула албайбыз. Канчалык жашырышпасын, башкалар байкабасын дебесин, баары бир ал биз менен бирге болот. Бирок, менимче, эгер сиз коляскада отурсаңыз, бул сизди аяш керек дегенди билдирбейт. Бул өзүңдү аяба дегенди билдирет», - деп жазган ал оорусу тууралуу.

Вербенин музыкалык мектепти бүтүргөн жана көп учурда ар кандай музыкалык кечелерде ырчы катары чыгып турган. 2020-жылы ал атүгүл Крокус Сити Холлдо "Эркектер эмне тууралуу ырдашат" аттуу концертке катышкан.

Вербенин сүйлөшкөн кызын 'Пикник" тобунун концертине алып барууну чечкен, анткени ал бул топту жактырчу. Залга автоматчан адамдар кирип келгенде Максим жана анын шериги чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

«Аны сүйлөшкөн кызынын көз алдында атып кетишкен, андан кийин өрт чыккан. Мунун баары анын көз алдында. Ал жерде пандус жок тепкичтер бар болчу, ошондуктан алар түшө алышпады”, - дейт Максимдин апасы.

Мындан улам жаштар коридордо калып, бир маалда кол салгандардын бири ок чыгарган. Вербенин сүйлөшкөн кызын калкалап калганда, бутуна жармаша отурган кыз Максимди кантип атып кетишкенин көрдү - кыздын сөздөрүн Вербениндин апасы айтып берди.

Андан кийин өрт чыгып, Максимдин сүйлөшкөн кызы катуу күйүп калды - ал качып кетүүгө үлгүрүп, учурда ооруканада жатат.

Екатерина Кушнер

Екатерина Кушнер

Сүрөттүн булагы, YEKATERINA KUSHNER/VK.COM

Кушнер террордук чабуулдун "Пикник" тобундагы жалгыз курмандыгы: ал директордун жардамчысы болуп иштечү. Екатеринанын этникалык стилде зер буюмдарын жасаган устаканасына бар болчу: ал көптөгөн рок-музыканттар менен, мисалы, "Мельница" фольк-рок-тобу менен достошкон.

Тамбовдук «Сколот» фольклордук тобунун директору Алексей Павлов "Комсомольская правдага": «Ал мага бир нече жыл мурун жазган. — Концерттерде биздин сувенир буюмду сатууну сунуштады. Мунун ордуна биз анын продукциясын сатууга уруксат бердик. Биз менен чоң гастролго чыгып, Москвага концерттерге келген. Ортодогу мамиле тез эле бизнестен достукка чейин өсүп жетти. Ал абдан жеңил, эркин адам. Аны менен жашоо абдан оңой, ал абдан үнөмчүл жана ак пейил».

«Биз Катя менен алты жылдан бери кызматташып, дос болуп келебиз. "Пикникке" чейин мен аны менен "Мельница" тобунда жана башка долбоорлордо иштечүмүн. Ошол күнү кечинде Крокуста ал биздин топтун атрибутикасын жана Катя өз колу менен жасаган зер буюмдарын сатууга даярданып жаткан», - деди MSK1.RU сайтына "Пикник" тобунун директору Юрий Чернышевский.

Товардын сатылышынан улам Кушнер бардык музыканттар турган гримеркада эмес, көрүүчүлөрдү массалык атуу орун алган фойеде болчу. "Пикниктин" бардык катышуучулары имараттан аман-эсен эвакуацияланды, бирок Екатерина анын өлүмү тастыкталганга чейин бир нече күн табылган жок.

Екатерина Кушнер 51 жашта болчу. Анын артында бойго жеткен кызы жана сөөгүн тааныган күйөөсү Дмитрий калды.

«Былтыр мен андан биз кантип таанышканыбыз эсиңдеби деп сурадым. Ал: «Сен менин жашоомдо оңой эле пайда болдуң жана дайыма бирге жүргөндөйсүң», — деп жазган Екатеринанын досу Анна Ермилова ВКонтактиге. - А менде да ошондой сезим бар. Бири-бирибизди миллиондогон өмүрүбүздө билгендей... Кийинкисинде көрүшкөнчө...”

Ольга Сельдева

Ольга Селдеева

Сүрөттүн булагы, SERGEY SELDEV/VK.COM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ольга Сельдева жолдошу Сергей менен. Ал да Крокуста болгон, бирок жаракат алган эмес.

37 жаштагы Селдева Тула областынын Алексин шаарынан келген инженер-метролог. Ал концертке жолдошу жана эки окуучу кызы менен келген. Атышуу башталгандан кийин Ольга кичүү кызы Алина менен бир тарапка, күйөөсү Сергей менен тун кызы Кира экинчи тарапка чуркап жөнөштү. Күйөөсү менен улуу кызы концерттик залдан аман-эсен качып чыгып, Ольга менен 11 жаштагы Алина ооруканага жеткирилген. «Жубайын алып чыгып, тез жардам унаасында жандандырууга аракет кылышкан. Кыз ооруканага жалгыз жеткирилген, ал эми Сергей кызынын кайда экенин түндө гана билген», - деди Москва облусундагы балдар акыйкатчысы Ксения Миношова. Дарыгерлер аялды сактап кала алышкан жок, деп жазат М.К.

Буга чейин Тула облусунун өкмөтү маркумдун үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардам көрсөтүлөрүн билдирген. Алинанын абалы оор, анын жанында атасы Сергей Селдев нөөмөттө экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал Би-Би-Синин сүйлөшүү өтүнүчүнө жооп берген жок, бирок 25-мартта ВКонтактиге сүрөтүн жарыялаган: анда 11 жаштагы Алина атасын кучактап турат.

Москва облусунун Саламаттыкты сактоо министрлиги жума күнү кеминде үч жашы жете элек бала каза болгонун билдирди. Тула облусунан апасы менен концертке келген 11 жаштагы Аннанын каза болгондугу белгилүү болду. Анна гимнастика менен машыгып, спорттогу келечегинен көптү үмүттөндүрчү.