Telegram FCB менен кызматташабы? Иликтөө жана шек саноо

Telegram

Сергей Кагермазов, Анна Попова

"Важные истории" басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Telegram коомдук сайты менен байланышы бар экендиги тууралуу жазып чыкты. Алардын иликтөөсүндө, Telegram коомдук сайтынын сервердик инфраструктурасын иштеткен жооптуу адистер, ошол эле учурда ФСБнын жарандарды байкоого ала турган жашыруун комплекстерин дагы тейлешет деп айтылган.

Коомдук сайттын Би-Би-Си Орус кызматына жөнөткөн билдирүүсүндө, мессенджерге кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бири да "Telegram маалыматтарына же жашыруун инфраструктурага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес" экендиги белгиленген.

"Важные истории" басылмасы жарыялаган иликтөөнүн басымдуу бөлүгү Telegram колдонгон серверлер кимге таандык экенин айтылат.

Сервер эмнеге мынчалык маанилүү? Анткени дал ошол серверлерде колдонуучулардын жазгандары, кат алышуулары сакталат.

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрация

Серверлерди ким камсыздайт?

Басылманын журналисттери иликтөөдө, IP-адрестерди тейлеген компанияга ким ээлик кыларын аныкташкан. Алар Антигуа жана Барбуда аралдарында катталган Global Network Management Inc компаниясына таандык болуп чыккан.

Анын ээси — Тольятти шаарынын тургуну Владимир Веденеев экенин иликтөөдө айтылган.

2018-жылдагы Майами сотунун документтерине ылайык, Веденеев ошондой эле Павел Дуровдун Панамада катталган Telegram Corp компаниясынын каржы директору катары тийиштүү документтерге кол койгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ошондой эле Майамидеги маалымат борборундагы Global Network Management серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү бар жалгыз адам болгонун документтерде анын өз сөзүнө таянып жазылганы айтылат.

Би-Би-Си Орус кызматынын Веденеев Telegram коомдук сайтына кандай байланышы бар жана кандай кызматты ээлейт деген кайрылуусуна жооп ала алган жок. Ошондой эле компания Global Network Management кызматтарын колдонобу же жокпу деген суроосу дагы жоопсуз калды.

Telegram 2020-жылы Global Network Management компаниясына таандык серверлерди колдоно баштаган. Ага чейин ошол эле IP-адрестер Санкт-Петербургдагы GlobalNet компаниясына таандык эле.

"Важные истории" жазгандай, өткөн жылга чейин Владимир Веденеев GlobalNet компаниясынын бенефициары болгон. Бирок 2024-жылы ал аны "туугандарына өткөрүп берген": алар компаниянын 96%ын көзөмөлдөп калышса, калган 4% Роман Венедиктовго ээлик кылган.

Венедиктов Щёлково-7 аскер шаарчасындагы Коргоо министрлигинин Космостук техниканы сыноо жана көзөмөлдөө борборунда он жылдай кызмат өтөгөн.

Венедиктовго Peering компаниясы таандык эле, ал өз кезегинде DATAIX трафик алмашуу тармагын көзөмөлдөчү. 2018-жылы DATAIX GlobalNet менен бириккен.

2012-жылдары Дуровдун апасы Альбина Венедиктовдун өнөктөшү эле, 2013-жылы аларга Дуровдун бир тууганы, ВКонтактенин башкы инженери Михаил Петров кошулган, деп айтылат иликтөөдө.

Мессенджерге IP-адрестер менен камсыз кылган дагы бир компания – Electron Telecom. GlobalNet сыяктуу эле, анын бенефициары 2024-жылга чейин Веденеев, андан кийин туугандарына каттаткан.

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрация

ФСБ жана ФСО менен байланыш барбы?

ФСБнын Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча дирекциясы Electron Telecom компаниясынын кардарларынын бири.

GlobalNetтин кардарларынын арасында Курчатов институту (анын директору Михаил Ковальчик, Владимир Путиндин жакын досу деп эсептелген Юрий Ковальчуктун бир тууганы) жана Россиянын Президентинин аппаратынын башкы илимий-эсептөө борбору (GlavNIVC) дагы бар.

Расмий түрдө GlavNIVC Владимир Путиндин катышуусу менен саммиттерге, түз эфирлерге жана жолугушууларга техникалык колдоо көрсөтөт. "Важные истории" бул бейрасмий түрдө Орусиянын ФСБ, ФСО, ИИМ жана Коргоо министрликтеринин кызыкчылыгында иштеген жабык аналитикалык борбор деп атайт.

Telegram бул иликтөөгө кандай жооп кайтарды?

Би-Би-Си Орус Кызматы Telegram басма сөз кызматынан аталган иликтөө боюнча жооп ала алды

"Telegram глобалдык компания катары "дүйнө жүзү боюнча ондогон ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишим түзгөн, бирок алардын эч кимиси мессенджердин купуя маалыматтарына же сезимтал инфраструктурага кире албайт" - деп жазылган.

"Телеграмдын бардык серверлери компанияга таандык жана анын кызматкерлери тарабынан тейленет деп көрсөтүлгөн билдирүүдө.

Алар ошондой эле мессенджер "эч качан үчүнчү жактарга жеке билдирүүлөрдү ачыкка чыгарбаганын жана купуялуулугу боюнча эч качан хакердик чабуулга кабылбаганын" кошумчалашты. (КВ)