Бразилия: Экс-президент Жаир Болсонару 27 жылдык жаза мөөнөтүн өтөй баштады

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Бразилиянын Жогорку соту шейшемби күнү экс-президент Жаир Болсонару мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине байланышкан иш боюнча жаза мөөнөтүн өтөй башташы керектиги тууралуу чечим чыгарды. Себеби саясатчы өкүмгө каршы даттануу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүткөн.
27 жылга эркинен ажыратылган Болсонару жаза мөөнөтүн өлкө борбору Бразилиадагы Федералдык полициянын штаб-квартирасынын аймагында өтөйт. Ал ушул жерге өткөн жумада жеткирилген.
Бразилиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, 70 жаштагы Болсонару аянты 12 чарчы метр болгон кичинекей камерада кармалууда. Анын камерасында телевизор, кичинекей муздаткыч жана кондиционер бар.
«Жогорку сот Болсонарунун өкүмүнө каршы апелляциясын ушул айдын башында четке каккан, ал эми шейшемби күнү сот өкүмү акыркы жана кайтарылгыс экенин жарыялаган» деп жазды AFP.
Болсонару 2022-жылдагы шайлоодон кийин Луис Инасиу Лула да Силванын президенттик кызматка киришүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында кутум уюштурууга күнөөлүү деп табылып, сентябрь айында соттолгон. Прокурорлордун айтымында, кутум жогорку аскердик жетекчиликтин колдоосу жок болгондуктан гана ишке ашпай калган.
Болсонару үй камагында болчу, бирок өткөн дем алыш күндөрү бийлик аны качып кетүүгө ыктаган деп эсептеп, камакка алган.
Бразилиянын Жогорку сотунун судьясы Алешандре де Мораестин чечиминде айтылгандай, Болсонару томугундагы электрондук билерикти бузууга аракет кылган жана анын уулу Флавио экс-президент жашаган үйдүн жанында элдик нааразычылык акциясын уюштурууга чакырган. Ушуга байланыштуу, алдын алуу чарасы катары, аны кармоо зарыл болгон.
Судья де Мораес, Болсонару акция учурунда качып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн экендигине ишарат кылган белгилер бар экенин билдирген. Судьянын айтымында, турак жай комплексине жакын жерде АКШнын элчилиги жайгашкан жана саясатчы ал жактан саясий башпаанек алууну көздөшү мүмкүн эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Болсонару электрондук билерикти паяльник менен бузганын моюнга алып, мындай жүрүм-турумун дары-дармектерди ичкендигинин кесепети деп түшүндүргөн. Бирок ал качууга аракет кылганын четке каккан.
Буга чейин экс-президенттин адвокаттары гумандуулук маселесин эске алып, анын жаза мөөнөтүн толугу менен үй камагында өтөөгө уруксат берүүнү суранышкан. Алар үзгүлтүксүз дарылануу керектигин жүйө келтирип, Болсонаруга дарыгерге баруу үчүн үйүнөн чыгууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Судья де Мораес Болсонаруну камактагы кезинде күнү-түнү медициналык кароо менен камсыз кылууну буйруду.
Уулу Карлос шейшемби күнү атасын көруп чыккан. Ал атасын "өтө алсыз жана психологиялык жактан сынып калган" адам катары сүрөттөдү.
"Ал өтө аз тамактанып жатат, кылмыш кылбаганын билген адам муну кадимки көрүнүш катары кабыл ала албайт", — деди ал AFP агенттигине.
2019-жылдан 2022-жылга чейин Бразилиянын президенти болгон Болсонару дайыма өзүнүн күнөөсү жоктугун жана саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келет.








