"Машинамды жүктөп келдим": Убайымга салган унаа газы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соңку эки ай аралыгында Кыргызстандын май, газ куюучу жайларда газ тартыштыгы күч алды. Айдоочулар узун кезекке тизилип, сааттап акыйышканын айтып даттанууда. Ал эле эмес унаасы өчүп калып, май куюучу станцияга чейин жүктөп келгендери дагы жок эмес.
“Газды аңдып эле калдык”

Бир топ убакыттан бери тартыштык күч алгандыктан айдоочулар дагы ага көнө түшкөн өңдөнөт. Станцияга баруудан мурун телефон чалып, кайсыл жерде газ бар, кайсынысында жок билип алышат экен. Шаардагы газ куйган станциялардын бирине барганыбызда узун кезек турсун, жалгыз унаадан башка эч нерсе көргөн жокпуз. Адегенде эч кандай кезек жок экен го, кирдиң, толтурдун, кеттиң дешген ойго келдим. Көрсө кептин баары башкада экен. Мен барган түйүндө газ калбай калыптыр. Мен көргөн жалгыз унаа болсо идишти шыпкагандай эле мына акыркы газды алып жатыптыр.
Кепке тартканыбызда буларды айтып берди:
“Эң аз дегенде эки саат кезек күтүп жатабыз. Ушундай учурда унаасы газ менен дагы, бензин менен дагы жүргөн айдоочулар бензин куюп турушса жакшы болмок. Бизде алардай тандоо жок болуп жатпайбы. Жалаң газ менен жүргөндөр кыйналып калып жатабыз. Мунун жолун табышса жакшы болот эле. Күнүгө ушундай. Газды аңдып эле калдык”,- деди Бишкек тургуну Бакыт Раханов.
Аңгыча станциянын газ ташынган унаасы келип газ куюуга киришти. Ал жакта иштегендер процесс эки сааттай убакыт ала турганын, ага чейин товар сатылбай турганын айтышты.
Анын каршысында жайгашкан дагы бир станцияга бардык. Ал жерде көгүлтүр от бар экен. Андай деле унаалардын күтүп калганын байкаган жокпуз. Болгону 4-5 машина тизилип калып жатты. Бирок ошол жерге келген айдоочулар менен маектешкенибизде чындыгында газ өтө эле тартыш болуп, айрыкча кечке маал кезек күткөндөрдүн саны ондоп саналып жаткандарын айтышты:

Бакыт Борукеев, Бишкек шаарынын тургуну:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Айдоочулар үчүн кыйын эле болуп жатат. Өткөндө кезек күтүп 40 мүнөт турдум. Унаам өчүп калайын деди. Эмнеге тартыш болуп жатат билбейм. Мүмкүн ушинтип туруп баасын көтөрүп салалы деп жатабы. Баасы дагы кыйла өсүп кетти. Мурун литри 32 сомдон болсо, учурда 37 сом 50 тыйынга чыкты”.
Эркин, Бишкек шаарынын туругуну:
“Менин унаам деле газ менен жүрөт. Бирок тартыш болуп, айдоочулардын кезекке турганын байкабай элемин. Бир куйганда толтуруп алам, ошону менен бир апта жүрөм. Станциялардан андай деле кезек күткөндөрдү байкай элекмин”.
Дагы бир айдоочу Лебединовкадан газ издеп келип шаар аралап жүргөнүн айтты.
“Жолдо унаасы өчүп калгандар дагы болуп жатат. Айрымдар эвакуатор менен жүктөп келүүдө. Айрымдары сүйрөтүп келип куюп жатат. Айтор кыйын эле болуп калды. Өткөндө кезекке бир саат турдум. Айрыкча кечке маал станциялар шыкалып калып жатат. Минтип элди кыйнабай эле бааны жогорулата турган болсо жөн эле жогорулатып коюшсун да. Менин оюмча бул бааны жогорулатуунун эле бир жолу”,- деди Алмаз Акматов.

Арген Азамат уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
“Баасы өсүп эле баратат, анысы аз келгенсип издеп таппайсың. Мен жумуштан кийин дайыма киши ташыйм. Өткөндө “Ала-Арча” паркына кардар менен барып ошол жерде газ жок унаам өчүп калды. Ошол жактагы станциядан куям деп баргам, ал жакта дагы жок калыптыр. Унаамды жүктөп алып Жаш Гвардия бульварындагы станциядан газ толтурдум. Жөн жерден ашыкча чыгым болдум. Менимче булар газ жок демиш болуп бааны бензиндики менен теңейт окшойт”.

Алмаз Ибраимкулов, Бишкек шаарынын тургуну:
“Газ жок болуп жатат. Анысы аз келгенсип кымбаттап кетти. Мен такси кызматында иштейм, биз үчүн кыйын эле болуп калды. Чыгым бензиндики сыяктуу эле. Мурдагыдай каалаган жерден барып куймай жок. Болсо дагы узун кезек”.
Дайыр Мамасадыков, Бишкек шаарынын тургуну:
“Унаам газ менен гана жүрөт. Бирок мен газ таппай калган учур деле боло элек. Кээде болуп калат. Бирок дайыма эмес”.

Ринат, Бишкек шаарынын тургуну:
“Газ менен жүргөн унаалардын саны өсүп жаткандыктан отундун бул түрүнө болгон талап күчтүү болууда. Менимче талап күчтүү болуп жаткандыктан бааны жасалма көтөрүп жатышат окшойт. Учурда мурдагыдай кенен эмес. Газ азайып бара жатканда эле ойлонуп баштайсың, кайдан табам деп. Менимче муну жогору жактан көзөмөлдөгөн деле киши жок болуш керек”.

Автобустар кантет?

Сүрөттүн булагы, bishkek.gov.kg
Мындай тартыштык Бишкекти жашыл шаарга айлантабыз деп калаа бийлиги жалаң газ менен жүргөн автобустарды жүздөп сатып алып жаткан учурга туш келди.
Тартыштык улана бере турган болсо коомдук транспорттор эмне болот деп кабатыр болгон шаар тургундары дагы жок эмес.
Бирок мэрия автобустарды отун менен камсыздоодо эч кандай көйгөй жаралбайт деп ишендирди.
“Жеңил унааларга пропан газы куюлса, автобустарга метан газы куюлат. Бул газдын такыр башка түрү. Бизге тиешелүү төрт газ куюучу станция бар. Анын баары штаттык тартипте иштеп жатат. Метан газына байланыштуу бизде эч кандай көйгөй жок. Күнүнө каттамга 840тан 865ке чейин автобустар чыгып жатат”,- деди мэриянын өкүлү Артур Өмүрзаков.
Айтымында, мэрияга караштуу 1200дөй автобус бар, алардын дээрдик баардыгы газ менен жүрөт.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы болсо газ тартыштыгын негизги үч себеп менен түшүндүрдү.
Уюмдун төрагасы Канатбек Эшатовдун айтымында, Орусиянын темир жолдорунда вагон цистерналар жетишсиздиги газ таңсыктыгын жаратууда.
Андан тышкары аталган өлкөнүн өзүндө дагы көгүлтүр өткө болгон суроо талап жогорулап жатат жана өлкөнүн айрым нефть иштетүүчү заводдору оңдоп-түзөө иштерине байланштуу иштин убактылуу токтотуп койгон.
“Азырынча жоромолдоп айтуу кыйын. Кырдаал жума сайын өзгөрүп жатат”,- деди ал.
Кыргызстанда мунай, газ маселесинде импортко көз каранды.











