Бишкекте суу көйгөйүн чечүүнүн аракети
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Бишкексууканал" ишканасы «Көк-Жар» суу кампасында эки күнгө созула турган оңдоп-түзөө иштерин мөөнөтүнөн мурда бүтүрдү. Шаар бийлиги калаа тургундарына бул тууралуу алдын ала билдирип, шаарда биотуалеттерди да уюштуруп койгон. Буга карабастан шаардыктар мэрияга нааразылык билдиришти.
Быйыл жаз-жайда Бишкекте таза суу тартыш болуп, борборду суу менен камсыздоодогу көп көйгөйлөр ачыкка чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Бишкексууканалдын” басма сөз катчысы Эрлан Тимуровдун айтымында, азыр калаада сууга байланыштуу маселе жок:
“11-июлда эртең менен Көк-Жар суу топтомунун иши токтотулуп, ал жактагы диаметри 600 метрлик задвижкалар токтотулуп, экөөсү жаңы орнотулду. Мындан тышкары диаметри 400 метрлик задвижкалар алмаштырылды. Андан тышкары, Бишкектеги суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бардыгы болуп 17 бригада иш алып барды. Ар биринде 5-7ден киши иштеди”.
Ремонт иштерине байланыштуу таза сууну берүү Бишкектин Фрунзе көчөсү менен Панфилов көчөсү жана темир жол сызыгы менен Аламедин суусунун жээги менен кеткен аянтта чектелди.
“Көк-Жар” суу кампасында ремонттон тышкары дезинфекция иштери да жүрдү. Эки күнгө пландалган иш бир суткада бүткөнүн мэрия сыймыктануу менен белгилеп жатат. Бирок буга чейин Бишкектин жака белинде таза суу тартыш болуп, Арча-Бешик конушунда ал тургай суу дээрлик эки ай график менен берилип жатты.
Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев суу кампадагы ремонт иштери так ошол Арча-Бешик конушундагы таза суу маселесин чечүү үчүн да жүргөнүн айтты:
“Биз Орто-Алыш суу сактагычындагы Арча-Бешикте жайгашкан абоненттердин бир бөлүгүн “Көк-Жар” суу кампасына көчүрүп, күч келип аткан суу кампасынын иштешин жеңилдеттик”.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Соңку жылдары Бишкекте жана Чүйдүн айрым райондорунда жаз келери менен кургакчылык жана суу тартыштыгы көйгөйү чыгууда.
Мэрия быйыл бул көрүнүштү салыштырмалуу суук аба ырайынан улам Ала-Арчадагы мөңгүлөрдүн тоң калышы менен түшүндүрүп жатат. Ошондой эле сууну ысырап колдонгон жаңы конуш тургундарына күнөө артууда.
Чүйдүн Сокулук районунун Орок жана Селекционное айылдарында таза суу маселеси дагы деле бар. Бул аймактын жергиликтүү тургундары буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаровго чейин арызданып, эки айдан бери маселелери чечилбей жатканын айтышкан. Алар, ал тургай, бул көйгөй чечилбесе митингге чыгарын да эскертишкен.
Маселе курчуп, 3-июлда аталган айылдардын тургундары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.
“Бизге убакыт бергиле, эки-үч жыл ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз”, – деп Жапаров Бишкек мэриясына аталган айылдарды бир жума ичинде жадыбал боюнча таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырган.
Суу тартыштыгы Бишкекте жыл сайын эле боло турган көйгөй, бирок бул жолу бул маселе мурда болуп көрбөгөндөй масштабда көйгөй жаратты.
Көйгөйдүн өзөгү кайда?
“Негизги маселе, биздин Орто-Алыш суу кампасынын ички резервуарлары Ала-Арча, Аламедин дарыяларынан толчу да. Тилекке каршы, мөңгүлөр азыраак ээрип, резервуарларды толтуруу кыйын болуп атат. Өйдө жактан суу бөлүштүрүү системасынын да бир бөлүгүн бизге бергиле деп талап коюп жатабыз. Ала-Арчада суу аз болгондуктан кээ бирде кургап да калып аткан. Себеп дегенде, кечкисин аба ырайы суук болуп, мөңгүлөрдүн эриши аз болуп аткан. Азыркы маалда суу көбүрөөк бөлүнө баштады. Ички резервуарлар да толуп, жер алдындагы суулардын статистикалык деңгээли стабилдештирилди”,- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев.
Орто-Алыш суу кампасы Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн өйдө жагындагы аймакты же шаардын 40% калкын суу менен камсыздайт. Бирок калаада калктын саны өскөн сайын суу кампанын иши оорлоп жатат.
Шамыралиев шаар бийлиги калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мисалы, ушу тапта Орто-Алыш суу кампасына тийиштүү абоненттердин бир бөлүгүн Түштүк-Батыш суу кампасына, дагы бир бөлүгүн “Көк-Жар” суу кампасына которуу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле борбор калаа үчүн Баш-Кара-Суу суу кампасынан кошумча жер тилкеси ачылып, жаңы кудуктар курулганы жатат. Бул Арча-Бешик, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштардын суу тартыштык маселесин чечет. Мындан тышкары, мэрия ушу тапта калаа тургундарын техникалык суу менен камсыздоо жолдорун издеп атат. Себеби, таза суу калаа тургандарынын техникалык муктаждыктарына да көп ысырап болуп жатат.
Буга чейин суу маселеси парламентте да бир нече жолу көтөрүлүп, депутаттар шаар бийлигинен маалымат алышкан. Мэрия суу маселесин чечүү үчүн Баш-Кара-Суу суу кампасына жакын жерден кошумча төрт гектар жер тилкесин сурап, Сельский суу кампасынын жанынан дагы үч гектар, Конт-резервуар суу кампасына жакын жерден төрт гектар, ал эми жаңы суу кампаларын курууга бери дегенде 150 миллион, жетиштүү дегенде 500 миллион доллар акча сураган.
Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дагы өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.
Эгемендик жылдары Кыргызстан сырттан калкты таза суу менен камсыздоо багытында “Таза суу” долбоору башталган.
Бул долбоорго 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон миллиондогон каражат келген. Бирок түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону кийин ачыккан чыккан.









