Жаңы Жердеги активдүүлүк: Орусия "Буревестник" өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөнү жатабы?

2018-жылы Владимир Путин жаңы орус курал-жарактары жөнүндө сөз сүйлөп жатканда экранда “Буревестниктин” сыноосу көрсөтүлгөнү айтылган

Сүрөттүн булагы, kremlin.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы Владимир Путин жаңы орус курал-жарактары жөнүндө сөз сүйлөп жатканда экранда "Буревестниктин" сыноосу көрсөтүлгөнү айтылган
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Си орус кызматынын аскерий баяндамачысы

Орусия жакынкы күндөрү өзөктүк кыймылдаткыч менен жабдылган "Буревестник" ракетасын сыноого даярданып жаткан сыяктуу. Байкоочулар бул тууралуу августтун башынан бери айтып келишсе, соңку күндөрү даярдыктардын белгилери даана байкала баштады.

25-августта АКШнын радиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү Boeing WC-135R Constant Phoenix учагы (каттоо номери 64-14829) Катардагы базадан чыгып, Улуу Британияга келип конгон. Андан соң ал Балтика деңизинин үстүнөн аба мейкиндигин көзөмөлдөй баштады. Учууларды Flightradar24 сервисинен көрүүгө болот.

Бул учак атмосферадагы радиоактивдүү заттарды аныктоо үчүн колдонулат. Эгерде WC-135R белгилүү бир аймакты байкоо үчүн асманга көтөрүлсө, Вашингтон болжолдогондой, бул ошол жерде радиацияга байланышкан кандайдыр бир окуялар болушу мүмкүн дегенди билдирет.

22-августта анонимдүү "Дети Арбата" телеграм-каналы Владимир Путин Саровго барганда "Буревестник" ракетасын сыноонун жүрүшү жана аны 2025-жылы ишке киргизүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык тууралуу баяндама угуп чыкканы жөнүндө жазган.

Бул кабарды кийинчерээк көптөгөн социалдык тармактар таратып, "Коммерсант" да Путин Саровдо "Буревестникти" талкуулаганын жергиликтүү телеграм-каналдарга шилтеме кылып жазды.

Баяндаманын мазмуну белгисиз, бирок бул америкалык радиологиялык чалгындоо учагы Араб жарым аралынан Европага учуп, Балтика деңизин күзөтө баштагандан үч күн мурун болгон.

Америкалык Boeing WC-135R Constant Phoenix радиологиялык мониторинг учагы. Дүйшөмбү күнү ушундай эле учак Балтика деңизинин үстүндө нөөмөттө болгон

Сүрөттүн булагы, US Air Force

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык Boeing WC-135R Constant Phoenix радиологиялык мониторинг учагы. Дүйшөмбү күнү ушундай эле учак Балтика деңизинин үстүндө нөөмөттө болгон

Жаңы Жердеги учактар

Августтун башында Strategic Control телеграм-каналы кабарлагандай, Орусиянын Коргоо министрлигинин полигондору жайгашкан Жаңы Жер архипелагындагы "Рогачево" аэродромуна бир катар аскердик-транспорттук учактар жана тик учактар конгон. Алардын арасында бир А-50У жана эки Ил-976 СКИП үлгүсүндөгү атайын борттор да болгон. Бул тууралуу маалымат 9-августта жарыяланган.

А-50У — аба жана жер үстүндөгү кыймылдарды алыстан көзөмөлдөй алган, Орусиянын заманбап радиолокациялык башкаруу учагы.

Жаңы Жердеги Паньково полигонунун 7-августта спутниктен тартылган сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы Жердеги Паньково полигонунун 7-августта спутниктен тартылган сүрөтү

Ил-976 СКИП — учуу маалында ракеталардын ар түрдүү көрсөткүчтөрүн каттоо үчүн атайын түзүлгөн учак-лаборатория. Негизинен ал ракеталык сыноо учурунда колдонулат.

Би-Би-Синин Орус кызматы Жаңы Жердеги аэродромдун 10 жана 12-августта спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп чыгып, анда бул учактар чынында эле турганын аныктаган.

Ал эми 13-августта Reuters агенттиги Жаңы Жердеги Паньково сыноо полигонунда өзгөчө активдүүлүк байкалганын жазып чыкты. Агенттик менен маектешкен адистер мындай кыймыл-аракеттер ракеталык сыноолорго даярдыкка абдан окшош экенин айтышкан.

Бул аралыкта Балтика деңизинин үстүнөн күзөт жүргүзгөн WC-135R учагы 5-августта да Жаңы Жер тарапка барып келген. Бирок андан кийин бул багытка учкан эмес.

Өзөктүк ракета

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

9М730 "Буревестник" (НАТОнун классификациясы боюнча SSC-X-9 Skyfall) — бул чакан ядролук реактор колдонулган канаттуу ракета. Кыймылдаткычынын иштөө схемасы белгисиз. Ядролук орнотмо ракетанын учуу аралыгын кыйла узартат.

Акыркы жылдары социалдык тармактарда "Буревестниктин" сыноолору тууралуу расмий эмес маалыматтар чыгууда, бирок алардын канчасы ишке ашканы жана кандай жыйынтык бергени белгисиз бойдон калууда.

Адистердин айтымында, болжолдуу сыноолордун бири 2019-жылдын 8-августунда Неноксада өткөрүлүп, адам өмүрүн алган кырсык менен аяктаган болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги Неноксадагы полигондо адам өмүрүн алган кырсык болгонун мойнуна алган. Расмий маалыматка ылайык, суюк отундуу реактивдүү кыймылдаткычты сыноо учурундагы жарылуудан эки адам каза тапкан.

Ал эми "Росатом" мамлекеттик корпорациясы өз кезегинде радиоизотоптук элемент колдонулган ракетаны сыноо учурунда жарылуу болгонун билдирип, анын кесепетинен беш кызматкери набыт болуп, дагы үчөө ар кандай деңгээлдеги жаракат жана күйүк алганын маалымдаган.

Ошентсе да көптөгөн адистер бул кырсык кайсы бир өзөктүк аппаратты, балким "Буревестник" ракетасын сыноо учурунда болгон болушу мүмкүн деген пикирде.

Кырсыктан кийин Архангельск шаарындагы дарыгерлер да радиациялык заттарга ууланган бейтаптардын түшкөнүн кыйыр түрдө ырасташкан.

Курал – символ

"Буревестник" — бул Владимир Путин 2018-жылдын 1-мартында Федералдык Жыйынга жасаган кайрылуусунда тааныштырылган жаңы стратегиялык куралдардын бири.

Өз сөзүндө Путин "Кинжал" ракетасын, "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасын, гиперүндүү "Авангард" учкучсуз планерин жана суу астында жүрүүчү өзөктүк "Посейдон" торпедосун да атап өткөн.

Бул куралдардын баары орус пропагандасында мамлекеттин күчүн даңазалоонун символу катары кеңири колдонулду.

Ошол эле учурда бул куралдардын ичинен орус армиясы "Кинжал" аэробаллистикалык ракетасын гана колдонот.

Калган куралдардын сыноодон ийгиликтүү өткөнү же иш жүзүндө колдонулуп жатканы жөнүндө ачык булактарда маалымат жок.

АКШнын ортомчулугу менен орус-украин согушун токтотуунун жолдорун издөө күчөп жаткан шартта, Орусия фронттогу аракеттерин күчөттү.

Ошол эле учурда Украина акыркы күндөрү жашыруун түрдө иштеп чыккан эки куралын — үч миң жана миң чакырым аралыкка уча турган канаттуу ракеталарын коомчулукка көрсөттү.