Президентке арызданган мурдагы чиновник

Видеонун түшүндүрмөсү, Президентке арызданган мурдагы чиновник
Президентке арызданган мурдагы чиновник

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Курстанбек Матиев адилеттүүлүк издеп жүргөнүн айтып, президентке кайрылды. Матиев Оштогу Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жатаканасын бузууга байланыштуу камалып чыкканын, миллион сом акча төлөп бергенин айтып арызданды.

Президент анын арызы боюнча ишти кайра карап, актап, акчасын кайтарып берүү талабы менен прокуратурага тапшырма берди.