Индияда зордукталган өспүрүм кыз полицияга келгенде кайрадан зордукталды

нааразычылык акциясы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдар жана кыздарга карата зомбулук бир нече индиялык шаарларда нааразычылыктарга алып келген

Индиялык полицей 13 жашар өспүрүм кызды зордуктоого айыпталып кармалды, жабырлануучу полиция участогуна топтошкон адамдар тарабынан зордукталганын кабарлоо үчүн келген болчу.

Зордуктоолор, айрыкча топтошкон адамдар тарабынан, Индияда адаттагы көрүнүш болуп калды. Кылмыштуулук боюнча жеткиликтүү маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Индияда 28 379 аял жана кыз зордукталган. Бул орто эсеп менен ар 18 мүнөттө бир зордуктоо болот дегенди түшүндүрөт.

Индиянын түндүк бөлүгүндөгү Уттар-Прадеш штатындагы бул окуя тууралуу жабырлануучу өспүрүм полицияга бул аптада арыз бере алгандан кийин гана белгилүү болду. Жабырлануучу - индуист каста системасынын эң төмөн тепкичиндеги далит жамаатынын мүчөсү.

Арызда өспүрүм аны 22-апрелде төрт бала коңшу штатка алып кетип зордуктаганын, бирок бир нече күндөн кийин ал качып кеткенин жазган. Ал эми 27-апрелде ал полицияга кайрылган учурда кайрадан зордукталган.

Качууда жүргөн шектүү 4-майда кармалган. Ага жаш балдарды сексуалдык кылмыштардан коргоо мыйзамы боюнча айып тагылды.

Мындан сырткары, полиция дагы төрт кишини жана өспүрүм зордукталып жатканда полиция участогунда болгон жабырлануучунун тууганын кармады. Камакка алынгандардын арасында Уттар-Прадеш штатынын Лалитпуре айылдык полиция участогунун жетекчиси бар.

Ал эми кылмыш жасалган маалда полиция участогунда болгон дагы 29 кызматкер жумушунан четтетилишти.

“Күнөлүү деп табылгандарга эң катаал чара көрүлөт, - деди Reuters агенттигине полиция офицери Прашант Кумар". - "Зордуктоонун жабырлануучусу дарылануу үчүн райондук бейтапканага жаткырылды”.

Көйгөй чечиле элек

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул окуя индиялык соцтармактарында кызуу талкууга алынды. Саясатчылар жана активисттер аялдарды коргоо үчүн ыкчам чараларды көрүүнү талап кылышты.

“Эгерде полиция участоктору аялдар үчүн коопсуз болбосо, алар арыз жазуу үчүн каякка барышат? - деп жазды Твиттерде Конгресс оппозициялык партиясынын жогорку даражалуу мүчөсү Приянка Ганди Вадра. - [Уттар-Прадештин] өкмөтү полиция участокторун аялдар үчүн коопсуз жай кылуу үчүн аял-офицерлердин санын көбөйтүүнү ойлонуп көрдүбү?”

Индияда зордуктоо боюнча мыйзамдар жана өкүмдөрдү чыгаруу эрежелери 2012-жылы, Нью-Делиде студент кыз кишилердин тобу тарабынан зордукталгандан кийин алмашкан. Кийинчерээк жабырлануучу зордуктоодон алган жаракаттардын кесепетинен каза тапкан.

Бул окуя дүйнөлүк гезиттерге жарыяланып, Делидеги массалык нааразычылыктарга алып келген. Индия сексуалдык кылмыштар менен күрөшүү үчүн катаал мыйзамдарды кабыл алууга аргасыз болгон. Ал кылмышка күнөөлүү деп табылган төрт киши 2020-жылы өлүм жазасына тартылган.

2018-жылы Индияда жаш балдарга кол салуулар болгондон кийин, коомдук басымдын шартында 12 жаштан кичүү кыздарды зордуктоо үчүн өлүм жазасы киргизилген.

Бирок мыйзам бузуулардын көрсөткүчтөрү жогору бойдон калууда: акыркы расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылы 28 379 аял жана кыз зордукталган. Бул орто эсеп менен ар 18 мүнөт сайын зордуктоо болуп турат дегенди түшүндүрөт.

Укук коргоочулар иш-жүзүндө бул сандар мындан да көп экенин айтышат, анткени сексуалдык зомбулуктан жабыркагандар көп учурда полицияга кайрылышпайт.

Уттар-Прадеш штатынын бийлиги өзгөчө кескин сынга кабылып келет.

2020-жылы кишилердин тобу тарабынан зордукталганын жана ырайымсыз кол салуу туш болгонун айткан 19 жаштагы аял каза тапкандан кийин бул штат медиалардын көңүл чордонуна түшкөн. Полицейлер жана администрациянын өкүлдөрү жабырлануучунун үй-бүлөсүнүн макулдугусуз анын сөөгүн өрттөп жиберген.

Төгүндөлгүс далилдерге карабастан, кызмат адамдары маркум зордукталбаганын айтышууда. (EB)