Украинада жаңы мобилизация мыйзамы: Ал эмнеге кабыл алынды жана эмне өзгөрөт?

Украина аскер

Сүрөттүн булагы, EPA

Жогорку Рада акыркы айларда Украинанын саясий чөйрөсүндө жана коомдо кеңири талаш-тартыштардын чордонунда болуп келген мобилизация мыйзамын кабыл алды.

Мобилизация мыйзамы Украина жетекчилигинин ушул жыл майдын аягында же июндун башында орус аскерлеринин масштабдуу чабуулу башталат деген билдирүүлөрү болуп жаткан учурда кабыл алынды.

Украинанын мобилизациясынын тарыхы

Украина мобилизация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Владимир Зеленский Украинадагы жалпы мобилизацияны Россия толук масштабдуу түрдө басып кирген биринчи күнү эле, 2022-жылы 24-февралда жарыялаган.

Андан бери Жогорку Рада ар бир үч ай сайын президенттин бул жарлыгынын мөөнөтүн узартып келет, башкача айтканда формалдуу көз караштан алганда өлкөдө мобилизация үчүнчү жыл үзгүлтүксүз уланууда.

Чындыгында, чоң согуштун үчүнчү жылында бул процесс системалык кризисте турат. Орус аскери басып кирген биринчи жумаларда жана айларда Украинанын аймактык комплект борборлорунун жанында (АКБ, Украинада ошондой эле аскер комиссариаттары деп да аталат) согушка барууну калагандардын кезеги пайда болгон. АКБ мынчалык көп ыктыярчыны кабыл ала алган жок жана аскердик тажрыйбасы жок адамдар көбүнчө үйүнө жөнөтүлдү.

Бир нече айдан кийин кырдаал кескин өзгөрдү. Ыктыярчылардын агымы түгөнүп, жоготуулардын ордун толтуруу керек болду. Бул жагдайда, Украинанын армиясына аскерге чакыруунун классикалык ыкмаларына кайрылууга туура келди.

Бул жерде алар бир нече көйгөйгө туш болду. Биринчиден, мобилизация боюнча көптөн бери жаңыланбаган мыйзамдар согуш мезгилиндеги талаптарга жооп бербей калды.

Экинчиден, көрүнүп тургандай, Украинанын аскердик каттоо системасы көп жагынан жарабай калды. Аскердик комиссариаттарда миллиондогон аскерге милдеттүү жарандардын жашаган жери, социалдык абалы тууралуу маалымат болгон эмес. Алар мыйзам талап кылгандай каттоодон өтүшкөн эмес, аскер милдетин аткарууну каалашкан эмес. Мындай шартта Украинанын шаарларынын көчөлөрүндө аскердик каттоодо турбаган аскер курагындагы эркектерди күч менен алып кеткен "кабарлоо командалары" катышкан окуялар көп болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Согушуп жаткан аскер бөлүктөрүнүн жаңы толуктоолордун сапатына нааразылык да көп болду. Байкоочулардын баамында, акыркы мезгилде мобилизациялангандардын орточо жашы кырктан ашып кетти, ошондой эле мобилизация укуругуна көбүнчө азыркы согушка даяр эмес айылдык тургундар көп илинүүдө.

Мына ушундай кырдаалда өткөн жылы жайында Украинадагы мобилизация системасынын азыркы кемчиликтерин жоюуга мүмкүн болгон комплекстүү мыйзамдын үстүндө иш башталган.

Бул долбоордо ишти татаалданткан нерсе, украин коомунда мобилизацияга жогорку саясатчылардын бири да, анын ичинде президент Владимир Зеленский - жогорку командачы да бул документтин жоопкерчилигин алгысы келбеди.

Кайсы бир учурда, жашыруун долбоор жөнүндө талкуу аскер жетекчилиги, президент, өкмөт жана парламент депутаттарынын ортосундагы "ысык картошка" оюну сыяктуу болуп калды.

Акыр аягы, Өкмөт тараптан мобилизациялоо боюнча мыйзам долбоорунун биринчи версиясы өткөн жылдын декабрь айынын акыркы күндөрүндө парламентке берилди. Документке катуу сындар жаагандан кийин бул долбоор чакыртылып алынып, кайра иштелип чыккандан кийин Радага 30-январда катталды.

Депутаттар ага төрт миңден ашуун түзөтүү киргизип, маселе парламенттин улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо комитетинде бир нече жума каралып, шаршемби күнү гана жыйынтыктоочу документ сессияга чыгарылды.

Баарына мобилизация керек

Украина паспорт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Байкоочулар Орусия баштаган согуштун үчүнчү жылында Украинадагы мобилизация мыйзамынын кабыл алынышы бир нече себептерден улам кечиккен жана эчак бышып жетилген маселе деген пикирде.

Баарыдан мурда, чакырууну активдештирүүнү көптөн бери фронттогу кырдаал талап кылууда.

"Мен сизден абдан суранам, бул мыйзамды кабыл алыңыз. Биз ага абдан муктажбыз. Биз фронтту акыркы күч менен кармап турабыз", - деп депутаттарга Жогорку Раданын сессия залында добуш берүүнүн алдында, Бириккен күчтөрдүн командачысы, генерал Юрий Содаль кайрылды.

Анын айтымында, украин армиясындагы кадрдык каатчылык ушунчалык күчтүү болгондуктан, фронттун айрым жеринде орустар украиналыктардан жети, ал тургай он эсе көп болууда.

Орустар масштабдуу мобилизацияга даярдык көрүп жатканы жана анын артынан чоң чабуулга өтүшү жөнүндө Владимир Зеленскийдин билдирүүсү украин армиясынын катарын толуктоо маселесин ого бетер курчутту.

Украинанын аскер күчтөрү да мобилизацияны күчөтүүнү талап кылууда, согуш негизинен чыгыш фронтто жүрүүдө. Алардын көбү кан майданда 2022-жылдын февралында Орусиянын масштабдуу баскынчылыгы башталгандан эмес, 2014-жылы Донбасста конфликт башталгандан бери жүрөт.

Украинанын армиясына жаңы күчтөрдү алып келүү тажрыйбалуу жана чарчаган жоокерлерди ротациялап, аларды тыныктыруунун жалгыз жолу болуп эсептелет. Бирок, мобилизация мыйзамы акыркы каралар алдында Жогорку Раданын башкы комитетинин демилгеси боюнча үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин жоокерлерди демобилизациялоо жана фронттогу аскер күчтөрүн милдеттүү ротациялоо жөнүндө жоболор алынды. Бул маселелер эми өзүнчө мыйзамда жазылышы керек.

Эң акырында, мобилизация мыйзамынын кабыл алынышы Украина катышкан тышкы саясий оюнга айланды.

Азыр Украина бүтүндөй батыш өнөктөштөр берип жаткан каржылык жана аскердик жардамдан көз каранды экендиги эч кимге жашыруун эмес.

Алардын арасында – алардын айрымдарынын арасында - акыркы убакта мындай жардамды улантууга скептикалык маанай түзүлүүдө.

Башкача айтканда, украин бийлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, кээ бир өнөктөштөр согушуп жаткан Украинага жардам берүүнү токтотууга шылтоо издеп, бирок буга Украинанын өзүн күнөөлөгөн жатат.

Мындай маанайды күчөтүүгө «россиялык кас күчтөр» бардык күчү менен аракет көрүүдө.

Өткөн аптада "Улуттук телемарафонго" берген маегинде Владимир Зеленский мобилизация мыйзамын кабыл алууну Киев создуктуруп жатканын орус пропагандасы Батыштын оюн бузууга колдонгонун айтты.

"Орустар бизде бул мыйзам кабыл алынбай жатканы үчүн эл мамлекетти мындан ары коргоого даяр эмес дегендей маселе көтөрүп чыгышты: эгер мобилизацияны каалабасаңар, парламент добуш бергиси келбесе, анда жардам силерге эмнеге керек, эмне үчүн биз жардам беришибиз керек дегендей суроону бүгүнкү күндө Батыш бизге коюп жаткандай пропаганда жүргүзүүдө", - деди Зеленский.

Бул жагынан алганда, Раданын чырлуу мыйзамды кабыл алышы украин президентине батыштагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүүгө жаңы күч берет.

Жаңы мыйзамда эмне бар?

Украина жоокер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде 18 жаштан 60 жашка чейинки бардык украин эркектери (анын ичинде чет өлкөдө жүргөндөр) аскердик маалыматтарын жаңыртышы керек. Андан кийин алар согуш бүткүчө аскердик документтерин өздөрү менен алып жүрүүгө жана соода борборунун кызматкерлеринин же полициянын биринчи талабы боюнча көрсөтүүгө милдеттүү болушат.

Мыйзамга аскерге милдеттүүлөрдүн электрондук кабинети деген түшүнүк киргизилет: аны аскерге чакыруу курагындагы ар бир украин адамы өз ыктыяры менен ала алат, ал аркылуу армия системасы менен байланышат.

Аскердик каттоодо турбаган эркектерге чет өлкөлүк паспорт берилбейт, (бул жерде чет өлкөдө жүргөндөр жөнүндө сөз болуп жатат) консулдук кызматтардан пайдаланууга болбойт.

Мындан тышкары, мыйзам "качкындардын" мамлекеттик кызматта иштөө мүмкүнчүлүгүн чектейт жана "качкындарды" айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу жөнүндө сотко бергенге укук берет.

Бейшемби күнү кабыл алынган мыйзам көп балалуу аталарга (алимент төлөө боюнча карызы барлардан тышкары), жалгыз бой ата-энелерге, асырап алуучуларга, ошондой эле Украинаны коргоодо жакын туугандары курман болгон же дайынсыз жоголгон жарандарга мобилизацияны кийинкиге калтыруу укугун берет.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Жогорку Раданын депутаттары жана алардын экиден көп эмес жардамчылары, аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын жетекчилери, судьялар мобилизациядан бошотулат.

ЖОЖдордун жана күндүзгү окуу формасындагы кесиптик-техникалык окуу жайларынын студенттери, ошондой эле мугалимдер аскердик кызматка чакырылбайт.

Майыптыгы бар, туткундан бошогон жарандар, ошондой эле 25 жашка чейинки өспүрүм балдар аскерге өз ыктыяры менен гана бара алат.

Бардык мобилизациялангандар милдеттүү түрдө зарыл болгон аскердик даярдыктан өтөрү мыйзамда өзүнчө жазылды.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин, ага Жогорку Раданын спикери кол коюшу керек. Андан ары президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Мыйзамга Зеленский кол койгондон бир айдан кийин гана ал күчүнө кирет. (МА)