Сүрөт баян: Кыргызстан Эгемендик майрамын белгиледи

Мээрим Догдурбекова, Руфат Эргешов, Би-Би-Си Бишкек

Чуңкурчактагы иш-чарага миңдеген адам барды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чуңкурчактагы иш-чарага миңдеген адам барды

Кыргызстан Эгемендик майрамынын 31 жылдыгына арналган башкы салтанатты Чуңкурчак жайлоосунда өттү. Президенттин катышуусундагы бул салтанатта бийик туу орнотулуп, желек көтөрүлдү. Жеринен сүрөт баян тартуулайбыз.

Майрамга карата 31 метрлик флагшток орнотулду

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майрамга карата 31 метрлик флагшток орнотулду

Ал мындан ары Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдарды “ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүү ниетибиз бар” деп белгиледи.

“Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик. Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык. Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды. Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу! Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!” - деди Жапаров.

Садыр Жапаров
Чуңкурчак
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чуңкурчакка учурдагы жана мурдагы бийликтин өкүлдөрү чогулду

Мындан сырткары, Чуңкурчакта Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200-жылдыгы белгиленди. Президент Жапаров “эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык милдет” деп кошумчалады.

Чуңкурчактагы актёрлор
Чуңкурчактагы иш-чара
Чогулган эл

Өлкө башчы Кыргызстандын ар бир жараны улутуна жана динине карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгиледи. Ал “ынтымактуу Кыргызстандын эли балдарды чогуу тарбиялап, майрамдарды чогуу тосуп, кыйынчылыкты бирге көтөрөт” деп билдирди.

“Бирөөнүн үйүнө кыйынчылык келсе, бизден өткөн ынтымактуу, камкор адамдар жок. Биз ар дайым бири-бирибизге жардам берүүгө шашабыз. Ар бир көчөдө, ар бир жамаатта, айылда жана шаарда бардык кыргызстандыктар бүгүн тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашап жатышат. Ар бирибиз ушул бейпилдикти сактап гана тим болбостон, жерибизде өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана гүлдөп-өнүгүүнү жигердүү бекемдешибиз керек”, - деди ал.

Кыз-куумай
Чуңкурчак
Көркөм өнөр
Көркөм өнөр