Virgin Galactic: космоско биринчи коммерциялык каттам барып келди

Сүрөттүн булагы, VIRGIN GALACTIC
Миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Galactic компаниясына таандык VSS Unity космопланы биринчи коммерциялык каттамды ийгиликтүү ишке ашырды.

Сүрөттүн булагы, VIRGIN GALACTIC
Учуу жалпысынан бир жарым саатка созулду, анын бортунда эки учкуч жана астронавт-инструктордон башка үч италиялык учкуч офицер болду, алар салмак жок шартта бир катар илимий экспериментти өткөрүштү.
Бортто кадимки туристтер болбогон менен бул баары бир коммерциялык каттам болду, анткени учкуч офицерлер үчүн Италиянын коргоо министрлиги төлөдү.

Сүрөттүн булагы, VIRGIN GALACTIC
Эми сэр Ричард Брэнсон 250 миңден 450 миң долларга чейинки баадагы билетти алдын ала сатып алгандарды бара-бара космостук саякатка жөнөтүп турмакчы. Алардын арасында кээ бирлери космостун чекесин көрүп келиш үчүн он жылдан ашык күтүп жүрүшөт, бирок айрымдар үчүн бул күтүү дагы созулушу мүмкүн.
Unity кемеси бортко бир нече гана жүргүнчү алат, ал эми учуулар айына бир гана жолу пландалууда. Демек, 2026-жылы Virgin Galactic жаңы ракетопландардын жаңы классын чыгарып, каттамдарды аптасына бир жолу аткарганга чейин кезек жукарбайт болуш керек.
Virgin Galactic компаниясынын коммерциялык учууларга жолу татаал болду.
Ал 2004-жылы SpaceShipOne деген чакан эксперименталдык учактын ийгилигине шыктануу менен негизделген. Бул учак эки аптада бир жолу космостун чек арасына көтөрүлүп, технологиялык новация үчүн 10 млн доллар сыйлык алган.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Брэнсон коммерциялык каттамдарды 2007-жылы баштоого үмүт кылган, бирок компания көп техникалык кыйынчылыктарга туш болду. 2014-жылы Enterprise деп аталган кеме учуп баратып талкаланып, эки үчкучтун бирөө курман болгондо долбоорду аз жерден токтотуп кое жаздашты.
2018-жылы гана Unity деп аталган жаңы кеме космостун чек арасы саналган 80 км бийиктикке жетти. 2021-жылы сэр Ричард өзү космоско учуп, андан алган сезимдерин укмуштай деп атады.
Unity суборбиталдык кеме болуп саналат, башкача айтканда ал орбитага чыкканга керектүү ылдамдыкка жана бийиктикке чыга албайт, бирок анткен менен ал жүргүнчүлөргө траекториянын жогорку чекитинде салмаксыздыктын бир нече мүнөтүн тартуулайт.
Ошол эле учурда космос саякатчылары ракетопландын иллюминаторлорунан Жердин керемет көрүнүшүнө күбө болушат.
Бейшембиде учкан миссия Galactic 01 деп аталып калды. Экинчи каттам - Galactic 02 августта болот. Анда алдын ала билет сатып алган бир нече жүргүнчү космоско саякатка барат. (КС)











