"Манас" аба бекетиндеги туман: бир канча каттам аткарылган жок, учактар башка шаарларга жөнөтүлүүдө

"Манас" аба бекети

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба бекети

"Кыргызстан аэропорттору" мекемесинин басма сөз кызматы Би-Би-Сиге билдиргендей, 22-декабрда "Манас" аба бекетинде 11 каттам токтотулуп, 4 каттам кечигип учту. Ошол эле учурда тумандан улам дагы 16 каттамдын учар-учпасы белгисиз болууда. Ал эми бул күнү12 каттамдын учактары ийгиликтүү учуп кеткен.

Мындан тышкары, бир канча учак башка шаарларга жөнөтүлгөн.

Маселен, 22-декабрда Стамбулдан келген рейс Ташкентке, ал эми Москвадан келген учак Тамчыга конууга мажбур болду.

Өткөн жуманын аягынан бери "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторун калың туман каптап, аба каттамдарынын графиги олуттуу өзгөрүүдө.

"Манас" аба бекетинин маалыматы боюнча, аэропорттун аймагында көрүү ыраактыгы болгону 400-500 метрди түзүүдө. Учактардын коопсуз конушу жана учушу үчүн бул көрсөткүч кеминде 800 метр болушу шарт.