Купуя жана өзгөчө катуу корголгон: Ирандын Фордо өзөктүк объектиси тууралуу эмне белгилүү?

Фордо объектти: спутниктен алынган сүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фордо объектти: спутниктен алынган сүрөт

Жаңылыктар бөлүмү

Би-Би-Си орус кызматы

Тегерандын түштүгүндөгү тоолордо жашырылган Фордо уран байытуучу заводу Ирандын өзөктүк амбициялары үчүн өтө маанилүү объект болуп саналат. Ошол эле учурда бул амбицияларды токтотууга аракет кылып жаткан Израил үчүн негизги буталардын бири.

Израил Ирандын аба мейкиндигинде үстөмдүккө жетишкен болушу мүмкүн, бирок Улуу Британия менен Францияны бириктирген Ла-Манш туннелинен да терең жайгашкан деп эсептелген Фордо өзөктүк объектиси Израил үчүн жеткиликсиз бойдон калууда.

Фордону жок кыла ала турган бомба учурда болгону АКШда гана бар деп эсептелет, бирок мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы согуштун масштабынын кыйла кеңейишине алып келиши мүмкүн.

Иран жарандык максаттар үчүн иштеп жатат деп келген купуя объект тууралуу азырынча эмне белгилүү экени тууралуу айтып беребиз.

Бирок Израил бул жайды өзүнүн коопсуздугу үчүн түз коркунуч катары көрөт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун айтымында, Иран өзөктүк куралды чыгарууга жакындап калды. Израил бул маселе бир нече айга же эң көп дегенде бир жылга чейин чечилиши мүмкүн деп эсептейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун айтымында, Иран өзөктүк куралды чыгарууга жакындап калды. Израил бул маселе бир нече айга же эң көп дегенде бир жылга чейин чечилиши мүмкүн деп эсептейт

Израилдин бул ишенимин ырастоо да, жокко чыгаруу да мүмкүн эмес.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын Курал-жаракты көзөмөлдөө ассоциациясынын куралды жайылтпоо боюнча саясат бөлүмүнүн директору Келси Дэвенпорттун айтымында, соңку бир нече айдаИран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча алдыга бир кадам да таштаган эмес.

Бирок буга чейинки жылдар аралыгындааны кандай деңгээлге жеткирүү мүмкүн болду?

Быйыл март айында АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Талси Габбард Конгрессте сүйлөп жатып, Ирандагы байытылган урандын запастары "эң жогорку деңгээлде" жана "өзөктүк куралы жок өлкө үчүн мурда-кийин болуп көрбөгөндөй көлөмдө" экенин билдирген.

Ошол эле учурда ал АКШнын чалгын кызматы "Иран өзөктүк курал чыгарбайт" депэсептей турганын кошумчалаган.

Ал арада, май айынын аягында жарыяланган МАГАТЭнин кварталдык соңку баяндамасында, потенциалдуу түрдө тогуз өзөктүк заряд жасоо үчүн Иран 60 пайыз таза, байытылган уранды жетиштүү көлөмдө топтогону айтылган.(Булөзөктүк курал жасоо үчүн талап кылынган 90 пайыз деңгээл үчүн өтө аз кадам)

МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси агенттик Ирандын өзөктүк программасы толугу менен тынчтык максаттыы көздөй турганына кепилдик бере албай турганын айткан.

Фордо бул эмне болгон объект?

Фордо уран байытуу ишканасы Тегерандан 96 чакырым түштүктө, Кум шаарына жакын жерде, Ирандын түндүгүндөгү бийик тоолорго курулган. Ал аба соккуларына туруштук берүүгө ылайыкталган жана анын тереңдиги кадимки бомбалардан коргойт.

Бул жерде башында Ислам революциясынын сакчылар корпусу өз муктаждыктары үчүн колдонуп жүргөн бир катар туннелдер болгон. Өзөктүк жайдын курулушу 2006-жылы башталган деп болжолдонууда жана Иран анын бар экенин 2009-жылы Батыш чалгын агенттиктери ачкандан кийин мойнуна алган.

Ирандын расмий өкүлдөрү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) мүчөлөрү менен өткөн жылдын ноябрында объектке барганда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын расмий өкүлдөрү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) мүчөлөрү менен өткөн жылдын ноябрында объектке барганда

Фордо эки негизги туннелден турат деп айтылат. Алардын ичинде уранды байытуу үчүн колдонулуучу центрифугалар жайгашкан. Ошондой эле бул жайда андан майда болгон бир нече туннелдербар.

Объект бир гана көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон тосмо шакеги менен корголгон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жер астындагы комплекске алып барган алты туннел бар.

Тышта чоң кошумча имарат бар жана ал жакынкы жардамчы объектке алып барган жол менен туташкан.

Фордо соккуларга канчалык туруштук бере алат?

Фордо комплекси жайгашкан тереңдик Израилдин аскерлери үчүн өзгөчө татаал маселе жаратат.

Объектиге олуттуу зыян келтирүү үчүн, аны жер астына терең кире алган атайын "бункер-бустер" түрүндөгү бомба менен сокку уруу зарыл.

Израилде мындай курал бар экени айтылат, бирок ал болгону 10 метрден терең эмес буталарды гана жок кыла алат.

Бирок АКШда бул ишти аткара ала турган бомба бар. Ал салмагы 13,6 тонна болгон, багытталып башкарылуучу, жер алдындагы бункерлерге каршы авиациялык бомба. (Massive Ordnance Penetrator (GBU-57A/B, (MOP).

Аскердик чалгын боюнча адистешкен Janes компаниясынын аналитиктеринин айтымында, MOPтун оор корпусу жана салмагы жарылуудан мурун болжол менен 18 метрге чейин бетон катмарын же 61 метрге чейин жер катмарын тешип киришине мүмкүндүк берет.

Бирок MOP бомбасы менен урулган сокку да Фордону толугу менен жок кыла алат деп кепилдик берилбей

Бирок MOP бомбасы менен урулган сокку да Фордону толугу менен жок кыла алат деп кепилдик берилбейт. Анткени бул комплекстеги туннелдер 80–90 метр тереңдикте жайгашкан деп болжолдонууда.

Бул Ирандын Натанздагы уранды байытуу боюнча башка жер астындагы объектисинен алда канча терең. Талдоочулардын айтымында, ал 20 метр тереңдикте жайгашкан. Израил Натанздагы объектиге сокку урду жана эксперттердин айтымында, "ал толугу менен жок кылынбаса дагы катуу жабыркады".

Ирландиянын Коргоо күчтөрүнүн мурдагы башчысы, вице-адмирал Марк Меллетт BBC Verify'ге комментарий берип жатып, Фордо сыяктуу объектти "бункерге каршы бомбалар" менен толугу менен жок кылуу мүмкүнчүлүгү, негизинен, жер алдындагы туннелдер канчалык бекем курулганына жараша болот деди.

"[Иран] бомбанын бул түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн билген болушу мүмкүн. Алар өздөрүн мындай куралдардан коргоо зарыл экенин билишет. Мындан улам Фордо дал ушундай коркунучтарды эске алуу менен курулганбы? деген суроо жаралат",- деди Меллетт.

АКШнын Ирандагы буталарга каршы MOP колдонууга даярданып жатканынын бир белгиси анын B-2 жашыруун бомбалоочу учактарын Диего-Гарсия авиабазасына жайгаштыруу болмок.

Ал Ирандан 3700 чакырым алыстыкта, бирок алар жете ала турган жеринде жайгашкан.

В-2 узундугу 6,2 метр болгон MOP бомбаларын ташууга жөндөмдүү жалгыз америкалык бомбалоочу учак.

Апрель айынын башында Инди океанындагы Диего-Гарсия аралындагы америкалык базада алты B-2 бомбалоочу учак сүрөткө тартылган. Бирок алар ошол жерде калабы же жокпу белгисиз. Анткени спутниктен алынган соңку сүрөттөрдө көрүнгөн эмес.

Спутниктен алынган соңку сүрөттөрдө көрүнгөн эмес

Авиация маршалы, Королдук Аскердик Аба күчтөрүнүн мурдагы башчысынын орун басары Грег Багвелл BBC Verify ' ге берген маегинде АКШ B-2 учактарынын өз аймагындагы базалардан учурганга карагандаДиего-Гарсиядан кыйла натыйжалуу учура аларын айтты.

"Биз сөз кылып жаткан нерсебул узакка созулган операция эмес. Максаттуу жардыруу үчүн болгону бир же эки снаряд жетиштүү болушу мүмкүн",- деп кошумчалады Багвелл.

АКШ бул жаңжалга аралашабы?

АКШ Ирандан Израилге багытталган ракеталарды атып түшүрүүгө жардам берип жатканы менен, азырынча Иранга каршы эч бир түз чабуулга катыша элек.

Бирок BBC Verify жүргүзгөн талдоо көрсөткөндөй, АКШ конфликтте кеңири роль ойноого даярданып жатышы мүмкүн.

Соңку бир нече күн ичинде 30 америкалык аскер учагы АКШдагы базалардан Европага жайгашты.

Алардын көбү KC-135 үлгүсүндөгү май куюучу учактар, алар истребителдерди жана бомбалоочу учактарды май менен камсыз кылуу үчүн колдонулат.

Шейшемби күнү Англиянын Саффолк шаарынын үстүнөн тартылган бул сүрөттө АКШнын төрт истребители KC-135 учагы менен катар учуп бара жатат.

Сүрөттүн булагы, G.LOCKAVIATION

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шейшемби күнү Англиянын Саффолк шаарынын үстүнөн тартылган бул сүрөттө АКШнын төрт истребители KC-135 учагы менен катар учуп бара жатат.

АКШнын бул аракеттери алардын чукул кырдаалдарга арналган аракеттер планын ишке ашыра баштаганын көрсөтүп турат.

Royal United Services Institute аналитикалык борборунун улук эксперти Жастин Бронктун пикиринде, бул жайгаштыруулар АКШ өзгөчө кырдаал учурунда"интенсивдүү согуштук аракеттерди колдоо" үчүн планды ишке ашырууга кирише башташы мүмкүн деген ой жаратат.

Шаршемби күнү Ак үйдө сүйлөп жатып, АКШ президенти Дональд Трамп Америка Израилдин Иранга жасаган чабуулдарына кошулушу мүмкүнбү же жокпу деген маселени алигиче ойлонуп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Тегеранга карата анын сабыры түгөнгөнүн кошумчалады.

"Мен муну кылам, же кылбайм, эмне кылганы жатканымды азырынча эч ким билбейт",- деди ал журналисттерге. (VO)