Британиянын премьер-министри Кир Стармер отставкага кетиши мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, WPA Pool/Getty Images
- Author, Ольга Ившина
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Британиянын премьер-министри Кир Стармер бийликте турган бир жарым жыл ичиндеги эң олуттуу кризиске туш болду. Анын кызматтан чегинүүсүнө бир аз эле калганы айтылууда. Стармердин отставкага кетиши мүмкүндүгүн анын өкмөтүндөгү министрлери да, эң жакын санаалаштары да ачык айта башташты. Лорд Питер Мандельсондун Британиянын АКШдагы элчиси болуп дайындалышы жана анын Жеффри Эпштейн менен байланышы тууралуу ызы-чуу бул кризисти тереңдетип жиберди.
Жекшемби күнү премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси жана анын башкы кеңешчиси Морган Максуини кызматынан чегинди. Ал Питер Мандельсондун АКШдагы элчи болуп дайындалышына алып келген кеңеши үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Максуинини Лейбористтик партиянын стратегиялык программасын иштеп чыгып, шайлоодогу жеңиште маанилүү роль ойногон адам деп билишет. Дүйшөмбү күнү эртең менен премьер-министрдин аппаратынын коммуникациялар боюнча жетекчиси Тим Аллан да кызматтан алынды.
Бул окуялар "премьер-министр кызматында кала алабы же жокпу?" деген талкууларды күчөттү.
Дүйшөмбү күнү Стармер Британиянын премьер-министри бойдон калуу ниетин билдирди. Бирок партиянын ичиндеги басым күчөп жаткандай. Даунинг-стритте партия ичинде бул жаңжалдын саясий кесепети оор жана татаал болору тууралуу талкуу жүрүп жатканын моюнга алышты.
Өткөн аптада Эпштейндин жаңы файлдары жарыяланып, педофилия жана адамдарды соодалоо үчүн соттолгон финансист менен Мандельсондун мамилесине байланыштуу мурда белгисиз фактылар ачыкка чыкты.
"Караңгынын ханзаадасынын" кара иштери

Сүрөттүн булагы, Jordan Pettitt/PA Wire
Көшөгө артында интригаларды ыкмаларды ылгабай уюштура билгени үчүн "Караңгынын ханзаадасы" деген каймана атка ээ болгон Мандельсон 1980-жылдардан бери британ саясатынын көрүнүктүү фигурасы болуп келет. Мандельсон он жылдар бою британ истеблишментинде кеңири байланыштарды түзө алганы айтылат. Ал лейбористтердин да, консерваторлордун да маалында таасирдүү оюнчу болгону айтылат.
Былтыр сентябрь айында Эпштейндин файлдарынын бир бөлүгү жарыяланганда эле, ал жаңжалга кириптер болгонунун биринчи белгилери байкалган.
Электрондук кат алышууларда лорд Мандельсон Эпштейнге карата жашы жете элек кызды сойкулукка тартканы үчүн чыгарылган өкүмдүн адилеттүүлүгүнө шек келтирет. Ошол учурда Мандельсон бул өкүмдү ката деп атап, кайра каралышы керек деген пикирин айткан. Азыр болсо Мандельсон бул сөздөрүн танып, Эпштейнди анда дос катары гана колдогонун айтып жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле 2003-жылы финансисттин достору белек кылган альбомдо Мандельсон Эпштейнди өзүнүн "эң жакын досу" деп атаганы да белгилүү болду.
Мындан кийин Мандельсон Улуу Британиянын АКШдагы элчиси кызматынан алынган. Бирок убакыт өтүп, бул жаңжалдын башталышы гана экени анык болуп калды.
Январдын аягында жарыяланган Эпштейндин жаңы файлдарында 2003–2004-жылдар аралыгында Эпштейн Мандельсонго жалпысынан 75 миң доллар (болжол менен 55 миң фунт стерлинг) которгону айтылат. Мандельсон өзү бул акча которууларын эстей албай жатканын жана каражат алганы тууралуу эч бир жазмалары сакталбай калганын айтып жатат.
Reuters агенттигинин журналисттери жаңы файлдарды изилдеп чыгып, 2009-жылы Мандельсон Эпштейнге Британиянын ошол кездеги премьер-министри Гордон Браун үчүн даярдалган кызматтык катты жөнөткөнүн аныкташкан. Ал жазмада Британиядагы активдерди сатуу мүмкүнчүлүгү жана салык өзгөрүүлөрү жөнүндө сөз болот. Ал эми 2010-жылы Мандельсон Эпштейнди Европа биримдигинен 500 миллиард евро (590 миллиард доллар) өлчөмүндөгү каржылык жардам тууралуу алдын ала кабардар кылган.

Сүрөттүн булагы, US Department of Justice
Guardian жана Irish Times басылмалары ачыкка чыккан миллиондогон документтердин арасынан Мандельсон менен Эпштейндин сексуалдык мүнөздөгү тамашаларына толгон кат алышууларын табышкан. Басылмалар Эпштейн соттолгондон кийин да алардын ортосундагы ушундай "досчул" маанайдагы мамиле сакталганын аныкташкан.
Экөөнүн катттарында күнүмдүк маселелер адепсиз сөздөр жана БДСМ (жыныстык спектрдин бир түрү) тууралуу сөздөр менен коштолуп, андан кийин кат алышылуурында пайдалуу бизнес жолугушуулары жана келишимдери талкуулоого өтчү. Guardian белгилегендей, Эпштейн көп учурда Мандельсондун "жардамчысы" катары роль ойноп, ага мүмкүнчүлүктөрдү жана каржыны табуусуна көмөктөшчү.
Жарыяланган жаңы сүрөттөрдүн арасында Питер Мандельсон ич кийимчен, жүзү жабылган ак халатчан аялдын жанында турган фотосу да бар.
Бул документтердин жарыяланышы Мандельсондун Лейбористтик партиядан жана Лорддор палатасынан кетишине, ошондой эле ага карата кылмыш ишинин козголушуна алып келди. Бирок эми суроолор премьер-министрге бериле баштады. Стармер Эпштейн менен болгон байланышын билип туруп, Мандельсондун АКШдагы өтө маанилүү элчилик кызматка дайындалышына кантип макулдук берген?
Ким Стармер жана "саясий жан тартуу"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңжал башталгандан көп өтпөй премьер-министр Кир Стармер "Эгер мен азыр билген нерселерди анда билсем, Мандельсонду дайындамак эмесмин",- деген эле. Бирок кийинчерээк абал анчалык бир беткей эмес экени белгилүү болду.
Жамааттар палатасында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Стармер элчи кызматка дайындоонун алдындагы милдеттүү текшерүү Мандельсондун Эпштейн менен байланышы кийин деле уланып жатканын көрсөткөнүн мойнуна алды. Премьер-министр андан кийин Мандельсондон айрым суроолорго жазуу түрүндө жооп берүүнү суранган. Мандельсонго ал Эпштейндин үйүндө өкүм чыккандан кийин түнөгөнбү, Эпштейндин кайрымдуулук уюму менен байланышта болгонбу, жана эмне үчүн соттолгондон кийин да финансист менен байланышта болууну чечкен өңдүү суроолор берилген. Ачык булактарга таяна турган болсок, Мандельсондун бул суроолорго берген жооптору жалган болушу мүмкүн.
Economist журналы Мандельсон жеке тааныштыгы үчүн жана ал мүчө болгон партиянын канатынын колдоосу менен ал кызматка дайындалганын жазат. Мандельсон Стармердин эң таасирдүү кеңешчиси Морган Максуиниге жакын болгон. Кыязы, дал ушул Максуини Мандельсондун Вашингтондо жогорку кызматка келишине өбөлгө болгон.
Economist белгилегендей, Стармер өзү Мандельсон менен анча деле жакын дос болгон эмес. Вашингтонго дайындалганга чейин Мандельсон ага кээде гана кулуарларда кеңеш берчү жана бир жолу подкастта сүйлөп жатып ал Стармер ашыкча салмак кошуп алганы тууралуу да айтканы бар. "Премьер-министрдин жакын достору жок, бирок ошого карабай ал патронажчылыкка кабылды", - дейт Economist.
Бийликтеги үч жылы көптөгөн ызы-чуу жана башаламан чечимдери менен коштолгон Борис Жонсондун эксцентрик премьерлигинен кийин, Стармер өзүн жоош, ырааттуу жана натыйжага багытталган премьер катары көрсөтүүгө аракет кылды. Лорд Мандельсон дагы ошол прагматикалык команданын бир бөлүгү болушу керек эле.

Сүрөттүн булагы, tfl.org
Көптөгөн таасирдүү лейборист саясатчылар Стармерди карапайым, ар дайым эле эки-үч кадам алдыны ойлой албаган адам катары сыпатташат. Лейбористтик партиянын кайра жаралышын баяндаган "Get I" аттуу китебинде Стармердин кеңешчилери анын дарегине бир нече жолу кемсинткен пикирлерди айткан.
"Кир поездди башкарып жаткан жок. Ал өзү поездди башкарып жатам деп ойлойт, бирок биз аны DLRдин кабинасына отургузуп койгонбуз", - деп айткан Стармердин бир санаалашы жашыруун шартта ал китепин авторлоруна .
Эпштейндин файлдары Британиянын саясий системасын гана эмес, королдук үй-бүлөнү да солкулдатты. Падыша Карлдын иниси Эндрю анын Эпштейн менен болгон байланыштары үчүн бардык наамдарынан, анын ичинде Йорк герцогу деген титулунан ажырап, Виндзордогу "Королдук ложа" аттуу резиденциясын да шашылыш бошотууга мажбур болду.
Стармердин ордуна ким келишим мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Wiktor Szymanowicz/Future Publishing via Getty Images
Эгер Кир Стармер кызматтан кетсе, анын ордун ким басышы мүмкүн? Бул көп жагынан парламенттеги жашыруун саясий оюндарга байланыштуу болот. Бирок букмекерлердин пикиринде, негизги фаворит - Анжела Рейнер.
2025-жылдын сентябрына чейин Рейнер ошол эле Стармердин өкмөтүндө вице-премьер жана турак жай саясаты боюнча министр болуп иштеген. Бирок экинчи батир сатып алууда аз салык төлөгөнү тууралуу ызы-чуудан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Беделине кедергисин берген бул окуяга карабай, букмекерлер Рейнерди фаворит деп эсептешип, анын бийликке келүү мүмкүнчүлүгүн 30% деп баалашууда.
Андан кийинки эле тарапкер катары Эд Милибэнддин ысымы аталууда. Ал учурдагы энергетикалык коопсуздук министри, мурда Лейбористтик партияны жетектечү. 2010–2015-жылдары оппозиция лидери болгондуктан, анын аты премьердин алмашуусу тууралуу сөз болгондо дайыма аталат. Милибэнд үчүн мурда ал Мандельсонго оппозициянын көмүскө кабинетинде министрлик кызмат берүүдөн баш тартканы пайда болуп бериши мүмкүн. Ошондуктан аны "Караңгылыктын ханзаадасынын" таасирине алдырбаган аз саясатчылардын бири деп да аташат. Букмекерлер Милибэнддин премьер болуу мүмкүнчүлүгүн 14% деп баалап жатышат.
Ал эми учүнчү орунда - Саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо министри Уэс Стритинг. Партия ичинде ал лидерликке умтулган күчтүү "технократ" катары кабылданат.

Сүрөттүн булагы, Christopher Furlong/Getty Images
Премьерликке талапкерлер арасында күтүүсүз вариант бар. Бир катар отставкалардан кийин премьерлик креслого лейборист эмес, Reform UK партиясынан депутат Найджел Фараж келиши да мүмкүн. Ал Британиядагы оңчул популисттик флангдын негизги фигураларынын бири. Кескин саясий өзгөрүүлөрдө ал премьерликке талапкер катары көп талкууланат. Бирок мындай сценарийдин ыктымалдыгы төмөн, букмекерлер анын талапкерлигин болгону 7% деп баалашат.
Кир Стармер бул узакка созулуп кеткен ызы-чуудан аман чыгып, кызматында калса дагы, Мандельсон менен болгон окуя лейбористтердин саясий аброюна олуттуу зыян келтирди.
Стармер өзү бир нече жолу "саясатка болгон ишенимди калыбына келтирүү биздин доордун башкы сыноосу" деп айтканы бар. Соңку апталардагы окуялар лейбористтер мындай сыноодон өздөрү да кыйынчылык менен өтүп жатканын көрсөтүп жатат. Алар консерватор-премьерлерди сындап, Британияны күмөндүү кадрдык чечимдерден, жабык аппараттык маданият жана "эрежелер жетишишинче бай жана таасирдүү эместерге гана иштейт" деген түшүнүктөн арылтабыз деп келишкен. Бирок лорд Мандельсон менен болгон ызы-чуу элитанын эски адаттары али да күчүндө экенин көрсөттү.
Ал арада журналисттер Эпштейндин жарыяланган ири файлдарын изилдөөнү улантып жатышат. Ал жерден жаңы документтер жана кат алышуулар табылып, дагы жаңы суроолорду жана ызы-чууларды жаратышы мүмкүн. Өкмөт үчүн шайлоочуларга өлкөгө чындап эле убада кылынган тынчтыкты, туруктуу өсүштү жана бийликтеги саясатчылардын татыктуу жүрүм-турумун алып келдик деп ишендирүү барган сайын кыйын болуп барат.































