"Шахмат оюнунда пешка болдум". Путиндин киллерине алмашылган өспүрүм

Кевин Лик

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрмөдөн бошоп чыккандан кийин Кевин Лик ооруканага жатып, дарыгерлердин бир сыйра текшерүүсүнөн өттү

Сергей Горашко, Би-Би-Си Орус кызматы

Россия 1-августта туткундарды алмашып, 16 адамды түрмөдөн бошоткондо алардын арасында Кевин Лик да болду. Ал өткөн жылы мектепте окуп жатканда камалып, азыркы Россиянын тарыхында мамлекетке чыккынчылык үчүн соттолгон эң жаш адам болуп калды.

Кутулуп чыккандан кийин ал өзү жасабаган кылмышты кыйнап моюнга алдырышканын, камерада чогуу отургандар токмоктогонун, акыр түбү чоң оюнда майда тыйындай садага чабылганын айтып берди.

28-июлда 19 жаштагы Кевин Лик Россиянын эң четки түндүк-батышындагы Архангелскинин жанындагы №14 түрмөнүн башкы кеңсесинде отурду. Ал колуна тиш жууган щетка менен пастаны кармап, алдыда эмне болору жөнүндө оюнда эчтеке да жок эле.

«Мени кайда алпарарыңарды айтып койгулачы», — деди ал колониянын начальнигине. «Мени атууга алып барасыңарбы?».

«Коркпо, баары жакшы болот», — деген жооп укту.

«Ушундай эле сөздү мага ФСБнын кызматкери да айткан эле»,-дейт Кевин биз видеобайланыш менен сүйлөшкөндө. Аны түрмөгө камардан мурда дагы жашыруун полиция аны так ушул сөздөр менен жоошуткан эле.

Кевиндин бою 1,9 метр, салмагы 70 кг. "Мен колониядан кыйла арыктап кеттим", -дейт ал уялыңкы.

Анын кош жарандыгы бар, ошон үчүн мен аны өзүн көбүрөөк орус деп эсептейби же немиспи деп сурадым.

«Бул татаал суроо»,-дейт.

Түрмөгө түшөрдөн мурун Кевин токой талааларды аралап, ар кандай өсүмдүктөрдү чогултуп изилдегенди жакшы көрчү.

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрмөгө түшөрдөн мурун Кевин токой менен талааларды аралап, ар кандай өсүмдүктөрдү чогултуп изилдегенди жакшы көрчү.

Ал Германиянын батышындагы чакан шаар Монтабаурда 2005-жылы төрөлгөн. Анын орус улутундагы апасы Виктория Германиянын жаранына турмушка чыгып, бирок оту күйүшпөй, уулу төрөлгөндө ажырашып кетишкен.

Алар Россияга ар жылы жайында келип турушчу, кийин апасы биротоло кайтып келүүнү чечкен. Ал Түндүк Кавказдагы өзүнүн туулган шаары Майкоп менен туугандарын сагынып жүрчү. 2017-жылы Кевин 12 жашка толгондо алар бул жакка көчүп келишти.

Алар шаар четиндеги терезеси тоо менен аскер базасын караган батирде жашап калышты. Кевин айыл жеринде сейилдеп ойноп, ар түркүн өсүмдүктөрдү гербарий кылып жыйнаганды жакшы көрчү. Китеп окуу анын эң сүйгөн эрмеги эле, китепке акча аячу эмес. Окууга дагы дилгир болду, улуттук жана жергиликтүү сынактарда көп эле сыйлык алды.

Кевин немис тилинен жана биология, тарых боюнча олимпиадаларды жеңүүчү болгон.

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кевин немис тилинен жана биология, тарых боюнча олимпиадаларды жеңүүчү болгон.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кевин орус саясатына 2018-жылы президенттик шайлоонун убагынан тарта кызыга баштады. Апасы мамлекеттик мекемеде медицина кызматкери болуп иштеп жаткан.

Ал үйгө келгенде автобус менен шайлоо участкаларын кыдырып, шайлоочуларды Путинге добуш берүүгө чакырып үгүт кылып келишкенин, антпесе сыйлыкты кесип саларын айтып берчү.

Ал 12 гана жашта болчу, бирок баарын түшүнчү. «Россияда демократия дээрлик жокко эсе»,-дейт.

Кевин ар бир класста Путиндин портрети илинип турганын туура эмес көрчү.

«Алар мектеп саясат кыла турган жер эмес деп дайыма айтышчу».

«Портреттерди илип бир адамга сыйынуу туура эмес да»,-дейт ал.

Ошондуктан бир жылдан кийин ал Путиндин портретин оппозициянын лидери Алексей Навальныйдын портретине алмаштырып коет.

Бул инциденттен чоң жаңжал чыгып кетти.

«Бир мугалим келип, Сталиндин заманында мени атып салышмак деп айтты».

Бирок башка мугалим Кевинге анын көз карашына макул экенин билдирип, бирок сак болууга чакырган.

Ал эми апасын мектепке чакыртып, кыйкырып тилдеп туруп кое беришти. Директордун орун басары болсо Кевинге эми бир ушундай иш кылса, түрмөгө түшөрүн эскертти.

Би-Би-Си бул мектептин ой-пикирин сурап кайрылды, бирок жооп ала албады.

Кевин (оңдон экинчи) 2022-жылы вице-премьер Дмитрий Чернышов менен жолуккан алдыңкы студенттердин арасында

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кевин (оңдон экинчи) 2022-жылы вице-премьер Дмитрий Чернышов менен жолуккан алдыңкы студенттердин арасында

Пицца бар, бирок колдо кишен жок

Кевин мектепте акыркы жылын окуп жатканда апасы Виктория кайра Германияга кайтууну чечти, ал уулу дарыгердин окуусун окуганы Москвага кетет деп кабатыр болду.

Ал учурда Россия Украина менен согушуп жаткан, башка курбалдаштары сыяктуу эле Кевин дагы армияга чакырылчулардын тизмесине илинди. Мыйзам боюнча эгер ал өлкөдөн биротоло кете турган болсо, тизмеден чийилмек.

Ошондуктан военкомат Викторияны Кевиндин документтерин тууралаганга чакырды. 2013-жылы 9-февралда барган учурда полиция аны эл көзүнчө каратып туруп тилдеп айыптады. Кийинки күнү аны он күнгө камакка алып, кетирбей турган кылышты.

Кевин жалгыз калып, мектепке да барбай калды, үйдөн чыкпай отурду. Бир жолу үйдөн бир жакка бир нече саатка чыгып келгенден кийин «оокат буюмдар башкача коюлуп" калганын байкады.

ФСБ кызматкерлери Кевин менен анын апасын Сочинин жанында микроавтобуска салып жаткан учур

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФСБ кызматкерлери Кевин менен анын апасын Сочинин жанында микроавтобуска салып жаткан учур

Виктория бошоп чыккандан кийин алар Сочи аркылуу Германияга кетүүгө аракет кылышты, бул жакта эл аралык аба майданы бар эле. Мейманканага барып жайгашып, тамактанып алууга чыккан учурда Кевин аны медициналык беткап кийин, капюшону бар жеңил куртка кийип жүргөн бирөө телефонго тартып жатканын байкайт.

Бир нече секунддан кийин, анын айтымында, микроавтобус жетип келди. «Андан ФСБнын сегизби, тогузбу кызматкери чыкты. Бирөө менин колумдан, ийнимен кармады. Экинчиси келип, күбөлүгүн көрсөтүп: «Сага каршы 285-берене, мекенге чыккынчылык боюнча кылмыш иш козголду»,-деп айтты.

«Мен коркконуман көзүм алайып кетти. Апам эчтеке түшүнбөдү».

Аларды микроавтобуска салып: «силер менен Майкоптон сүйлөшөт» деп айтышат. Мейманканадан жүктөрүн алып, номуру жок башка машинага отуруп пиццерияга келишет.

«Алар пицца заказ берип, бизге да беришти. Мага колума кишен салышкан жок. «Мен болсо ойлонуп отурдум, качан мекенге чыккынчылык кылганымды түшүнө албай жаттым».

Ал түрмөгө отурарын сураганда ФСБ кызматкерлери «Коркпо, баары жакшы болот» деп көңүл жубатышты.

Кевин 2019-жылы Кремлдин тапшырмасы боюнча Берлиндин паркында адам өлтүргөнү үчүн өмүр бою түрмөгө кесилген ФСБнын мурдагы кызматкери Вадим Красиков жөнүндө уккан жайы бар эле. Ошондо Россия аны – Германиянын жаранын Красиковго алмаштырууну пландаган жокпу деген ой башына кетпей койбоду.

«Бул шахмат оюну, акыйкаттык эмес»

Майкопко түн ортосунда келишти. Ал мага ФСБнын кызматкерлери үйдү тинтип жатканда тарткан видеокадрларды көрсөттү. Алар Кевиндин окуу китебин аңтарып теңтерип жатканда бузулган телескопту табышкан экен, аны кайсы бир учурда апасына туулган күнүнө белек кылышкан.

Кевин аны менен жылдыздарды карап байкоо салчу, бирок бийлик адамдары аны терезеден көрүнүп турган аскердик паркты сүрөткө тартып, немистердин чалгынчысына жиберип жүргөн деп шектеништи. Анын телефонун жана ноутбугун алып кетип текшерип, андан базанын сүрөттөрүн табышкан.

ФСБ кызматкерлери Кевиндин үйүн тинтүүгө алган учурун видеого тартып, аны Интернетке чыгарышты. Кевин отурат, жанында турган апасы.

Сүрөттүн булагы, FSB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФСБ кызматкерлери Кевиндин үйүн тинтүүгө алган учурун видеого тартып, аны Интернетке чыгарышты. Кевин отурат, жанында турган апасы.

Кевин фото сүрөттөрдү тартканын моюнга алууда, бирок аны кимдир бирөөгө берейин деген ою болгон эместигин айтат.

Ал сүрөттөрдү өзүнүн кээ бир классташтарына көрсөткөн, бирок алардын ичинен кимдир-бирөөсү ФСБга айтып коет деген ой такыр башына келген эмес. Мектепке жаңы барганда аны бир топко чейин немис деп кодулашкан эле.

Түнкү саат үчтө Кевинди ФСБнын кеңсесине суракка алып барышты. Ал коркуп жатты. Он жети эле жашта болгондуктан, апасы кошо барды.

Ал жакта отурган учурда столдон биринчи советтик жашыруун полициянын жетекчиси Дзержинскийдин бюстун көрдү.

Кевиндин айтымында, ага берилген адвокат аны дароо эле кылмышты моюнга алып, жаза мөөнөтүн он жыл ордуна алты же жетиге кыскартуу керек деп сунуш берди.

Биз менен болгон сөз ортосунда Кевин Россиянын кылмыш кодексинин беренелерин атап, юридикалык терминдерди келтирип, аны ак жеринен айыпташканын, бул туюктан кантип чыгууну билбегенин айтып отурду.

ФСБ Кевиндин үйүнөн алынган телескоп менен турнабайды далил катары тартып көрсөткөн

Сүрөттүн булагы, FSB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФСБ Кевиндин үйүнөн алынган телескоп менен турнабайды далил катары тартып көрсөткөн

«Кырдаалга баш ийбесем, аман калбайм»

Эки айдан кийин 18 жашка толгондо аны Краснодардын четиндеги башка түрмөгө которушту. Бул жактан дагы көрбөгөндү көрдү.

«Мен кырдаалга баш ийбесем, аман калбайм деген жыйынтыкка келдим»,-деп орус жазуучусу Федор Достоевскийдин жазганын мисал келтирет.

175 жыл мурда түрмөгө түшүп чыккандан кийин атактуу жазуучу «Адам — баарына көнө турган пенде» деп жазган эле.

Орустардын түрмөсүндө алдуусу алсызды баса калмай кадыресе көрүнүш, Кевин дагы зөөкүрлөрдөн далай токмок жеди.

«Менин колумду байлап туруп токмоктошту, сигаретти денеме күйгүзүп өчүрүштү. Мени көкүрөккө ушунчалык катуу согушту, дем ала албай калып жаттым».

Кевиндин Москвага барган учурда мугалимине берген суроосу кайра анын өз башына айгак далил катары колдонулду

Сүрөттүн булагы, Lik family

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кевиндин Москвага барган учурда мугалимине берген суроосу кайра анын өз башына айгак далил болуп колдонулду

Ошол убакта анын кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатты. Мектептин директору Кевинди коргоп чыкты, ал эми класс жетекчиси каршы көрсөтмө берди. Ал Кевин Москвага олимпиадага барганда Германиянын чалгынчыларына жолугушу үчүн элчиликке баргысы келгенин айтыптыр.

Кевин ошол учурда 16 жашка толгондуктан Германиянын күбөлүгүн алышы керек болгон экен.

Коргоо министрлигинин эксперти Кевин тарткан сүрөттөрдү изилдеп чыгып, алар мамлекеттик сыр болуп саналат, эгер чет өлкөлүктөрдүн колуна тийсе Россияга зыяны тиет деп тыянак чыгарды.

ФСБнын тергөө материалдарында анын бала кезинде эки жашта экенде Россияга келген учурлары тууралуу да маалыматтар бар. Анын телефону 2021-жылдан бери тыңшоого алынганын кийин билди.

Сегиз айдан кийин соттук териштирүү башталганда биринчи караган судья ак-караны ажыратыш үчүн толтура жыйын өткөрдү. Бирок аны ФСБнын талабы боюнча четтетип коюшту. Жаңы судья 2023-жылы ишти эки жолу карамыш этип туруп, өкүм чыгарды.

ФСБ тарткан кадрларда Кевиндин батиринин терезесинен жакын жердеги аскердик база көрүнүп турат.

Сүрөттүн булагы, FSB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФСБ тарткан кадрларда Кевиндин батиринин терезесинен жакын жердеги аскердик база көрүнүп турат.

Соттун пресс-релизинде Кевин Майкоптогу россиялык аскер базасын турган жерине «визуалдык байкоо салып, сүрөткө тартып жүргөнүн, ал сүрөттөрдүн электрондук почта аркылуу «чет мамлекеттин өкүлүнө» жиберип турганы, Россиянын саясий курсуна жана Украинадагы аскердик операцияга каршы болуп келгени айтылат.

Кевин сотто бул айыптоолордун баарын четке какты, бирок анын апелляциялык арызын кабыл албай, төрт жылга катуу режимдеги колонияга өкүм кылышты.

«Прокурор менин апама басып келип мындай деди: «Сенин балаң жакшы, бирок бул айыптоо боюнча төрт жылдан аз беришке мүмкүн эмес».

Майкопто камалгандан кийин анын апасынан башка тааныштары байланышкан эмес. Бирок ЖМКда кабар чыккандан кийин ага тааныш эместерден кат келе баштады.

«Каттар мага абдан жардам берди»,-дейт ал. «Мен туулган күнүмө 60 открытка алдым. Мен алардын ар бирине жооп жазайын дедим, бирок каттар менен открыткалардын баарын алып коюшту.

Кутулуп чыгууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр түгөнгөндө Кевинди Архангелскидеги түрмөгө которушту. Башка түрмөлөр аркылуу жеткиче бир айга жакын убакыт кетти. Ошондогу эң оор учур – ал апасы менен байланышып сүйлөшө албаганы болду.

Кевин Ликтин окуясы

Колонияда ал он чакты адам менен бир бөлмөдө отурду, бош убактысынын баарын китеп окуу менен өткөрдү.

Бир күнү, 23-июлда өзгөчө бөлүмдүн башчысы аны чакырып, президентке тезинен кечирим сурап арыз жаз деп 20 мүнөт убакыт берип калды. Ошондо аны алып кеткени колонияга бирөө келгенин сезди.

Беш күндөн кийин Кевин ашканадан чыгып келатканда түрмөнүн башчысы ага тиш жуугуч щеткасын, пастасын жана тапочкасын алып кайра келүүнү буйурду. «Адатта бул буюмдарды карцерге отургузуп жатканда кошо алчубуз»,-дейт Кевин.

Бирок андай болгон жок. Башкы офиске алпарып камап коюшту. Дүйшөмбүдө 01:00 дө Архангелскиден конвой келип, аны алып кетти.

Эмне болуп атканын ага айтышкан да жок. Кевин аны алмашып жиберишет деп үмүттөндү, бирок жаман ойлор да башына келди.

«Мени атканга алып кетип атабы деп дагы корктум».

Кевинди Москвага жеткирип, Лефортово түрмөсүнө алпарышты. Көрсө, бул жакта алмашууга кете турган абактагы адамдар бар экен. Кевин бул тууралуу билген эмес, бирок эмнегедир үмүт өсө баштады.

Бейшембиде 1-августта аны башкалар менен кошо автобуска салып, Внуково аба майданына алпарып, Түркияга учуп аткан учакка отургузушту.

Алмашууга кетип жатканын анын өзүнө эчтеке деп айтышкан жок. Бирок киллер Вадим Красиков аны менен алмашууга келерин Кевин дайыма божомолдочу.

Кевин Германияга келип, ооруканада кароодон өтүп, акыры Россиядан учуп келген апасын аба майдандан гүл менен тосуп алды.

"Ал ыйлап атты, гүлдү да байкаган жок. Мен баары жакшы, эми баары артта калды, аны жакшы көрөм деп кучактап айттып жаттым ", - дейт Кевин.

Азыр алар Германияда жашоодо, Кевин мектепти чоң пландар менен бүтүп жатат. «Мен эч кимден өч алгым келбейт, бирок оппозициялык ишке катышууну аябай каалап жатам»,-дейт.

Кевиндин үйүндө бурчта илинген сумканда ал түрмөдө кийген униформа дагы эле жүрөт. Мен аны кийип жүргөндөгү эң чоң тилеги эмне болгонун сурадым: «Албетте, апамды кучактагым келди»,-дейт Кевин. (КС)